Айтбосунов Бактыбек Тентиевич

          1965-жылы Ысык-Көл облусундагы Түп району, Күрмөнтү айылында төрөлгөн.
          1973-1984 жылдарында Фрунзе шаарындагы М.Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектепте фортепиано бөлүмүндө окуп аяктады.
          1984-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институна фортепиано бөлүмүнө тап шырып, 1995-ж К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик консерваториясында композиция болүмүн аяктап,1999-жылыына чейин үн жазуу кабинетинде башкаруучу болуп иштеди.
          Андан тышкары:
Кыргыз филармониясы, ТЮЗ, Тунгуч, Куудулдар, Опера жана балет театрларында ж.б. иштеди.
          Азыркы убакта Бишкек шаарындагы музыкалык мектептерде теория жана фортепиано бөлүмдөрүндө мугалим болуп иштөөдө.
 Бош убакта аранжировка менен иштейт, студиясы бар.
2025-жылдан бери Композиторлор союзунун мүчөсү.

Чыгармалары:
           
1.  Симфониялык поэма "Дастан"
2. Трио "Ат чабыш" (кыл аспаптар жана фортепиано үчүн)
3.  Квартет (кыл аспаптар үчүн).
4. Скрипка жана фортепиано үчүн чыгармалар:
      1) "Мезгил"
      2) "Керез"
      3) "Жолугаармын"
5.  Фортепиано үчүн чыгармалар:
      1) "Юмореска"
      2) "Прелюдия"
      3) "Ожидание"
      4) "Эсимде"
      5) "Размышление"
6.  Хор үчүн чыгармалар:
 1)  "Ата-журт" сөзү Ж. Мамытовдуку
 2) "Учителю музыки" сл. Н. Бурцева
 3) "Апакемдин майрамы" сөзү Канатовдуку
7.  Вокал жана эстрада үчүн ырлар:
1) "Теңир уулу эр Манас" сөзү А.Жакыпбековдуку.
  2) "Энеке" сөзү Б. Айтбосунов.
  3) "Апалар" сөзү М. Жангазиевдики,
  4) "Таалайымдан сурайын" сөзү Ж. Мамытовдуку.
   5) "Сырдуу жигит” сөзү Ж. Исабаеваныкы
   6) "Назданып" сөзү Л. Асанбекованыкы ж.б.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019