80 жылдыкка концерттер

22 октябрь 2019
Урматтуу музыка күйөрмандары!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган төмөнкү концерттерге чакырабыз.
28-октябрда саат 17-00 дө Улуттук филармониянын кичи залында кыргыз композиторлорунун камералык чыгармаларын Чүй камералык оркестри ойнойт. Кирүү акысыз.

30-октябрда саат 18-00 дө Улуттук филармониянын Чоң залында кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган концерт
К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин жана солисттеринин аткаруусунда. Билет менен - баасы 200 сом.


11-ноябрда саат 11-00 дө Композиторлор сюзунун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кече.
А. Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин, хор жана солисттердин катышуусу менен чоң концерт. Кирүү акысыз.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019