"Махабатка кезигүү" - романстар кечеси

03 февраль 2020
Кечээ 2-февралда опера-балет театрынын малахит залында “Махабатка кезигүү” аттуу романстар кечеси өттү. Бул кече композитор Сатылган Осмонов менен акын Жакшылыковдун чыгармачылык тандеминен жаралган романстар түрмөгүнүн жаралып, китеп болуп чыгып жана да концерт түрүнө өткөндүгүнүн 10 жылдыгына арналды. Бул концерт өткөн жылдын декабрь айына пландалып жатып, ушу күнгө жылып келди. Концертте опера-балет театрынын солисттери: КР эл артисти Сталбек Алмасбеков, КР эмгек сиңирген артисти Гүлнур Ниязбаева, опера ырчысы Бактыгүл Бокоева, Италиядан билимин өркүндөтүп келген мыкты баритон үндүү ырчыбыз Орозбек Бакытов,  Москвадагы “Восходящая звезда Кремля” конкурсунун лауреаты, мыкты тенор Талант Токомбаев жана таланттуу ырчыларыбыз Айзирек Момунова,  Нурчолпон, Тынчтык Байдылдаев, Адис Ординатовдор катышып, концерт жакшы деңгээлде өттү. Өткөн жылы 70 жашка толгон Кыргыз эл жазуучусу, акын Асан Жакшылыковду жана КР эл артисти наамын алган композитор Сатылган Осмоновду көрөрмандар кызуу куттукташты.
скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019