Музыковед З. Нурбаев - 70

08 октябрь 2019
13-сентябрда Композиторлор союзунун мүчөсү, кыргыз телекөрсөтүүсүнүн мыктысы, музыковед Зулунбек Нурбаев 70 жашка чыкты.
1977-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун музыка теориясы факультетин аяктап, музыковеддик дипломун алгандан бери бир жерден агарып-көгөрүп – кыргыз телевидениесинде кызмат кылып келет.
“Музыкалык жолугушуу”, “Мурас”, “Жан дүйнө”, “Залкарлар”, Музыка дүйнөсүндө”, “Токтогул жана музыка”, “Айтматов жана музыка”, “Музыка мейкини ж.б. ондогон телекөрсөтүүлөрдүн автору жана алып баруучусу. Жарым кылымга жакын убактан бери кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгын пропагандалоодо жигердүү эмгектенип келе жатат.
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу Зулунбек Жолдошевич Нурбаевди 70 жаш кутман курагы менен кызуу куттуктайт!
скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019