Балдар үчүн мыкты ырлардын конкурсу

30 сентябрь 2020
Урматтуу композиторлор жана обончулар, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын 21-февралындагы №93 “Балдар үчүн мыкты обондордун Республикалык кароо-сынагын өткөрүү” жөнүндө буйругу  COVID-19 пандемиясына байланыштуу өз убагында өткөрүлбөй калгандыктан, аталган буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кароо-сынак кайрадан жарыяланды.



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  МАДАНИЯТ МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТИРЛИГИ
МИНИСТЕРСТВО КУЛЬТУРЫ ИНФОРМАЦИИ И ТУРИЗМА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
 



                                                         БУЙРУК


25-сентябрь № 327                                                                                    Бишкек ш.

Балдар үчүн мыкты обондордун Республикалык кароо-сынагын жогорку деңгээлде  өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын 21-февралындагы №93 “Балдар үчүн мыкты обондордун Республикалык кароо-сынагын өткөрүү” жөнүндө буйругу  COVID-19 пандемиясына байланыштуу өз убагында өткөрүлбөй калгандыктан, аталган буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү менен буйрук кылам:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы”  жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу менен биргеликте өткөрүлүп жаткан “Балдар үчүн мыкты обондордун” Республикалык кароо-сынагын өткөрүү мөөнөтү 2020-жылдын 20-ноябрына чейин узартылсын жана  25-ноябрга  чейин жыйынтыгы чыгарылсын.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи жана гала-концерт   16-декабрь күнү П. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде (Г. Суранчиева) өткөрүлсүн.
Кароо-сынагынын жобосу №1, сметасы №2 тиркемелерге ылайык  бекитилсин.
Улуттук маданий борбор кароо-сынакты өткөрүү жана уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү мамлекеттик сатып алуу иштерин жүргүзсүн.
Финансы жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгы                           (Н. Жолдошов) сметада көрсөтүлгөн акча каражатын Улуттук маданий борборго  (Ж.Курмангалиев) которуп берсин.
Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти                           (С. Сарногоева) жана министрликтин пресс-катчылыгы (А. Асанбаева)   кароо-сынактын жобосун жана ал  тууралуу маалыматты, массалык маалымат каражаттарына  кайрадан чагылдырсын.
 7. Уюштуруу иштери, коомчулук менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү буйрукту тиешелүү мекемеге жана жетекчилерге  жеткирсин.
8. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү министрдин орун басары                   К. Иманалиевге жүктөлсүн.
         Министр                                                                А.К.  Жаманкулов

Балдар үчүн мыкты обондордун республикалык конкурсунун жобосу
I. Конкурстун максаттары
1. Президент жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо” жылынын алкагында балдар үчүн тарбиялык мааниси урунттуу чыгармаларды жаратуу. Бала бакчалардын, музыкалык жана орто мектептердин музыкага тарбиялоо багытында репертуарын байытуу.
2. Конкурс эки номинация менен өтөт. Биринчи – жеке аткаруудагы ыр же хор менен Мекенди, элди, жерди даңктоо; экинчиси – унутта калып бара жаткан улуттук балдар оюндарын ыр, хор аркалуу жандандырууну көздөө (мисалы: жашынмак, ак чөлмөк, ак терек-көк терек, топ-таш, жоолук таштамай, селкинчек ж.б. региондордогу унутта калып кеткен оюндарды обондуу ырлар аркалуу чагылдыруу)
3. Композиторлордун, обончулардын балдар үчүн чыгармаларды жаратуусун стимулдаштыруу;
4. Заманбап композитордук ыкмаларды колдонуу менен балдарды уга жана түшүнө билүүгө тарбиялоо.
II. Конкурстун катышуучулары жана өткөрүүнүн шарттары
  • Чыгармаларын көрсөткөн композиторлор, обончулар жана акындар катышуучу болуп эсептелет;
  • Жеке ырчынын же хордун аткаруусунда жазылып, CD дискке МР 3 форматында тапшырылат. Кошумча үч экземпляр клавир же партитура түрүндө берилет.
  • Чыгарманын ноталары жана диски конвертке салынып, девиз (жашыруун ат) менен тапшырылат.
  • Конкурс тууралуу маалымат катышуучуларга 1 айдан кем эмес мөөнөттө жеткирилет. Конкурска катышкан чыгармалардын саны 3 төн ашпаш керек.
  • Конкурстун жыйынтыгы март айынын акырына чейин чыгарылат.

III. Конкурстун номинациялары
  • Атуулдук ырлар жана хорлор
  • Оюн ырлары же хорлору
IY. Чыгармаларды баалоонун критерийлери
  • Текст менен музыканын дал келиши.
  • Музыкалык тилдеги оригиналдуулук.
  • Музыкалык формалардын даана,так сакталышы.
Чыгармаларды көрсөтүүдө аткарылышынын дэңгээли чыгармага кошумча упай алып келет.
Y. Калыстар тобу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо
1. Калыстар тобу 3 же 5 жогорку музыкалык билими бар адистерден куралат.
    Калыстар тобунун чечими кынтыксыз деп табылып, кайра каралбайт.
2. Конкурстун жеңүүчүлөрү атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.
3. Демөөрчүлөр чыгып калса, алардын сыйлыгы кошумча сыйлык катары кабыл алынат.
4. Байгенин 25% ти сөздүн авторуна (акынга) ыйгарылат.
5. Жаратмандардын (авторлордун) конкурсу болгондуктан, аткаруучуларга калем акы каралбайт.
YI. Уюштуруу жана финансы маселеси
Финансылык баардык чыгымдар маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан көтөрүлөт.
Уюштуруучулар:
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу.

Конкурска келип түшкөн материалдар төмөнкү даректе кабыл алынат:
Бишкеке ш. Раззаков к-сү 50, КР Композиторлор союзу. Тел. 66-43-04, 0773 71-23-15
Эл. почта: kompozitory@mail.ru
Интернет сайт:  http://kompozitor.kgскачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019