Композитор Жумашбай Касымбеков арабыздан кетти...

18 март 2021
Бүгүн 18-мартта кесиптешибиз Касымбеков Жумашбай Орозалиевичтен айрылдык. Дүйнөнү каптаган күнүтүшкүр оорудан арабыздан кете берди. Жакында, 12-апрелде 70 жылдыгын белгилөөнү көздөп жаттык эле. Айла жок, арман дүйнө...
Касымбеков Жумашбай Орозалиевич 1987-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү.                                                    
М. Абдраев атындагы  сыйлыктын лауреаты ( 2017).
1951-жылы 12- апрелде  Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң  айылында туулган.
1968-жылы  Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык училищага “Хор дирижеру” адистиги боюнча тапшырат.
1975-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна композитордук бөлүмүндө алгач Кыргыз ССРинин эл артисти, профессор Мукаш Абдраевден окуп, М. Абдраевдин көзү өтүп кеткен соң Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Таштан Эрматовдон, 1979-жылдан тарта СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдон композициядан, инструментовкадан таалим алган.
1980-1990-жылдары М. Күренкеев атындагы музыкалык училищеде мугалим, 1990-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун жооптуу катчысы, 1996-2000-жылдары К. Карасаев атындагы гуманитардык университеттин маданият борборунда директор болуп эмгектенген.
Негизги чыгармалары:
Бир актылуу опера – “Алыкулдун махабаты”
            “Симфониялык оркестр үчүн вариация”, “Симфониялык оркестр үчүн Рапсодия-поэма”.
“ Фортепиано, фагот жана урма аспаптары үчүн концерттик күү”, “Труба жана фортепиано үчүн романс”, “Кларнет жана фортепиано үчүн фантазия”.
Ырлары, хорлору:  “Болбосо экен” (Сөзү Ж. Касымбековдуку), “Кыздар кыздар” (К. Зарлыкова), “Кызыл гүлүм” (Т. Элеманов), “Студент” (Ж. Касымбеков), “Бир көрүнсөң” (Э. Жаныбеков), “Таңкы жел” (А. Жакшылыков), “Сени  менен бийлегенге чарчабасмын” (К. Абдрахманов), “Кайран эр” (Г. Момунова), “Бара бер ыйык жолдо”, (Б. Абакиров,  “Биринчи достук жөнүндө ыр” (Ж. Касымбеков), “Жадыра жаштык” (Т. Үмөталиев), “Кайра келчи” (С. Асанбаевдики), “ Кулүңдөп койчу” (Ж. Абдылдаев), “Сен өмүрдүн сүйүүсү” (И. Исаков), “ Кыргыз көлү” (А. Осмонов) хор-а капелла.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019