МЕДЕТБЕКОВА КАНЫКЕЙ
Медетбекова Каныкей Капаровна 1969-жылы 8-апрелде Фрунзе шаарында туулган. Ал чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон, атасы – СССРдин эл артисти К. Медетбеков, апасы – КРнын эл артисти К. Атамкулова.
1976–87-жылдары М. Абдраев атындагы Республикалык адистештирилген мектеп-интернатта фортепиано бөлүмүндө. Н. Макарованын классында окуп, 12 жашынан А. Абдуллаевден композициядан сабак алган. 1985-жылы жаш композиторлордун Республикалык конкурсунда II орунду алган. 1987-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырып, фортепианодон Л. Кийизбаевадан, композициядан В. Гусев жана М. Бегалиевден таалим алган. 1992-жылы окусун бүтүрүп, пианист, аккомпаниатор, камералык музыканын солисти жана окуутучу квалификациясына ээ болду. 1995-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясында ассисентура-стажировканы, 1997-жылы композиция бөлүмүн бүтүрөт. Республикалык жана эл аралык конкурстарга катышып, фортепиано жана кыл аспаптар оркестри үчүн жазылган “Концертино” чыгармасы Италияда өткөн “Lucida degli Specchi” конкурсунда атайын сыйлыка ээ болгон жана Украинада заманбап музыканын “Past end Future” фестивалына үч жолу чакыруу алган (1998, 1999, 2000).
2002-жылы Лион шаарындагы (Франция) консерваторияга тапшырып, композиция боюнча Кристоф Мододон жана электроакустикалык музыка боюнча Стефан Боррельден таалим алган. 2003-жылдан баштап Вильорбан шаарында (Франция) Улуттук музыка мектебинде фортепиано жана композициядан сабак берет. 2013-жылы Францияда адистик сыноодон өтүп, профессор наамына ээ болгон.
М. Абдраев атындагы Республикалык адистештирилген мектеп-интернатта көптөгөн устат сабактарын өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык каттарды алган, КРнын маданият жана маалымат министрлигинин ардак грамотасы жана Кыргызстан аялдар конгрессинин Даңк ордени менен сыйланган.
1999-жылдан бери Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун мүчөсү. Учурда Руссион жана Сант Клер дю Рон консерваторияларында профессор, окуутучу.
Чыгармалары:
опера-балет: “Вечность” (А. Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында коюлган, 2001); балдар үчүн “Пиноккио” операсы (Руссион консерваториясында коюлган, Франция, 2008);
камералык асаптык: Фортепиано жана кыл аспаптар оркестри үчүн “Концертино” (Ташкент камералык оркестри аткарган, 2000), “Ата-бабалар мекени” эл аспаптар ансамбли үчүн (Н. Нышанов жана эл аспаптар ансамбли аткарган, 2001), Кыл аспаптар оркестри жана урма аспаптар үчүн пьеса “Les temps des minutes” (“Убакыт ичиндеги мүнөттөр”, 2003); Сопрано, виолончель жана фортепиано үчүн трио “Ноктюрн” (А. Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында аткарылган, 1999), Фортепиано үчүн пьесалар “Токойдо”, “Түн”, “Юмореска”, “Ак жана кара” (2002), Флейта жана фортепиано үчүн “Тишина” (2001), флейта жана контрабас үчүн “Муха” (2001),“Ossia” саксофон квинтети үчүн 3 пьеса (“Planète Y”, “Où”, “Бишкек”, 2003), Сопрано жана бас-кларнет үчүн “Балбал” (2004, Лион консерваториясында аткарылган), Сопрано жана фортепиано үчүн “Жаворонок” (2010, Рики Нагами менен автор аткарган жана Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын Чоң залында К. Набиева менен автор аткарган), кларнет жана фортепиано үчүн “Si jamais” (“Күтүлбөгөн жерден”, 2014, Лион шаарында Э. Форш менен М. Швейзер аткарышкан), тромбон жана фортепиано үчүн “Ностальгия” (2023);
аваздык: “Бишкек” (гимн, с. Кыялбек Урманбетовдуку, 1997), “Исык-Көл” (гимн, эл аралык конкурсунун I сыйлыгына ээ болгон, с. Кыялбек Урманбетовдуку, 1998), “Ден-соолук” (1999), “Шабдан баатыр” (1999);
спектаклге музыка: Ж. Жуэ. “Трижды три желания или умение загадывать” (реж. Б. Парманов, 2002, А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык театры); Софокл. “Эдип падышасы” (реж. Э. Ногаев, 2002, А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык театры).