Мыкты обондордун республикалык конкурсу

15 июль 2019
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун 80 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү эң мыкты обондуу ырлардын республикалык сынагынын

Жобосу
  •            Сынактын уюштуруучулары жана өнөктөштөрү:
  • Уюштуруучулары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (мындан ары – Министрлик) жана Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу (мындан ары – Уюштуруучулар).
  • Сынактын максаты:
  • Сынак кыргыз элинин, ата-бабалардын кɵɵнɵргүс маданияты менен мурастарынын тарыхын, мезгил сыноосунан ɵткɵн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктарын, руханий дүйнөсүнɵ жаңы кыргыз коомуна кандай багыт жаратып жаткандыгын музыка жаатында таланттуу обончулардын чеберчилигин мукам үндүү абаз аркылуу элге жеткирүү, улутка, мамлекетке болгон патриоттук сезимди ойготуучу Ата-мекендик, эл- жерге, жаратылышка болгон сүйүүнү, урмат-сыйды, жана лирикалык ырларды музыканын ыргагы аркылуу даңазалоо, көркөмдүк деңгээлин көтөрүү, жаш асыл өнөр талант ээлеринин чыгармачылык ишмердүүлүгүн арттыруусуна стимул берүү максатында өткөрүлөт.
  • Өзгөчө, учурдун талабына ылайык зарыл болуп турган келечек муундарга, жаш жеткинчектерге арналган ар тараптуу жанрдагы обондордун камтылуусуна көңүл буруу.
  • Сынактын милдеттери:
  • - улуттук обондуу ырлардын өнүгүүсүнө шарт түзүү;
  • - обончулардын чыгармачылыгын арттырууга көмөктөшүү;
  • - азыркы замандын талабына ылайык, ар-түркүн жанрдагы мукам үндүү обондорду жаратып, угуучу-көрүүчүлөрдүн табитине жеткирүү;
  • - музыка дүйнөсүнө, жаратмандыкка кызыккан жана ага жаңы аралашкан жаш таланттуу ысымдардын пайда болушуна жол ачуу. Алардын профессионалдык жактан калыптануусуна багыт берүү.
  • - музыкага ышкыбоз-дилгир балдардын музыканы үйрөнүп, ырдап, профессионалдык деңгээлде калыптануусуна түрткү берүү.
  • Негизги талаптар жана критерийлер:
- ырдын темасынын жана идеясынын заманга үндөштүгү;
- бүгүнкү күндүн талабына ылайык коомго байланышкан процесстерди көркөм ырдап-ачып берүүсү;
- улутка, мамлекетке болгон тематикалык ырларды ар-тараптан ачып ырдоосу;
- текст менен музыканын шайкештиги;
- музыкалык тилдеги оригиналдуулугу;
- музыкалык формалардын даана, так сакталышы;
- чыгарманын мазмуну, стили жана тематикасына чектөө коюлбайт.
Сынакты өткөрүүнүн жана катышуунун тартиби:

-сынакка буга чейин ырдалып чыккан жана кароо-сынактарга катышкан обондор катыштырылбайт;
-авторлордун жашы, курагы, улуту жана кесиби чектелбейт;
- катышуучулар (талапкерлер) сөзсүз түрдө, өздөрүнүн чыгармаларынын ноталарын аткаруучунун аткаруусунда жаздырылган СD дискке MP 3 форматында, 2019-жылдын 31-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын композиторлор союзуна, комиссиянын кароосуна жөнөтүлүшү керек;
- сынак Бишкек шаарында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталып, 2019-жылдын 28-октябрына чейин чыгарылат, өткөн чыгармалар 2019-жылдын Композиторлор союзунун 80 жылдык мааракесин белгилөө алдында жыйынтыкталат;
- сынакка жөнөтүлгөн чыгармалар үч даана (экземпляр) клавир же партитура түрүндө девиз менен тапшырылууга тийиш;
- сынак туурасында маалымат сайттарда, телерадио берүүлөрдө интернеттерде жарнама булактар аркылуу  бир айдан кем эмес мөөнөттө жарыяланат;
- сынакка катышкан чыгармалардын саны үчтөн ашпоосу керек.
Материалдар төмөндөгү дарекке жиберилүүгө тийиш:

720000, Бишкек шаары., Раззаков көчөсү үй № 50, байланыш тел: (0312) 66-43 04, 0773 71 23 15, Эл. почта:kompozitory@mail.ru
Тоолук маалымат Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун сайтында kompozitor.kg

  • Сынактын байге фонду
Атуулдук ырлар
а)  Баш байге
б) Биринчи орун
в) Экинчи орун
г) Үчүнчү орун

Лирикалык ырлар
а) Баш байге
б) Биринчи орун
в) Экинчи орун
г) Үчүнчү орун

Балдар ырлары
а) Баш байге
б) Биринчи орун
в) Экинчи орун
г) Үчүнчү орун
- Сынактын номинациаларынын жеңүүчүлөрүнө лауреаттык дипломдор, акчалай сыйлыктар, баалуу  белектер тапшырылат. (Демөөрчүлөр чыгып калса, ал сыйлыктар кошумча сыйлык катары кабыл алынат.)
- Жеңүүчүлөрдүн акчалай сыйлыктарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чыгымдар кармалат.
 
- Калыстар тобу 5 кишиден кем эмес жогорку музыкалык билими бар адистерденкуралат.      
     - Калыстар тобунун чечими акыркы чечим болуп эсептелет.
Каржылоонун тартиби:

Сынак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан каржыланат.
Эскертүү:
Байгеге илинген обондун тексти шайкеш болсо, акынга байгенин 25% берилет.  Мыкты обондордун гана конкурсу болгондуктан аткаруучуга, аранжировщикке же оркестрге салгандарга байге каралбайт.скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019