Урмамбетов Догдурбай Үсөнович

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Обончу-композитор.
1955-жылы 24-июльда Ысык-көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган.
1972-1974 ж. Фрунзедеги кооператив техникумунун “Товаровед” кесибин аяктаган.
1974-1979 ж. Фрунзедеги Искусство институтунун “Өздүк оркестрдин дирижеру” кесибин  окуп бүтургөн.       1979 - 1980 ж..Чолпон Ата ш. элдик “Ак куу” ыр-бий ансамблинин музыкалык жетекчиси,
 1980 -1986 ж.  Жети-Өгүз райондук маданият үйүнүн директору .
 1986 -1991 ж.   Түп райондук аткаруу комитетинин маданият бөлүм башчысы.
 1991-1997 ж.  “Чебер”аттуу  көп кырдуу жеке ишканасынын директору.
 1997-1999 ж.  Чуй обл.Москва району, Ак-суу  айыл өкмөтунун орун басары..
 2000-2002 ж. – “Кол Таланттары” фолклордук тобунун жетекчиси
 2002-2009 ж. – Суванбердиев.ат.Кыргызполиграфкомбинатта борбордук
                          склад башчысы жана жамаатын көркөм жетекчиси.
 2009-2012 ж. МУИТ (Эл.ар.Инновац.техно-я) универ-н музыкалык жетекчиси.
 2012 – 2016 ж. И.Раззаков ат.К.Т.Университетинин  башкы концертмейстери.
 2016 ж. бери  Б.Бейшеналиева ат Искусство Университетинин аккордеон классынын мугалими, Доцент.
2007 ж. бери “Рух казына” коомдук бирикмесинин президенти.
Санат ТВ да“Обончулардан ыр белек” аттуу теле көрсөтүүнүн автору  жана алып баруучусу.
Эмгеги :    200 дөн ашык  обондору, концерттик пьесалары жана хорлору  бар.
                  Анын ичинен Кыргыз теле радиосунун фондусуна кабыл алынган.
Китептери:
2004 ж. “Жүрөк сыры”  автордук (ноталык чыгарма)
2005 ж. “Ысык-көлдөн ыр десте”. ыр жыйнак
2007 ж. “Мекенимди  данктаймын” ыр жыйнак СД дискасы менен.
2009 ж. “Ата журт кандай сонун” автордук нота жыйнагы (Метод. окуу куралы)
2015 ж. “Обончулардан ыр белек” жыйнак
2017 ж. “Аккордеондо ойноо”   (Метод. окуу куралы)
2021 ж. “Комуз күүлөру аккордеондо”окуу куралы  (метод.хрестоматия)
2022 ж. “Хор жана аспаптык чыгармалар” окуу куралы жарык көргөн
               (окуу куралдарына “Билим жана илим” министрлигинен Гриф алынган.)
Өзгөчө
Обондору:   Манасчы Саякбай гимни, Замандаш-сп-гимни, Чек арачы ардагерлер- балладасы, Ала Тоо айымдары-гимни, “Баатырлардын айылы”-гимни,                      Советтер Союзунун баатыры Д.Шопоков, Соц.Эмгек баатыры, З. Кайназарованын  Шалта айылына арналган.
Карга аке, Жети аке, Ынтымака жарчы бол-маршы, Дархан айылым,
Ала-Тоо кыргыз жери- марштары, Адамзат ойлонолу, Жусуп Мамай
Сактайлы намыс, Мекеним, Мекен жер, Ата журт, Жети Өгүз, Ак суу, Ак калпак, Ак шумкар, Айкөл элим. Мен жоокери кыргыздын ж.б. Ар кайсы убактарда конкурстарда байгеге татыган жана жамаатардын суроолору  боюнча  чыгарылган-обондор.
Лирикалык чыгармалары;
Жүрөк сыры, Кыз узатуу, Көл элеси, Курбалар, Жаңылуу, Серенада, Кайдасың, Эстөөдөмүн, Өзгөчө, Карлыгачым, Өтүнуү, Арзуу, Жан эркем, Сиз жана жаз,  Уйлөнүү той вальсы, Ардагым, Аяйым,Ошол жаз,  ж.б.
Балдарга арналган чыгармалары: Жашынмак, Тай күлүк, Мышыгым, Топ, Аскер болом, Аймаңдайдын жомогу, Трактор, Светофор, ж.б.
Санат ТВ да“Обончулардан ыр белек”аттуу теле көрсөтүүнүн автору  жана алып баруучусу катары, телеге 50-гө жакын  обончуларды  өз демилгеси менен тартып, элге тааныштырган.
2017ж.“Кош келиниз, президент мырза” аттуу кинофильмдин музыкасын жазган.
Бул эмгектерди Ютуб каналынан Урмамбетов Догдурбай деген аталышта (так маалыматтарды  тактап)  көрүүгө болот.
Сыйлыктары:  
1977 ж. СССР конституция кабылдоодогу Москва ш. Кремльде  өткөн жыйынтык концертнин катышуучусу, бронза медалынын ээси.
1984 ж. СССР композиторлор Союзунун төрагасы Т Хренников- Ардак грамотасы.                                
1,2,3,  Бүткүл Союздук “Эл чыгармачылыгынын” конкурстарынын Лауреаты.
“КР маданияттын мыктысы”
Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү жана Кыргыз музыка ишмерлер союзунун мүчөсү.
КР Өкмөтүнүн  ардак грамотасы. КР Президентинин мактоо баракчасы .
2016 ж.   БД Көчмөндөр оюнунун “Ала тоо мырзасы” медалы.
2017 ж. “Фисгармоника” аттуу  Италияда өткөн 42-Эл аралык  конкурстун
2017 ж Казахстан Алма-Ата ш. өткон 6-Эл аралык конкурстарынын  дипломанты жана лауреаты.
2018 ж. “Играй гармонь” аттуу РСФСРда  Новосибирск  ш. өткөн 5-Эл аралык
конкурс - фестивальдын  Лауреаты. Бул эки конкурска Кыргызстандан
аккордеон боюнча биринчилерден болуп жол ачты.
2019-2022 ж. Кыргызстанда   Россотрудничество менен бирге өткөн “Играй гармонь” аттуу 7,8,9-Эл аралык фестиваль-конкурстардын лауреаты.                                              
2019 ж.    Кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү салымы” үчүн КР президенттин алдындагы тил комиссиясынын медалы..
2019 ж.   Ардак  грамота.  Турция  Анталия ш. “Манас ааламы”аттуу.
Ар учурда алган  15 медальдын ээси.
2021 ж. Диплом 1- чи БД Форум “Ааламдык Ак бата”,  “Ак бата” гимнини автору.
Дархан айылынын жана Жети-Өгүз районунун “Ардактуу атуулу”.
2021 ж. Ысык-Көл областынын “Даанышманы “ наамына Мекенчил обончу катары татыктуу болгон.
2021 ж.Ала тоо айымдары Эко кыймылынын  “Алымбек датка” орденинин ээси.
Компютерде         Windows XP, Word, Excel,Ноталык программа “Сибелиус 7,5”,
Өздөштүргөнү      Кувейс-12- үн жазуу программасы, жана                           
                                Видеопрограмма - ПРО-СС.    
                                        
             скачать dle 11.3
Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019