Чалапинов Токтомуш Султанович
Композитор. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1941-жылы 5-июнда Кемин районундагы Чым-Коргон айылында туулган. 1964-жылы М. Куренкеев атындагы музыкалык училищесинде контрабас аспабы жана композиция бөлүмүнөн билим алып чыккан.
1964-71-жылдары Ниязалы атындагы Ош музыкалык окуу жайында  директор болуп эмгектенген.
1971-76-жылдары М. Ашрафи атындагы Ташкент Мамлекеттик консерваториясынын композитордук факультетинде профессор Г. Мушельдин классында окуган.
1977-2008-жылдары Ниязалы атындагы Ош музыкалык окуу жайында  директор болуп иштеген. Ал эми 1990-жылдан баштап “Эмгектин ардагери” КР га өзгөчө салым кошкондугу үчүн ардактуу эс алууга чыгып, мугалимдик жана чыгармачылык ишин уланткан.
Токтомуш Чалапинов КР маданиятына, музыкалык искусствосуна кошкон салымы үчүн төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:
  • В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган (1970-ж.);
  • СССРдин маданият министрлигинин отличниги (1983-ж.);
  • КР Жогорку Советинин “Ардак Грамотасы” (1985-ж.);
  • КР Компартиясынын БКнин “Ардак Грамотасы” (1987);
  • СССРдин Композиторлор союзунун секретариатынын “Диплому” (Т. Хренниковдун колу менен, 1989-ж.);
  • КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1990-ж.)
 ж.б. гармоталар, дипломдор...
1980-жылдан бери Композиторлор союзунун мүчөсү.
Т. Чалапинов композитор катары аваздык, аспаптык чыгармалар жана көлөмдүү симфониялык жанрда бирдей деңгээлде эмгектенет.
Симфониялык оркестр, чоң кошулма хор жана солист үчүн жазылган “Партия жөнүндө поэмасы”, Скрипка жана фортепиано үчүн сонатасы, Жукеев-Пудовкинге арналган “Эстелик” аттуу симфониясы анын көрүнүктүү чыгармалырынан болуп эсептелет.
Композитор Токтомуш Чалапинов 2016-жылы декабрь айында узакка созулган оорудан көз жумду.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019