ӨМҮР БАЯН
Молдояров Нуржигит Бактыбекович 1999-жылы 3-июнда Талас облусунун Талас шаарында төрөлгөн. 2015-жылы Талас шаарындагы №8 орто мектебин, 2019-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап, “Контрабасчы” адистигине ээ болгон. 2023-жылы ошол эле окуу жайдан “Вокалдык искусство” адистигин алып чыккан. 2025-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аяктап, “Композитор, адис окутуучу” адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 2016-жылы баштап, азыркы күнгө чейин Бишкек мэриясына караштуу чоң Симфониялык оркестрде музыкант болуп эмгектенип келет.
Эл аралык жана республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып, Башкортостан Республикасында өткөн композиторлордун эл аралык кароо-сынагында “Скрипка жана фортепиано үчүн скерцо” аталышындагы чыгармасы менен 1-орунду жеңип алган (2021), КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Атуулдук жаңы ырлар” аталышындагы композиторлордун республикалык кароо-сынагында, Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган “Ысык-Көл” аталышындагы ыр менен 3-орунду багындырган (2021), Орто Азия романсиадасы эл аралык кароо-сынагында 2-орунга ээ болгон (2022), КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган композиторлордун республикалык кароо-сынагында “Музыка экөөбүздү жолуктурсун” аталышындагы ыры менен Баш байгени жеңип алган (2023), Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган “Махабат обону” аталышындагы вокалисттердин кароо-сынагында 3-орунду алган (2023), “Орто Азия романсиадасы” аталышындагы вокалисттердин эл аралык кароо-сынагында Баш байгени багындырган (2024) жана башка бир нече кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болгон.
2019-жылы КР маданият кызматкерлеринин күнүнө карата жумушун берилгендик менен сапаттуу аткарганы үчүн, профессионалдык чеберчилиги, кесибине чыгармачыл мамилеси үчүн Бишкек мэриясына караштуу маданият башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2019-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2023-жылы КР маданият кызматкерлеринин күнүнө карата маданият жана искусствого кошкон зор салымы, профессионалдык чеберчилиги, кесибине чыгармачыл мамилеси үчүн Бишкек мэриясына караштуу маданият башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2023-жылы Эл аралык “Нурборбор” чыгармачыл ададемиясы жана “Жаңы толкун” адабий клубунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
2023-жылы маданият тармагына кошкон зор салымы үчүн Талас шаардык маданият башкармалыгынын Ыраазычылык каты менен сыйланган.
2025-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Нуржигит Молдояровдун көптөгөн аспаптык жана аваздык чыгармалары окуу куралдар жыйнактарына кирип, музыкалык мектептердин, орто жана жогорку окуу жайлардын окуу процесстеринде тынымсыз пайдаланылып келет.
Кыргыз музыканттары Н.Молдояровдун чыгармаларын ойноп республикалык жана эл аралык деңгээлдеги конкурстарга катышып, байгелүү орундарга алып келишүүдө.
Н.Молдояров 2016-жылдан бери КР маданий иштерине активдүү аралашып, музыкант, ырчы, композитор катары маданият тармагында тынымсыз эмгектенип келет. Ал катышкан маданий иш чаралардын саны арбын, 2024-жылы Түрк мамлекеттер шериктештигинин 11-саммитине катышкан, 2025-жылы ОДКБнын саммити, 2025-жылы Монголиянын Президентинин урматына уюштурулган концертке катышкан.
Симфониялык оркестрдин артисти катары республикалык, эл аралык маданий иш чараларга, концерттерге катышып келет.
Нуржигит Молдояровдун чыгармалары:
1. Симфониялык картина “Экспрессив” (Дастан Биримкулов менен биргеликте).
2. Скрипка жана оркестр үчүн “Тарантелла”
3. Кларнет жана оркестр үчүн “Скерцо”
4. Квартет үчүн пьеса
5. Эл аспаптар оркестри үчүн “Кербен кайрык”
6. Фортепиано үчүн “Жараланган ак куу”, “Кичинекей вальс”
7. Хор жана фортепиано үчүн “Улук мекен”, “Кыргызстан”, “Мекеним”
жана башкалар.
Обондуу ырлары:
1. Музыка экөөбүздү жолуктурсун (автор)
2. Жайдын кечи (сөзү: Ж.Бөкөнбаев)
3. Туулган жердин үзүрү (сөзү: Н.Алымбеков)
4. Ысык-Көл (сөзү: А.Осмонов)
5. Мен деп бил (сөзү: М.Райымбеков)
6. Балакайым
7. Сүйүү ыры
8. Махабат ыры
9. Бөксөрбөчү, Ата мекен (сөзү: Н.Алымбеков)
10. Элегия (сөзү: А.Жакыпов)
11. Аттиң ай (сөзү: С.Жусуев)
12. Шахрезадам (сөзү: Ш.Дүйшеев)
13. Деңизде (сөзү: А.Жакыпов)
14. Кечирип кой (сөзү: А.Токомбаев)
15. Чын сүйүү (А.Токомбаев)
16. Умсунай
17. Жан ата
18. Вальс бийлейли
19. Кыргызстан (сөзү: А.Исмаилов)
20. Балалыгым
21. Тоо башында (сөзү: М.Райымбеков)
22. Биздин сүйүү (сөзү: М.Рыскулов)
23. Көрүшөм качан сен менен (сөзү: Б.Райымбеков)
24. Дыйкандарга Ода
25. Бир кайрылып келермин (сөзү: О.Султанов
26. Карагат көз (сөзү: С.Жигитов)
27. Сагынтсаң (сөзү: Г.Исаева)
28. Сүйүүм гана түбөлүк (сөзү: Б.Асылбеков)
29. Сүйүп калдым (сөзү: С.Толукбаева)
30. Туулган жер (сөзү: А.Жээнтаева) ж.б.