Аманбаев Исирадин Абдилашимович

        Композитор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2001 ж), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1998 ж) Маданияттын мыктысы (2007 ж), КР эл артисти (2021). Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун «Көңдүк» айылында 1964-жылы 16-мартта туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыка жана ырдоо бөлүмүн (1980-1984 жж.) бүтүргөн, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият институту (1988-1993 жж) андан кийин Кыргыз Улуттук Консерваторияны (1993-1995 жж.) аяктаган.
Жалпы билим берүү мектептеринде музыка мугалими (1984-1988 жж.) Кыргыз- Түрк  лицейинде маданият бөлүмүнүн жетечиси (1995-1998 жж.) Билим илим жана маданият Министрлигинин башкы адиси (2003-2007 жж.) Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагынын атайын өкүлү (2007-2008жж), Ош мамлекеттик Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын Директору(2008-2011жж.), 2011-жылдын апрель айынан баштап М.Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын Директору болуп иштөдө. Кыргыз Республикасынын композитор союзунун мүчөсү (1999 ж.) 2020-жылы М. Абдраев атындагы сыйлыктын лауреаты.

 Башкы чыгармалары.  
Симфониялык:Симфониялык поэма (1995ж.) Камерно-инструменталдык: фортепиано үчүн 7 пьеса (1997ж.) Фортепиано жана скрипка үчүн вариация (2000 ж.) Фортепиано үчүн рондо (2005 ж.)  Хорлор: «Тоолук кыз болду периштем » (сөз. А.Кыдыров ) «Мөл- булак » (сөз. Т.Жороев) ж.б. Ырлары «Нестан-Дарежан» (1985ж. съз. Э.Мамытов) «Соё Къл баяны» (1986 ж съз.Э.Мамытов) «Мөл -булак» (1986ж сөз. Т.Жороев) «Ай жарык» (1987 ж сөз. М.Алыбаев), «Гитара» (1988ж сөз.А.Кадыров) «Жетиген» (1989ж сөз. К.Култегин), «Үркөр» (1997 ж сөз. А.Рыскулов),  «Айданек» (1999 ж сөз. К.Култегин) 80 ашуун ыр.

 Нотография: «Мөл булак» ырлар жыйнагы «Кант» 1994 ж. «Толук кыз болду периштем»ырлар жыйнагы Бишкек шаары. «Бийиктик» 2004 ж «Мен сени издеп келем» жыйнак. «Ыр менен жолугушуу» Фрунзе ш. «Кыргызстан» 1987-ж «Үркөр» жыйнак. «Кербез» Бишкек шаары. «Учкун» 1996-ж. «Китеп» жыйнак. «Балакербез» Бишкек ш. «Учкун» 1998-ж «Эл жерди сактайбыз, Эл үчүн биз даяр»  жыйнак. «Кыргыз милиция маршы» Бишкек шары 1990-ж. «Соң-Көл баяны», «Жолугалы Ак-Бууранын боюнан», «Өттү - күндөр», «Тоолук кыз болду периштем», «Нестан-Дарежан» жыйнак. «Соң –Көл баяны» (партитура) Ош ш. «Дек-Арт» 2007 ж. «Мугалим эжем ал менин», жыйнак. «Балдарга ыр десте», Бишкек ш. «Бийиктик» 2008ж.

Библиография: Композитор И. Аманбаев («Кыргыз туусу»- 1999ж. 6-8 июль). Өмүрбек Доолоев И. Аманбаев- «Соң Көлдө» (Айыл турмушу1994ж. 4-август). А. Амиркулов «Мен тоолорду сагынам» («Эркин -Тоо» 1994ж. 25-май) . З.Бутаканов «Мен сендикмин музыка» («Кыргыз Руху»1992ж. 24июнь) Б.Бердалиев «Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жакса» («Ленин жолу» 1987-ж. 17-ноябрь) К.Осмонов «Новые имена» («Ленинский путь»1991ж. 14-августь)  Б.Кулназарова «Оор жолдун башталышында» («Мугалимдер газетасы» 19898ж. 17-ноябрь) Т.Казаков, Р.Абдыкадыров «Мъл Булак» («Кыргыз Руху» №36 (55)). А.Акбартегин «Кылымдын чертип кылдарын» («Асаба»1992ж. 19- сентябрь) Т.Жакшыбаев «Ыр дүйнөсундөгү чыйыр» («Чүй баяны» 1992ж.) ж.б.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019