Түгөлбай Токтогулович Казаков
              
Түгөлбай Казаков 1951-жылы 28-майда Талас районундагы Көпүрө-Базар айлында төрөлгөн. Ошол айылдагы орто мектепте, борбордогу № 5- мектепте окуган.
1973-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүрүп, Ысык-Көл раймаданият үйүнүн директору, Каракол университетинин кафедра башчысы, Мамтелерадиодо редактор, баш редактор, төрага, Маданият министринин биринчи орунбасары, “Асаба”, “Агым”, “Алас” гезиттеринде баяндамачы, баш редактор, коомдук телерадиокорпорацияда баш редактор, КР маданият министри болуп иштеген.
“Ырлар”, “Биринчи кар”, “Эсимде-1”, “Эсимде-2”, “Эсимде-3”, “Жамгыр” аттуу китептердин автору.
Ондогон даректүү тасмалардын, “Ат жалын бек карма”, “Түркүн тагдырлар”, “Терек канча жыл жашайт”, “Махабат дастаны”, “Кайран эл”, фильмдеринин музыкасын жазган.
Орто Азия жана Казакстан республикаларынын жаш кинематографисттеринин фестивалдарында кинокомпозитор катары эки жолу жеңүүчү болгон.
Обондору республикалык, эларалык бир нече конкурстарда баш байге, ар түрдүү сыйлыктарды алышты. Айрымдары түрк, орус, казак, азарбайжан, түркмөн, өзбек тилдерине которулуп ырдалып жүрөт.
“Боз жорго” аттуу аспаптык чыгармасы биздин академиялык симфоркестрдин, үйлөмө аспаптар оркестринин жана Астанадагы симфоркестрдин репертуарында жүрөт.
“Атай” сыяктуу даректүү фильмдердин, социалдык роликтердин сценарийлерин жазган.
Межелайтис, Дгебуадзе, Жилинскайте, Снегирев, Мырзалиев, Макатаев, Есдаулетов, Айт уулу, Невсави, Тагор, Арлингтон ж.б. чыгармаларын кыргызчага которгон. Алар басылып чыккан.
Эларалык музыкалык коомдун (Москва) башкармалыгында, АКШнын экс-президенти Ж. Картердин эларалык коомунда мүчө болгон.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын, эларалык “Түрксой”, “Руханият” сыйлыктарын, жана башка ар түрдүү сыйлыктарды алган.
Эки университеттин ардактуу профессору.
1988-жылы “КР эмгек сиңирген артисти”, 2005-жылы “КР эл артисти” наамын алган. 2021-жылы 3-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.



Казаков Түгөлбай Токтогулович (28-май 1951, Көпүрө-Базар, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССР) – кыргызстандык обончу, композитор, публицист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2005), Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү (2007). Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүгкөн (1973). Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору, Ысык-Көл элдик театрынын режиссёру (1973-76), Каракол мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы (1976-79), Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин редактору, башкы редактору (1979-92), 1990-ж. Кыргызстан өнөрпоздор союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын телерадио корпорациясынын төрагасы (1992-93), Кыргыз Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары (1993-96), «Алас» гезитинин башкы редактору (2005-07), Улуттук телерадио корпорациясында «Ибарат» борборунун продюсери (2007-09), 2009-жылдан ошол эле жерде Атайын долбоорлор башкы редакциясынын Башкы редактору. Чыгармачылыгы 1970-жылдары башталган. Чебер аткаруучу катары да таанымал. 70тен ашык обондун автору. «Алтын балалык», «Жамгыр», «Сырдуу көл», «Жолдор», «Элегия», «Коштошуу», «Сүйүү жазы», «Кечки эскерүү», «Күйдүргү», «Шумкар» ж. б. ырларга, ошондой эле «Түркүн тагдырлар», «Терек канча жыл жашайт», «Махабат дастаны», «Кайран эл» толук метраждуу көркөм тасмаларга, 30га жакын даректүү фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган. К. Орозовдун «Насыйкат», Д. Нурпеисованын «Асем коңыр» аттуу күүлөрүн аткарган. «Биринчи кар» поэтикалык (1989), «Ырлар» (1984) аттуу обондуу жыйнактардын автору. Жаш кинематографисттердин республикалык конкурстарынын эки жолку жеңүүчүсү (1984, 1985). Бүткүл союздук телеконкурстун (1971, Пермь ш.), Эл аралык жаш таланттар фестивалынын (1974, Кишинёв ш.) лауреаты. Сомалиде (1977), Швецияда (1978), Финляндияда (1988) өткөн СССР маданият күндөрүяүн катышуучусу. Т. Казаковдун «Жамгыр» ж. б. ырлары Польша, Португалия, Сирия, Кытай, Казакстан ырчыларынын репертуарларынан орун алган.

Чыгармаларынын тизмеси
«Алтын балалык» с. Ж.Алыбаевдики
«Элегия» с. О.Султановдуку
«Жамгыр» с. Т.Казаковдуку
«Сүйүү жазы» с. Р.Карагулованыкы
«Гүлзарлар» с. К.Адамалиевдики
«Эстелик» с. Т.Мамеевдики
«Гүлдөр» с. И.Исаковдуку ж.б.

Ноталуу китептери
Ырлар: Обондуу ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986.

Казаков, Т. Эсимде. Бишкек: Учкун, 2011. ISBN 978-9967-439-77-1
Х. Н. Анаркулов. Кыргыз эл оюндары. -Ф.: 1981, ISBN-10(13):5-65500669-3
“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5





Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019