Балбай Алагушов дүйнө салды

01 июль 2021
Кыргыз музыкалык маданияты оор жоготууга учурады. КР эл артисти, журналист, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциплопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радио-теле журналист Балбай Алагушов дүйнө салды.
  Ардактуу 85  жаштын аралыгында 60 ка жакын ар тараптуу жанрдагы монографияларды, очерктерди, сүрөттмөлөрдү, окуу китептерин, сөздүктөрдү ж.б. жазып, басмалардан чыгарды. Алсак, тарыхчы катары композитор М. Абдраев менен Кыргыз Совет музыкасынын тарыхын сыпаттаган “Октябрдын нуру менен” А. Каплан менен Кыргыз операларынын тарыхын баяндаган “Кыргыз операсы”, Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл  Туу ордендүү филармониянын 70 жыл ичинде басып өткөн тарыхый чыгармачыл жолун сүрөттөгөн “Кыргыз Улуттук филармониясы” аттуу алгачкы жолку көлөмдүү очеркти жазды. Китепте  эл шайырларынын өткөн кылымдын 30-жылдарынан бүгүнкү күнгө чейинки фото-сүрөттөрү менен шөкөттөлдү. Алардын көбү автордун жеке архивинен алынган.
            КСЭнин маданият жана искусство редакциясынын жанан кеңештин мүчөлөрүнүнүн тапшырмасы менен Балбай агай “Музыка” сөздүгүнүн долбоорун түзөт. Долбоорго баардыгы 777 термин кирип, ар бир макалага орто эсеп менен 1000 белги берилет. Сөздүк “Илим” басмасынан басылып коомчулуктун талкуусуна коюлуп жактырылган. Өткөн кылымдын 70-жылдарынан алгачкы кыргызча универсал улуттук  энциклопедия “Кыргыз Советтик энциклопедиясынын” 6 томдугун, кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн атайын томдорун, “Манас” энциклопедиясынын эки томун басмадан чыгарууда илимий редакциялык кеңешинин мүчөсү жана автор катары катышат. Ал эми эгемендүүлүктүн таңы аткандан бери чыгып келе жаткан “Кыргызстан” Улуттук  энциклопедиясына да музыка боюнча редакциялык кеңештин мүчөсү жанан автору катары маңыздуу ондогон макалаларды жазып келүүдө. Бул болсо Алагушовдун өз алдынча 33, 25 басма көлөмдөгү “Кыргыз музыка энциклопедиясы” аттуу энциклопедияны жазышына уютку болуп берди. Кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу энциклопедия жалпыга билим берүүчү, атайын музыкалык мектептердин окуучуларына, орто, жогорку музыкалык окуу жайларынын музыкалык факультеттеринин, искусство институтунун, консерваториянын студенттерине көмөкчү окуу куралы катары сунушталып, ар кыл муундун үстөл үстүнөн түшпөгөн китебине айланды. Ошентип, Балбай агай маданий коомчулукка көрүнүктүү энциклопедист катарында таанылып, сый-урматтка татыды.
            Балбай агайдын 60 жылдык чыгармачылыгын дагы бир өзгөчүлүгү, кадырлуу эс алууда жүрсө да, 1997-жылдын 7-июнунан 2011-жылдын 1-мартына чейин “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүндө штаттан тышкары кабарчысы болуп иштеди. Ал “Талант тагдыры”, “Күүлөр баяны”, “Ырдап кой” аттуу музыкалык түрмөктөрдү ачып, угармандарга залкар шайырлар жөнүндөгү баяндамаларды, сүрөттөмөлөрдү, эскерүүлөрдү, улуу комузчулардын күүлөрүнүн тарыхтарын, обончулардын ырларынын кандайча жаратылгандыгын (чыгарылганынын) таржымалдары, кыргыздын элдик, профессионалдык музыкаларынын көйгөлүү маселелеринин, ой толгоолорун эфирден такай берип, угармандардын руханий жан дүйнөлөрүн асылдантты. Ал эми “Бабалардын мурасы” аттуу түрмөгүндө байыркы бабаларыбыздын абалкы айтым кептери, ак баталары, бешик, эмгек, ырым-жырым, үйлөнүү, сүйүү (махабат) ырлары, залкар манасчы Саякбайдын айтуусундагы “Манастагы” баатырлардын, айымдардын, тулпарлардын сүрөттөмөлөрүн аткаруучуларга аткарып тасмага жаздырып радиодон берет. Буларды автор компакт дисктерге жаздырып жеке казнасына миң саатык мурастарды көзүнүн карегиндей сактоодо.
            Б. Алагушовдун “Азаттыктан” кеткен музыкалык берүүлөрүнүн ичинен тандап “Таланттардын тагдырынан”, “Бабалардын мурасы” деген атта китептерди чыгарып “Азаттык” эле эмес, кыргыз  радиосунун тарыхында биринчи жолу окурмандарга тартууланган баалуу саамалык болду. Ошентип, Балбай агай калың угуучуларга радио журналист катары таанылды. “Илим - ийнелеп кудук казгандай” дегендей Балбай агай Кыргыз Улуттук Академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана искусство таануу секторунда музыка таануучу катарында иштеп жүргөндө Академиянын терминология комиссиясы тарабынан “Музыка боюнча терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн” (Русско-Киригзский словарь музыкальных терминов) ал эми “Комузчулар өнөрү” аттуу илимий-популярдык очеркинде аспаптык музыкадагы айрым өзгөчөлүктөр, күүлөрдүн түрлөрү, алардын жаратуу, аткаруу жагдайындагы психологиялык бөтөнчөлүктөрү, совет доорундагы комуз музыкасынын өнүгүшү, профессионалдык музыкага тийгизген таасири жөнүндө баяндайт. Ал эми “История Киргизского искусства” аттуу көлөмдүү монографияда кыргыздын элдик, профессионалдык музыкасынын тарыхын орус тилинде  музыка таануучу В. Янковский менен биргелешип жазган.
2005-жылы “2004-жылдын мыкты китеби” деп табылган “Ак таңдайлар” аттуу публицистикалык китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун лауреаты аталып, “Ардак диплому” менен сыйланып, жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө публицист катары кабыл алынат. Көрүнүктүү этнограф катары оозеки салттык аспаптык музыка түрмөгүнөн “Комуз күүлөрүнүн антологиясы”, “Кыргыздын музыкалык аспаптарынын антологиясы” деген атта эки томдукту CDи альбому менен басмадан чыгарат. Орус тилинде биринчи томду “Антология кюу для комуза” деген атта окурмандарга тартуулайт. Очеркист катары кыргыздын залкар обончуларынын, ырчыларынын, комузчуларынын, сурнайчылардын, чоорчулардын, темир комузчулардын өмүрү менен чыгармачылыктарына арналган “Булбулдар”, “Кылымдардын кылдары” аттуу көлөмдүү китептерин басмаканалардан чыгарып, окурмандарга тартуулады.
            Балбай агай жыйноочулук, түзүүчүлүк менен да эмгектенип келет. Биз билгенден “Ала-Тоо таңшыйт” аттуу обондуу ырлардын, макалалардын 20 ашык  жыйнактарын түзүп, окурмандардын алкоолоруна алынды. Алсак, “Кыргыздын обондору”,
А. Огонбаевдин “Атай”, Ж. Шералиеавдин “ Ырдап кой”, М. Баетовдун “Арпанын Ала-Тоосунан”, Р. Абдыкалыковдун “Жолугарым билгемин” аттуу жыйнактарын басмалардан чыгарды.
            1983-жылы жаш муундарды эстетикалык тарбиялоодо жана музыка таанууга, жалпыга билим берүүчү мектептердин окуучуларына арналган “6-7-класстардын “Музыка” аттуу окуу китептери, “Күүдөн симфонияга карай” деген китеби үчүн Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреатына татыктуу болгон. Бул кыргыздын музыка таанучуларынын ичинен биринчи жолу берилген сыйлык эле. Балбай агай өмүрү менен чыгармачылыгына арналган “Өмүрүмдүн барактарынын” эки томдугун, «Элестери эсимде», “Энциклопедист”, “Шайырлардын тагдырынан”  аттуу 5 томдугун чыгарып, коомчулукка жетти.
            2014-жылы Балбай агайдын жердештери, эли эмгегин жогору баалашып “Ак-Сай” айылындагы эки кабаттуу 420 орундуу Маданият үйүнө ысымын беришти.



скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019