Биримкулов Дастан Биримкулович. 1997-жылдын 1-октябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Эшперов айылында туулган. Музыкага келишине 7-класста каникул убагында “Устатшакирт” борборунан келген “Музчырак” долбоору себепкер болгон. Ошол 5 күн ичинде чопо-чоор, темир ооз комуз аспаптарын биринчи жолу көрүп, колуна кармаган. Долбоордун алкагында биринчи устаты Эдил Үсөнбековдон 5-6 чыгарма үйрөнүп, музыкага кызыгуусу арткан.
Кийин 10класста Тоң районунун борбору Бөкөмбаев айылындагы балдар музыкалык мектебине барып эстрада бөлүмүндө клавиша жана гитара аспаптарын үйрөндү. 2015-жылы К. Молдобасанов атындагы кыргыз Улуттук консерваториясынын алдындагы опералык хор студиясына Салттуу музыка жана эл аспаптар бөлүмүнө тапшырган. Бул жерде Акылбек Касаболотовдон кыргыздын үйлөмө аспаптарын өздөштүрүп, профессионалдык музыкага жакындады. 2017жылы К. Молдобасанов атындагы КУКнын 1-курсуна тапшырдым.
2018-жылдын июнь айында өткөн “Кыргыз кайрык” аттуу жаш композиторлор үчүн эксперементалдык лагерге катышып, ал жактан болуп көрбөгөндөй тажрыйба алды. Лагердин жыйынтыгында “Унутулган күү” (ансамбль үчүн), “Бейпил күн” (комуз күүсү), “Кыргыз кайрык” (коллективдик чыгарма) чыгармаларын жаратты. Ошондон тартып “Кыргыз кайрык” ансамблинде аткаруучу жана композитор катары эмгектенип келет.
2020-жылы “Кыргыз кайрык” командасы тарабынан коюлган “Жаралыш” музыкаык перформансында “От менен бийлөө” жана “Жабык аймак” аттуу чыгармалар аткарылган.
2021-жылы ноябрь айында жана 2022-жылдын февраль айында Президенттик “Манас” камералык оркестри менен уюштурулган кыргызстандын жаш композиторлорунун концертинде “Орбита”, “Экспрессив”, “Эффект” чыгармалары Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында жанырган.
2021-жылдын декабрь айында өткөн З.Исмагилов атындагы II эл аралык композиторлор конкурсунда “Орбита” чыгармасы менен III-даражадагы диплом менен сыйланган.
2022-жылдын февраль айынан тартып К.Орозов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Академиялык эл аспаптар оркестрине артист болуп кирди.
2022-жылдын май айында Батырхан Шукеновдун фонду тарабынан уюштурулган “Батыр Лаб” эл аралык конкурсунда катышууга жолдомо утуп, анын негизинде чыгарма жазууга грант утту. Жыйынтыгында “Тамырлар үнү” (Ансамбль үчүн) чыгармасын жаратты.
Чыгармаларынын тизмеси:
“Унутулган күү” (ансамбль) 2018
“Бейпил күн” (комуз) 2018
“Кыргыз кайрык” (коллективдик чыгарма) 2018
“Бий” (ансамбль) 2019
“Нооруз” (ооз комузчулар ансамбли) 2019
“Excitement” (фортепиано) 2019
“Желмаян” (ансамбль) 2019
“Чекит коюп беринизчи суранам” (обон) 2019
“Танго” (трио) 2020
“Чыныроон күү” (чыныроон) 2020
“Чаар сулуу” (ансамбль) 2020
“Урма аспаптар триосу” 2020
“Шандуу күү” (темир комуз) 2020
“Орбита” (камералык оркестр үчүн) 2021
“Экспрессив” (камералык оркестр үчүн) соавтор: Н.Молдояров. 2021
“Айтсанчы” (ыр) 2021
“Эффект” (кларнеттер жана камералык оркестр үчүн) 2021
“Кантем ай” (ыр) 2021
“Вальс 5/8” (фортепиано) 2021
“Коштошуу” (фортепиано) 2022
“Strings” (улуттук кылдуу аспаптар ансамбли үчүн) 2022
“Мерген бийи” (ансамбль) 2022
“Өткөн элестер” (кылдуу аспаптар) 2022