АРТЫКОВ КАДЫРАЛЫ

  • Композитор Кадыралы Жусупович Артыков Кыргыз ССРнин Ош областына караштуу Ленин районундагы Рахманжан айылында (азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен району) 1961-жылдын 3-февралында төрөлгөн. Мектептен кийин 1979-1983-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ошол эле педагогикалык институтта музыкалык-аткаруучулук кафедрасында окутуучу болуп баштаган. 1989-2005-жылдары Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы Кыргыз-түрк балдар лицейинде музыка мугалими болуп эмгектенет. Мугалимдик кесип менен кошо Кыргыз Улуттук консерваториясында окуусун улантып, 1995-жылы композиция бөлүмүн бүтүрөт. 2005-2012-жылдары Кыргыз экономикалык университетинин Маданий-эстетикалык борборунун директору болду. 2012-жылдан бери И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын профессорунун милдетин аткарып, 2025-жылы профессор наамына ээ болуп, учурда Искусство жана дизайн факультетинин деканы кызматын аркалап келет. К. Артыков Ата-журтка, достукка, махабатка ж. б. темаларга арналган элүүдөн ашык обондордун автору. Алардын ичинен “Кыялдануу”, “Досторума”, “Барам сага”, “Таазим”, “Жер эне” ж.б. элге киңири тараган ырлары бар.
  •           Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2022) К. Артыков 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлер союзуна, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын композиторлор союзуна кабыл алынган.
.
АЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ:
1989-ж. Обончулардын Ош областык кароо-сынагында 1-орун;
1989-ж. Обончулардын республикалык кароо-сынагында 2-орун;
1993-ж. Патриоттук ырлардын Бишкек шаардык кароо-сынагында 1-орун;
1998-ж. Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин ардак грамотасы;
1999-ж. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги;
2006-ж. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
2007-ж. Залкар обончу Р.Абдыкадыровдун 65-жылдыгына карата өткөрүлгөн аткаруучулардын    республикалык кароо-сынагында “Баш   байге”.
2011-ж. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер – ардак наамы;
2016-ж. “Тарых жана маданият” жылына карата КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КР композиторлор союзу биргелешип  өткөргөн “Атуулдук ырлардын” республикалык сынагында “Кыргыз Руху” обону үчүн   1-орун.
2019-ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү  боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» медалы;
2022-ж. Кыргыз Республикасынын Эл артисти – ардак наамы.
2023-ж. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КР композиторлор союзу биргелешип  өткөргөн  “Жаңы обондуу ырлардын” республикалык ачык кароо-сынагында “Кыргыз жери” обону үчүн   3-орун.
2025-ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин деканы, профессор.
Чыгармалары:
симфониялык оркестрге: “Симфониялык поэма”; Кыл аспаптар ансамбли үчүн «Квартет»; Фортепиано үчүн пьесалар;
        хорлор: «Теңир уулу Эр Манас» (сөзү А.Жакыпбековдуку), «Кыргыз Руху» (сөзү К.Иманкулованыкы), «Жалал-Абад», (сөзү С.Тургунбаевдики), «Кыз куумай» (сөзү А.Чойбекованыкы), «Апакем» (сөзү А.Дуйсенбиевдики) ж.б.;
        балдар үчүн ырлар: «Апакем» (сөзү А.Дуйсенбиевдики), «Теңир уулу Эр Манас» (сөзү С.Рысбаевдики), «Мөл булак» (сөзү Р.Сатыбалдиевдики), «Сапат Гимни» (сөзү А.Муратовдуку) ж.б.;
        ырлар:  «Мырзайым» (сөзү С.Рысбаевдики), «Таазим» (сөзү А.Акбаровдуку), «Жашоо майрам» (сөзү С.Рысбаевдики), «Нуска сөз» (сөзү Р.Сатыбалдиевдики), «Кел бийлейли курбулар» (сөзү Н.Жүндүбаеваныкы), «Кыргыз Руху» (сөзү К.Иманкулованыкы), «Кыргыз жери» (сөзү Ч.Бектурованыкы), «Ала-Тоом» (сөзү Э.Ибраевдики) «Жалал-Абад»  (сөзү С.Тургунбаевдики), «Кыштагыма» (сөзү А.Акбаровдуку) ж.б.;
           романстар: «Кыялдануу» (сөзү А.Чойбекованыкы), «Барам сага» (сөзү А.Чойбекованыкы), «Кайдасың» (сөзү А.Чойбекованыкы), "Балалыкка күчөйт энсөөм, кумарым" (сөзү А.Маткеримовдуку), "Жер эне" (сөзү И.Исабековдуку) ж.б.
Басмадан чыккан эмгектери:
  • Жалпы билим берүүчү мектептердин 5-6-класстары үчүн «Музыка» окуу китеби жана «Мугалимдер үчүн колдонмо». Бишкек, 2018, экинчи басылышы 2020.
Библиография:
  • Алагушев Б. Кыргыз музыкасы (энциклопедия). Бишкек, 2007, 174-бет;
  • Д. Алсаитова


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019