ФЕРЕ ВЛАДИМИР
1902-1971
Композитор Владимир Георгиевич Фере Волгоград облусунун Камышин шаарында 1902-жылдын 7-майында төрөлгөн. 1919-жылы Москвадагы университетке тапшырып, 1922-жылы П. Чайковский атындагы Консерваторияга өтөт. Ал жерде эки адистик боюнча окуп, композициядан Н. Я. Мясковскийден, фортепианодон А. Б. Гольденвейзерден билим алат. 1930-жылы окуусун аяктап, эмгек жолун Мамлекеттик музыкалык техникумда окутуучулуктан баштайт. 1930-1934-жылдары Бүткүл союздук радиокомитеттин жетекчиси жана Музгиздин редактору болуп иштейт. 1933-1934-жылдары консерваториянын консультанты, 1934-1936-жылдары жаңы ачылган СССР композиторлор союзунун балдар жана колхоз секциясынын музыкалык редактору болуп эмгектенет.
1936-жылы Фрунзеге келип, 1944-жылга чейин Кыргыз филармониясынын көркөм жетекчиси болуп иштейт. 1945-жылы Москвага кайтып, консерваторияда композиция кафедрасынын окутуучусу болот. 1959-1962-жылдары Кафедранын бөлүм башчысы, 1962-жылы профессор окумуштуулук наамын алып, көптөгөн композиторлорду тарбиялаган. Алардын ичинде белгилүү кыргыз композиторлору да бар, алсак А. Малдыбаев, М. Абдраев, А. Тулеев, А. Аманбаев, Т. Эрматов, Б. Глухов.
В. Ференин чыгармачыл эмгеги жогору бааланып, 1939-жылы Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, 1944-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамына татыктуу болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени (1939) жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун, Тажик ССРинин, РСФСРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Башкыр, Бурят, Чуваш, Чечен-Ингуш АССРнын, Тажик республикаларынын (1957), РСФСРдын (1963) искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор.
В. Г. Фере 1971-жылдын 2-сентябрында дүйнөдөн өткөн.
1932-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ал биринчилерден болуп СССР улуттарынын ар түрдүү фольклордук темаларын иштеп чыгуу менен алектенип, өмүр бою чыгармачылык менен байланыштуу болгон жакын досу В. Власовду да чыгыш элдеринин фольклоруна кызыктырган. Бул эки композитор элдик чыгармачылыка кайрылуу менен көп улуттуу совет искусствосунун башында туруп, профессионалдык жанрга өнүктүрүүгө көп жардамы тийген.
А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере биргеликте кыргыз профессионалдык музыкалык искусствосунун негизин түзүп, биринчи музыкалык драма, опера, балет, кантата, ораторияларды жазган. В. Фере биринчилерден болуп “Кыргызстан” симфониясын, камералык аспаптык, камералык вокалдык чыгармаларды жаратып, кыргыз ырларын жана күүлөрүн оркестрге иштеп чыккан.
Чыгармалары:
музыкалык драмалар: “Алтын кыз” (В.Власов жана А.Малдыбаев менен биргеликте, 1937), “Ажал ордуна” (В.Власов жана А.Малдыбаев менен биргеликте, 1938);
опералар: “Айчүрөк” (В.Власов жана А.Малдыбаев менен бирге, 1939), “Элдин бактысы үчүн” (1941, экинчи редакциясында – “Элдин уулу”, 1947), “Патриоттор” (1941), “Манас” (1946, экинчи редакциясы – 1966), “Ысык –Көл жээгинде” (1951), “Токтогул” (1958), “Таң атканга бир саат калганда же Таң алдында” (В. Власов менен бирге, 1967), “Алтын кыз” (1973), “Ведьма” (В. Власов менен бирге, 1961), “Бедные крылья” (В.Власов менен бирге, 1979);
балеттер: “Анар” (В. Власов менен бирге, 1940), “Селкинчек” (В. Власов менен бирге, 1943), “Шурале” (Ф. Ярулиндин музыкасына иштеп чыккан, 1950), “Ала-Тоо жазы” (1955);
симфониялык оркестрге: “Край любимый” сюита (1928), симфониетта (1929), “Кыргызстан” симфония (1947), “Вьетнам” (1969);
хор, оркестр жана солисттер үчүн ораториялар: “Бакыт жөнүндө” (В. Власов жана А. Малдыбаев менен бирге, 1949), “Кыргыз колхозундагы үйлөнүү той” (В. Власов жана А. Малдыбаев менен бирге, 1970);
кантаталар: Кыргыз ССРинин 20-жылдыгына карата салтанаттык юбилейлик кантата (В. Власов жана А. Малдыбаев менен бирге, 1946), “В родном колхозе” (сөзү Н. М. Грибачева, В. Власов менен бирге, 1950), “Пой народ о Ленине” (сөзү В. Винников жана В. Ференики, В. Власов жана А. Малдыбаев менен бирге, 1964);
камералык аспаптык ансамблдер: скрипка жана фортепиано үчүн соната (1925), “Пережитое” сюита (1926), кыл аспаптар үчүн квартет (1946);
фортепиано үчүн: соната (1928), сонатино (1928);
хорлор: “Полководец Фрунзе” (1940), “Песня о генерале Панфилове” (сөзү В. Винниковдуку, В.Власов менен бирге, 1941);
вокалдык цикл: “Жаштык менен жоолугуу” (үн жана оркестр үчүн, 1960); ошондой эле романстарды, ырларды, драмалык спектакль үчүн музыкаларды жазган.
Жарык көргөн эмгектери:

- Филармония – Сов. Киргизия, 2-ноябрь, 1938;
- Первая киргизская музыкальная комедия. – Сов. Киргизия, 21-январь, 1943;
- Симфония “Кыргызстан”. – Сов. Киргизия, 6-октябрь, 1946;
- Чембреджи Н. К. (Д. В. Кабалевский менен бирге) – Сов. музыка, 1948, №2, 126-137-беттер;
- Прекрассный расцвет азербайджанской музыки (И.Нестьев менен бирге) – Сов. музыка, 1949, №12, 15-21-беттер;
- Музыкально-творческая жизнь Узбекистана. – Сов. музыка, 1951, №10, 6-10- беттер;
- Музыка в Таджикистане. – Сов. музыка, 1957, №5, 23-бет;
- Расцвет киргизской музыки. – Сов. музыка, 1958, №10, 4-15-беттер;
- Московская консерватория в 20-е годы. – Сов. музыка, 1958, №11, 7-15-беттер;
- У вьетнамских друзей. – Муз.жизнь, 1965, №2, 142-145-беттер;
- Георгий Львович Катуар. – В сб.: Выдающиеся деятели теоретико-композиторского факультета Московской консерватории. М., 1966;
- Наш учитель Николай Яковлевич Мясковский. – В сб. Воспоминание о Московской консерватории. М., 1966;
- Киргизия (О творчестве композитора А. Малдабаева). – Сов. музыка, 1966, №1, 34-36-беттер;
- Держановский В. В.Г.Фере. – Сов. музыка, 1929, №32, 17-31-беттер;
- Гаджибеков У. Ажал ордуна. – Комс. правда, 1939, 29-май;
- Шапорин Ю. “Айчүрөк”. – Правда, 1939, 27-май;
- Свешников А. “Патриоты” – Сов. Киргизия, 1941, 23-ноябрь;
- Виноградов В. А.Малдыбаев, В.Власов и В.Фере. – Сов. Композитор, 1958;
- Баласанян С., Раухвергер. М. Наш друг Владимир Фере. – Сов. музыка, 1962, №7, 152-153-беттер;
- Алагушов Б. В.Фере – Кыргыз композиторлору китебинде. Киргосучпедгиз, Ф., 1964;
- Власов В. Памяти В.Г.Фере. Слово о друге. – Муз.жизнь, 1971, №22, 9-бет;
- Власов В. Памяти В.Г.Фере. Слово о друге. – Муз.жизнь, 1972, №7, 23-бет;
- Чулаки М. В. Г. Фере. – Сов. музыка, 1972, №1, 159-бет;
- Алагушов Б. В. Фере – Сов.Кыргызстан, 20-май, 1972;
- Алагушов Б. Белгилүү композитор. – Кыргызстан маданияты, 20-май, 1982;
- Алагушов Б. Фере Владимир Георгиевич. – Кыргыз музыкасы (энциклопедия). Бишкек: “Бийиктик”, 2007, 476-бет;
- Пантелиреиз А. Фере Владимир Георгиевич. – “Композиторы Киргизии”. Фрунзе: “Кыргызстан”, 1982, 116-119-беттер.
- Д. Алсаитова