С. Айткеевди эскерүү кечеси өтөт.

20 апрель 2023
Кыргыздын көрүнүктүү композитору Совхозбек Айткеев ушул жылдын март айында 70 жашка чыкмак. Өткөн жылдын октябрында бу дүйнө менен коштошту. Артында уул-кызы жана жан дүйнөсүнөн жанып чыккан чыгармалары калды. 24-апрель күнү К. Молдобасанов атындагы улуттук консеваториянын концерттик залында Совхозбекти эскерүү кечеси өтмөкчү. Кечеде анын оркестр, хор, аспаптар жана солисттер үчүн ар жылдары жаралган ар кыл жанрдагы чыгармалары аткарылат. Концертке Бишкек мэриясынын симфониялык оркестри, филармониянын камералык хору, балдар хору жана консерваториянын окутуучулары жана студенттери катышат.



скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019