Эсенгулова Гүлмира Шакиновна
Эсенгулова Г. Ш. 1962-жылы Токмок шаарында жарыкка келип, Жумгал өрөөнүндө чоңойгон. 7 жашка толгондо жер-жерлерди кыдырып барган комиссиянын тандоосу менен баш калаабыздагы М. Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектеп-интернатка окууга кирген. Алгач скрипка аспабында окуп, кийинчерээк хор жетектөө бөлүмүнө которулуп, мектепти аяктагандан кийин Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор дирижеру бөлүмүнүн профессору Алим Укурчиновдун классынан билим алып, 1985-жылы хор дирижеру адистигинин дипломуна ээ болгон. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты (2014).
Институтту аяктап К. Жакыпов атындагы пионерлер үйүндө кыргыз балдар хорун жетектөөгө чакырылып, жеке демилгеси менен “Ак Шоола” балдар хорун түзгөн. 1985-жылдан бери ушул балдар хорун жетектеп, кыргыз кыйырынан сырткары дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүн кыдырып, кыргыз балдар чыгармачылыгын пропагандалап келет. Алсак, Турция, Болгария, Германия, Румыния, Индия, Литва, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Белоруссия жана Туркменистан өлкөрүндө ар жылдары ар кандай Эларалык фестивальдарга катышып, жеңиштерге ээ болуп келишти. Бул коллектив 2011-жылы Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты наамына татыды.
Ооздон түшпөгөн ондогон популярдуу балдар ырларынын жана хорлорунун автору. 2010-жылы композитор Т. Чокиев менен биргеликте “Алтын уя” балдар оперттасын жазып, өзү режиссерлук кылып “Ак Шоола” балдар хорунун аткаруусунда сахналаштырган.
Ал эми 2012-жылы музыкалык театр жанрындагы ийгиликтери үчүн Эларалык А.Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаттыгы наамы ыйгарылган.
2014-жылы композитор Т.Чокиев менен биргеликте жазган “Алтын уя” балдар опереттасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду.
2020-жылы композитор Т. Чокиев менен биргеликте Ч. Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесинин негизинде бир актылуу опера жазышып, 2022-жылы декабрда театрдын сахнасында койулуп, репертуарына кирди.
Орто мектептеги музыка сабагына кошумча хрестоматиялык окуу курал түзүп (Т. Чокиев менен биргеликте), “Бала кербез” (1998), “Бала кербез-2” (2003), “Бала кербез-3” (2007) китептери мектептеги музыка сабагынан окуу куралына айланды.
Т.Чокиев, Г.Эсенгулова. «Алтын уя». Балдар опереттасы. Клавир. 2012.
Т.Чокиев, Г.Эсенгулова. «Атадан калган туяк». Опера. Клавир. 2022.
Г. Эсенгулова. Момпосуй бала. Балдар ырларынын жыйнагы.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019