ГУСЕВ ВЛАДИМИР

         Владимир Иванович Гусев Кемин районунун Быстровка айылында 1948-жылы 13-октябрда туулган. 1955-жылы Шубин атындагы музыкалык мектепте баян аспабында окуй баштайт. Андан кийин Кыргыз Мамлекеттик  Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуусун улантып, композициядан композитор Алтынбек Жаныбековдон таалим алат. 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна композиция адистигине кабыл алынган.
          Эки жылдан кийин Николай Римский-Корсаков атындагы Ленинград Мамлекеттик консерваториясына окууга кирет. Ал жакта атактуу советтик композитор Сергей Слонимскийден сабак алат. Консервваторияны бүтүп, адистике ээ болгон соң, туулган жерине кайтып келип, Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда эмгек жолун баштайт. Аны менен катар эле  Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин бириккен репертуардык редакциялык коллегиясында редактор, Кыргыз филармониясында көркөм жетекчи, Кыргызстан композиторлор союзунун катчысы болуп да эмгектенген, Улуттук консерватория ачылгандан кийин ал жерге доценттик кызматка келип кирген.
          Кыргыз республикасынын композиторлор союзунун мүчөлүгүнө 1973-жылы кабыл алынды. “Атанын тагдыры”операсын, “Диалог” рок-операсын, “Лже-Нерон” балетин, “Жерге тынчтык” рок-ораториясын, үч бөлүмдүү симфонияны, ондогон камералык аспаптык, вокалдык чыгармаларды, спектакльдер үчүн, цирк үчүн музыкаларды жазган. В. Гусевдин дагы бир оригиналдуу чыгармасы симфониялык оркестр үчүн жазылган “Жаш ботой”  увертюрасы.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер наамына 2000-жылы ээ болгон. 2000-жылдардан кийин В. Гусев Россияга кетип, куурчак  театрында көркөм жетекчи катары жаштарды тарбиялап, чыгармачылыгын улантууда.
СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1980).
Чыгармалары
          Камералык-вокалдык: балдар үчүн “Робин-бобин” аттуу вокалдык түрмөк (С.Маршактын котормосундагы англия акындарынын ырлары, 1970), “На отмели без края” вокалдык түрмөгү (француз акындарынын ырларына, 1971), үн жана фортепиано үчүн эки сонет (с. С. Шимеевдики, 1972), аял үнү, флейта, литавр үчүн вокалдык түрмөк (Антиль аралдарынын акындарынын ырларына, 1977), “Ой, ду-ду!” балдардын вокалдык түрмөгү (с. Н. Колпакованыкы, 1977), “Седой мальчишка” аттуу ыр-баллада (с. К. Симоновдуку, 1981), “Ала Тоо” (1980), “Ода Ленину”-“ Ленинге ода” кантатасы (с. В. Блиновдуку, 1981), “Нам нужен мир”- а капелла хору (с. У. Токомбаевдики, 1985), “Зачем вражда”, “Тревога” рок-композициясы (с. С. Токомбаеваныкы, 1985), “Белые голуби”, “Бежала собака” балдар үчүн хор (с. А. Барто 1986);
          камералык-аспаптык: №1 фортепианолук сюита (1967), №1-квартет   (1967), №2-квартет (1968), балдар үчүн  фортепианолук соната (1969), төрт виолончель жана фортепиано үчүн музыка (1969), фортепино үчүн №2- вариация  (1970), валторна жана орган үчүн партита (1970), көп тембрлүү баян үчүн чакан сюита (1972), фортепиано үчүн прелюдиялар түрмөгү (1972), кыл аспаптар квартетине сюита (1975), №2-фортепианолук сюита (1979), гобой жана фортепиано үчүн сюита (1980), сопрано, 4 виолончель жана фортепиано үчүн жазылган №2-музыка (1981), альт жана камералык окестр үчүн концерт (1983), контрабас жана фортепиано үчүн соната (1985), эстрадалык ансамбль үчүн чыгыш түрмөгү ( 1985),    балдар үчүн трио (1986), скрипка үчүн соната, фортепиано үчүн “Кыргыз рапсодиясы” (1990);
          симфониялык оркестрге: үч бөлүмдүү симфония (1974), баян жана оркестр үчүн концерт (1975), альт жана оркестр үчүн концерт (1976), “Жаш ботой” аттуу увертюра (1978), джаз-трио үчүн симфония (1983), чакан симфониялык  оркестр жана темир комузчулардын ансамбли, балдар хору үчүн концерт (1987), эл аспаптар оркестри үчүн “Рапсодия” ( 1989);
          театралдык-сценалык: “Судьба отца”. “Атанын тагдыры”операсы  (либреттосу А. Жакыпбеков менен А. Жешинскийдики. Б. Жакиевдин “Атанын тагдыры” пьесасы боюнча. 1983), рок-опера ”Диалог” (А. Жешинскийдин либреттосу. С. Токомбаеванын”Венок сонетов”аттуу ыр түрмөгү боюнча, 1984), рок-оратория “Мир земле” (кыргыз жана советттик акындардын ырлары боюнча, 1984), “Лже-Нерон ”аттуу балети (Л.  Фейхтвангердин романы боюнча А. Жешинскийдин либреттосу, 1984), “Стон тетивы” спектаклине музыка (Б. Жакиевдин пьесасы боюнча, 1986), “Прошание с Матерой” (Распутиндин повести боюнча  А. Жешинский жана С. Токомбаеванын либреттосу, 1986).
          Библиография: Андреева. Е Решать масштабные задачи. Сов. музыка. 1987, №9, 15-18-бет; Ледовая. А.  Владимир Гусев (телеочерк “В эфире Киргизия”, 1986, 17-июль; Т. Саламатов. В. Гусев. -Сов. музыка.1983. №8, 134-бет; Склютовская Т.  Кыргыз композиторлорунун 8-сьезди М.: Информационный бюллетень секретариата Правления Союза композиторов СССР, 1987, №5, 28-30-бет; Саламатов. Т. Гусев Владимир Иванович. Союз композиторов Киргизской ССР (справочник).  Фрунзе: “Адабият“, 1989, 66-70-ьет; Гусев Владимр Иванович. Композиторы Кыргызской Республики.  Бишкек: Госпатентное служба. Полиграфический центр “ДЭМИ”, 2008, 34-35-бет.
                                                    
                                                                            Түзгөн Жыпар Акматова.
        


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019