ТУРСУНИЯЗОВ ОРОЗБЕК
1943-2001

Орозбек Турсуниязов 1943-жылы 19-октябрьда Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылында туулган. Музыкага шыгы эрте байкалып, мектепте өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине катышкан. Мектептин кенже класстарын Көнөрчөк айылында аяктайт. 1956-жылы Фрунзедеги №1-мектеп интернатында, Кыргыз ССРинин Эл артисти, профессор Султан Юсупов жетектеген  республикалык балдар хорунда ырдайт. 1958-жылы хордун курамында кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвада өткөн 2-декадасына катышып, Д. Шостаковичтин “Мекен жөнүндө ырында”  солист болуп ырдаган. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1962-жылы Петр Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүнө кирет. Окуу жылдары композиция ийримине катышып, РСФСР искусствосуна эмгек синирген ишмер Николай Сидельниковдон таалим алат. 1967-1972-жылдары Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык педагогикалык  институтунда ырчы адистиги боюнча  окуган.
Ал 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, 1973-1987-жылдары Кыргыз телерадиокомитететинде башкы музыкалык редактор болуп иштеген. Ал жылдары кыргыз музыкасы, дүйнөлүк музыка тууралуу “Симфония дүйнөсү”, “Камералык музыка”, “Жаштар чыгармачылыгы”, “Автордук кечелер” аттуу  радио жана теле берүүлөрдү уюштуруп жүрдү.
 1976-1981-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик өнөр институтунда композиция боюнча профессор Калый Молдобасановдон, доцент Таштан Эрматовдон, окутуучулар Владимир Браиловский менен Асан Мурзабаевден окуп, композиторлук билим алды. 1987-жылы Кыргызстан композиторлор союзунда жооптуу катчы жана башкармалыктын мүчөсү болуп иштеген.
1987-жылы СССР жана Кыргыз ССР композиторлор союзунуна кабыл алынган. Ошондой эле ал СССР журналистер союзунун мүчөсү (1976) да болгон.  Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер.
          Композитор катары О. Турсуниязов вокалдык жана вокалдык- симфониялык, камералык –аспаптык жана камералык –вокалдык жанрларда ийгиликтүү эмгектенген. Улуттук жана жалпы европалык салтка таянып жазган “Болбосун согуш” вокалдык симфониялык поэмасы фронтовик акын Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылып, симфониялык оркестрдин үч  составдуу тобуна, аралаш хорго жана бастын жеке солосунун аткаруусунда жаңырган.
 “Күткөн селкиге”,“Сен жана мен”. “Сен дедиң”. “Сага”, “Мен сени көрдүм”,   “Сенсиз мен”, “Түнкү жарык”, “Өтүнбөчү”  ”Сен жана мен” деген романстары композитордун  улуттук колоритти сактоо менен бирге европалык музыкалык каражаттарды эркин колдонуу аракетин билгизип турат.
                                           
Чыгармалары:
          Ырлар:  “Гүлдө, шаңдан Кыргызстан” ( сөзү Аалы Токомбаевдики, 1984, республикалык конкурста 2-сыйлык), “Менин шаарым-Фрунзем” ( сөзү Кубаныч Акаевдики, 1982,  Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына арналган республикалык конкурста 2-сыйлык), Үч вокалдык сатиралык сүрөт-“Чийне”, “Тобо”,”Күйкө” (сөзү С. Кадырованыкы, 1983). “Сары Өзөн” (сөзү Барктабас Абакировдуку).
Хорго: “Таазим сага эстелик” а капелла (сөзү Түмөнбай Байзаковдуку, 1985), “Жыргалы сендик дүйнөнүн” (сөзү Токтогул Сатылгановдуку, “Бозойлор менен селкилер”(сөзү Жусуп Турусбековдуку, 1987), “Жалыны күч комсомол”, (сөзү Нурпаис Жаркынбаевдики, 1980, республикалык конкурста Ⅰ сыйлык), “Аалам”;
Камералык-вокалдык чыгармалар: Кыргыз акындарынын ырларына жазылган “Махабат”романстар түрмөгү (9 бөлүм, 1983), “Сен жана мен” деген романстар түрмөгү (сөзү А. Арабиевдики. 5 бөлүк), “Күткөн селкиге” (сөзү Нуркамал Жетикашкаеваныкы). “Жүрөк шоокуму” вальс фантазия (сөзү Алтымыш Эшимбековдуку), “Сен дедиң” (сөзү Нуркамал Жеткашкаеваныкы).  “Сага” (сөзү Рамис Рыскуловдуку), “Мен сени көрдүм”, “Сенсиз мен”, “Түнкү жарык”, “Күтөм сени”, “Сага” “Өтүнбөчү”;
Камералык аспаптык чыгармалар: фортепиано үчүн жазылган сонатина (1979), виолончель жана фортепиано үчүн сонатина (1980), скрипка жана фортепиано үчүн вариация (1981), фортепиано үчүн жазылган төрт прелюдия (1981), ар кыл аспаптарга пьесалар;
Вокалдык-симфониялык чыгармалары: баллада“Согушка наалат”( сөзү Б.Курманкуловдуку, 1983), Жеңиштин 40 жылдыгына арналган “Болбосун согуш” поэмасы (сөзүТүмөнбай Байзаковдуку, 1984), Улуу Октябрь социалистик революциясынын 70 жылдыгына арналган  “Ук, планета!” одасы ( сөзү Барктабас Абакировдуку, 1987), “Конституция- таалай жолум” кантатасы (сөзү Барктабас Абакировдуку,1986).
“Эмгек кубанычы” симфониялык увертюрасы  (1981).
Нотаграфия: Комсомол.-“Ыр менен жолугушуу”жыйнагы. Фрунзе: Кыргызстан,1983.
Библиография: Музыка өнөрүбүздүн келечеги.- Ленинчил жаш,1986, 3-апрель; Сатыбалдига А. Концерт из произведений молодых композиторов.-Ленинчил жаш, 1984, 3 апрель; Исраилова А. В кругу музыки.-Сов. Киргизия, 1987,10 ноябрь; Кузнецов А. Премьера голубого экрана.-Сов.Киргизия,1982. 14 декабрь; Серго Э. Только новые произведения.-Сов. Киргизия,1987,11 апрель;   Союз композиторов Киргизской ССР. Турсуниязов Орозбек. Фрунзе. “Адабият”. 1989. стр. 206-209. Б. Алагушев. Турсуниязов Орозбек. Кыргыз музыкасы (энциклопедия). Б.: Бийиктик, 2007, 464-бет.
                          
                                                           Түзгөн Жыпар Акматова.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019