КАНИМЕТОВ ЖУМАКАДЫР
Дирижер, композитор Жумакадыр Кызайбаевич Каниметов 1958-жылдын 1-августунда Түп районунун Тасма айылында туулган. 1967-жылы М. Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатына аккордеон аспабын окууга кирген, кийин мугалим жок баян аспабына которулган. 1976-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. Дирижерлук кесип боюнча атактуу композитор-дирижер Насыр Давлесовдон окуган. 1981-жылы институтту бүтүп, ошол жерде мугалим болуп калган. 1982-жылы аскерге чакырылып, Орто Азия согуш окуругунун Байкоңур космодромундагы ыр-бий ансамблинде кызмат өтөп, кийин ансамблдин дирижеру жана начальниги болгон.
1984-жылы Н. А. Римский-Корсаков атындагы Ленинград консерваториясынын опералык-симфониялык дирижорлук кафедрасына окууга өтүп, оркестр дирижерлугуна А. С. Дмитриевден, опера боюнча дирижерлука РСФСРдин эл артисти М. Хейфецтен, композициядан И. Рогалевдон окуган. 1989-жылы окуусун аяктап, мекенине кайтып, Кыргыз радио жана телевидениесинин симфониялык оркестринин дирижору болуп дайындалган. 1990-жылы “Ак Мөөр” опера-дастанын жазат. Ал опера 1993-жылы улуттук опера жана балет театрында койулуп, көп жылдар сахнадан түшпөй келди, 1921-жылы ал чыгарма жаңыланып кайра койулду. 2016-жылы “Үркүндүн” 100 жылдыгына арнап “Ажар” музыкалык драмасын жазган, андан кийин “Кожожаш” операсына киришип, бүтпөй калган. Ошондой эле анын чыгармачылык куржунунда балдар үчүн “Бебеке менен Мемеке”, “Чокчолой баатыр” опералары бар. Ошондой эле “Кыргыз жери”, “Кыргыз аскерлер маршы”, “Тонолгон гүл”, “Сезимди алдоо кыйын да...”, “Тууган жер”, “Эстелик”, “Сагынып келе берем Ысык-Көлгө”, “Эстейсиңби?”, “Сен чыксаң”, “Күкүктүн арманы өзүнүн сөзүнө, “Даткайым”, “Кайдасың сен?”, “Тууган жер” ж.б. ырлары жазылган. “Чоң Казат”, “Көк асаба” “Ак бугу” комуз күүлөрдү да жаратты. “Каныкейдин Кан Манасты жоктоо”, “Баатырларды жоктоо” аттуу кошокторду жазды.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин алдында чоң ыр-бий ансамбли түзүлгөндө, Ж. Каниметов башкы дирижер жана көркөм жетекчи болуп, 2002-жылга чейин иштеген. Опера жана балет театрында дирижер, башкы дирижер кызматтарын аркалады. Улуттук консерваторияны ачуу демилгечилердин бири, окуу жай ачылганда дирижорлук кафедрасын түзүп, ал жерде азыркы атактуу дирижерлор Р. Осмоналиевке, Б. Тилигеновко сабак берген. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Эл аралык А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын, “Түгөлбай ата” алтын медалынын, Кыргыз Өкмөтүнүн грамоталарынын ээси.
КР эл артисти (2008).
Кыргыз Республикасынын композиторлор Союзуна 1994-жылы кирген. Учурда улуттук опера жана балет театрында башкы дирижер болуп иштөөдө.
Чыгармалары:
опера: Опера-дастан “Ак-Мөөр” (либреттосу 1989), балдар операсы “Бебеке менен Мебеке” (1989), “Чокчолой баатыр” (1990); музыкалык драмалар “Ажар” (либреттосу О. Эркинбаева менен Д. Жалгасынованыкы), “Кожожаш” (1999);
оркестрге: Симфониялык сүрөттөмө “Каркыра”, “Кыргыз аскерлеринин маршы” (сөзү Э. Ибраевлики, 1993);
аспаптарга: Квартет (1985), фортепианого Соната (1986);
комуз күүлөрү: “Чоң казат” (1991), “Ак бугу” (“Ак-Мөөр” операсынан, 1989), “Ысык-Көл баяны” (1991);
ырлар: “Музыка” (сөзү А. Осмоновдуку, 1987), “Кыргыз жери” (сөзү Э. Ибраевдики, 1993), “Даткайым” (сөзү элдики, 1980), “Сагынып келе берем Ысык-Көлгө” (сөзү М. Тойбаевдики, 1995), “Эне” (сөзү М. Тойбаевдики, 1995), “Өскөн жер” (сөзу С. Эралиевдики, 1998), “Жоктоо” (сөзү С. Эралиевдики, 1999), “Мекеним менин” (сөзү Эсенгул Ибраевдики), “Сезимди алдоо кыйын да” (сөзү Э. Ибраевдики), “Эстейсиңби?” жана “Сен чыксаң” (сөзү өзүнүкү, 1990), “Кыз узатуу” сөзү П. Абдалиеваныкы);
телефилмге: “Унутпа” (1995), “Кусеин Карасаев” (1999), “Кыргыз оймолору”.
Библиография:

- Алагушов Б. Каныметов Жумакадыр Кызайбай уулу. Кыргыз музыкасы (энциклопедия). Б.: “Бийиктик”, 2007, 275-бет.
- Каниметов Жумакадыр Кызайбаевич. Композиторы Кыргызской Республики (справочник). Б.: Госпатентная служба, 2008, 55-бет.
- Токтошев К. “Манас деп коюп, “Манасты” көрбөгөн бар...”. – “Алас”, 206, 16-февраль.
- Молдобекова А. “Мындан көрө операны музей кылып слган оң”. “Апта”, №28, 2005, 15-21-декабрь.