Жунушов Марат Жумабекович 1986-жылы 10-майда Бишкек шаарында төрөлгон. 1994-жылы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп интернатына барган, фортепиано бөлүмүн 2004- жылы ийгиликтуу аяктаган.
2004-2009 жылы Калый Молдобасанов атындагы Улуттук Консерваториясын фортепиано-теория бөлүмүн ийгиликтуу аяктаган.
Ошол жылдан баштап эмгек жолун баштаган. Учурда К.Молдобасанов атындагы КУКда эмгектенип келет.
    Чыгармачылык жолу студент мезгилде эле башталган, ар кандай обондуу ырлар, пьеса ж.б
 Эң алгачкы «Айылым» аттуу обонун эстрада ырчысы Ырыскелди Осмонкулов аткарган, сөзү К.Урманбетовдуку.
Ошондон кийин көлөмдүү чыгармаларды жазып баштады.
«Аргымак», «Эр жигит», «Кербен»,  «Воспоминание» (Бир элес), «Эркиндик»
«Уламыш»,  «Ураан»,  « Сыргак баатыр», «Айша»  «Энекем». Бул чыгармалар Президенттик «Манас» камералык оркестри  жана филармониялык  эстрада -симфониялык оркестринин аткаруусунда ойнолуп келет.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019