Отунчиев Азамат Асанакунович 1982-жылы 30-ноябрда Ысык-Көл обласынын Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектеп билимин Балыкчыдан алган. 1998-жылы М. Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайына кыл аспабы классы боюнча окуп, 2002-жылдан Калый Молдбасанов атындагы Улуттук консерваториянын кыл-кыяк жана үйлөмө аспаптар классы боюнча КР эл артисти Нурланбек Нышановдон билим алган. Окуу жылдары окуу жайдын коомдук, мадания иштеринин баардыгына жигердүү катышкан. Мамлекеттик, Эларалык деңгээлдеги фестиваль, конкурстарга катышып ийгиликтерге жетишкен. Консерваторияны 2009-жылы аяктаган.
Чыгармачылык жолу.
1999-2000-жылдары А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын алдындагы “Саамал” фольклордук-этнографиялык ансамблинде иштеген. 2000-2004-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген. 2003-2008-жылдары Н. Нышанов жетектеген “Теңир-Тоо” фольклордук ансамблинде эмгектенген. Ансамбль Ага-Хан фонду менен биргеликте дүйнөлүк турнеге чыгып АКШ, Франция, Италия, Испания, Венгрия, Словения, Германия, Англия,  Турция, Швеция, Гонконг, Малайзия, Сингапур. БАЭ, Бельгия, Марокко, Москва, Австрия өлкөлөрүндө кыргыз музыкасын таанытып келген.
2006-2008-жылдары Ага-Хан” фонду негиздеген “УстатШакирт” борборунда ансамблди жетектеген. 2008-2012-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинде иштеген. 2004-2016-жылдары Кыргыз-Түрк Манас университетинин “Түрк дүнөсү оркестринде эмгектенген. 2009-жылдан бери Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин салттык музыка кафедрасынын оркестрин жетектейт.
Чыгармачылык ийгиликтери:
2002-жылы Москва шаарында өткөн СССР эл артисти Т. В. Спиваковдун “Орто-Азия тандалма музыканттары” фестивалына катышкан.
2004-жылы Казакстан Республикасында өткөн “Шабыт” Эларалык конкурсунда ансамбль номинациясы боюнча 2-орунга ээ болгон.
2007-жылы Казакстан Республикасында өткөн “Шабыт” Эларалык фестивалында кылкыяк номинациясында 3-орунду алган.
2012-жылы Казакстан Республикасында өткөн “Коркыт” атындагы Эларалык кароо-сынагында үйлөмө аспап номинациясында 2-орунга ээ болгон.
2012-жылы “Ысык-Көлдө Кадыр түн” фестивалында 2-байгелүү орунду ээлеген.
Азыркы убакка чейин чыгармачылыкта жигердүү эмгектенип, бир нече күүлөрдү, обондорду жаратты. Оркестрлер жана ансамблдер репертуарында жүргөн чыгармалары арбын.
Дүнөлүк Көчмөндөр оюнунун музыкалык жасалгалоолорун (аранжировка) шөкөттөгөн.
Токтогулдун 150 жылдыгына 9 чыгармасын аранжировкалаган.
“Курманжан датка” фильминдеги музыкадагы баардык элдик аспаптар менен шөкөттөгөн.
Жараткан обондору:
“Кыргыз бийи”, “Бий мерген”, “Убакыт”, “Ыйыгымсың”, Кийиз дүйнө”, “Сахна”, “Кыргыз дүйнөсү”, “Мен кыргызмын”, “Үмүт”.
Күүлөрү:
“Санат нугу”, “Куш бийи”, “Жабаагы”, “Үркүн”, “Тумар”, “Аксак суу”, “Жарчы”, “Жаңы жол”, “Эргүү”, “Чыгыш кайрыгы”, “Көчмөндөр”, “Бийиктик” ж.б.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019