АСАНКУЛ ЖАРКЫНБАЕВ

                         ( 1931-1996)
  
    Композитор, хор-дирижер.
  СССР композиторлор союзуна мүчөлүккө 1979-жылы кабыл алынган.
 Асанкул Жаркынбаев 1931-жылы 10 майда Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында туулган. Болочок композитор 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик М. Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы өнөр институнда билим алат. Ал жактан композитор катары 1976-жылы окуусун аяктайт.
  Иштеген мекемелери-1955-59-жылдары Фрунзе шаарынын №5 мектебинде хордон сабак берет. 1958-жылы Моосквада өткөн Кыргыз искусствосунну 2 декадасында мектеп хорунун жетекчиси катары катышкан.
  1959 жылы В. Маяковский атындагы аялдар педагогикалык институтунда улук окутуучу катары иштеп калат. 1976-жылдары Арабаев атындагы Педагогикалык институтунда музыкалык аспаптар кафедрасын жетектеп, ал жакта көп жыл жемиштүү эмгектенди.
  Композитор вокалдык жана аспаптык жанрларда иштеди. Үч симфониялык поэманын автору. Хордук чыгармалары дагы хор коллективинин репертуарында орун алган. Композитордун музыкасы жылуу лиризмге сугарылып, кыргыз улуттук ырчылык искусствонун башаты менен терең байланышта.
 Жаркынбаевдин “Кайдасың сен”, “Жийденин жыты”, “Сагынам”, “Тагдырым сага байланган” аттуу ырлары, “Ала Тоо”, “Алтын Чүй”, “Эмгек майданы” симфониялык поэмалары жана аспаптык пьесалары белгилүү.
  “ Ала Тоо” симфониялык поэмасы-программалуу чыгарма. Орус музыкасынын салтын жана кыргыз лирико-драматикалык симфонизм салтынады жазылды. Поэма туулган жер жана элинин тагдыры жөнүндөгү композитордун жалындуу монологу сыяктуу кабыл алынат. Кыргыз эл ырларына жакын тематизм үч темадан билинет. Эпикалык мүнөздөгү биринчи теманы виолончель менен фаготто кириш бөлүмүндө аткарышат. Бий ыргагындагы экинчи теманы жыгач үйлөмө аспаптар ойноп негизги тема экенин тастыктайт. Ал эми үчүнчү теманы виолончель аткарат. Бул тема дагы бир чети кайгылуу сызып чыгып, көмөкчү партия болуп каралат. Ушул темалар сонаталык форманын өзөгүн түзүп өнүгөт.
  Кыргыз фольклорунун салтту элементтери катары кварта-квинталык, плагалдык обороторду эсептесек, ал эми гармоникалык каражаттар боюнча европалык мектептин салтын колдонгон. Жаркынбаев “АлаТоо” аттуу поэмасын бир дем менен жазган.
  Дегеле композитор симфониялык поэмага көп карылды. Мисалы “Алтын Чүй” поэмасы Чүй өрөөнүнүн эмгекчилерине арналды. Албетте чыгарманын башталышында эле эпикалык жана баатырдык маанай көрсөтүлгөн. Негизги бий темасын кийин кеңири өрчүтөт. Ал эми көмөкчү партия кыргыз элдик кошок ырларына окшоштугу менен айырмаланды. Бул чыгармада ар бир теманы композитор ар кыл ыкма менен иштеткен.Варианттык-вариациялык ыкмадан тартып, фугатолук өнүгүү жана кульминацияга жеткирип, анан күтүүсүздөн тынчтана токтоп калат. Акыры гимн сыңары оптимистик жыйынтык катары кубаттуу аяктайт.
  Ушул поэмалардан соң, Жаркынбаев өз күчүн ыр жанрында гана көрсөтө албастан, симфониялык поэмада дагы өз кол тамгасын таба билгени байкалат.
   Асанкул Жаркынбаев 1979-жылы СССР композиторлор союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. КРнын элге билим берүүсүнүн отличнигинин төш белгиси, “Эмгек ардагери” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советнин Ардак граматасы менен сыйланган.
   Ал эми 1996-жылы Бишкек  шаарында коомчулугубуз композиторду акыркы сапарга узатты.
                   НЕГИЗГИ  ЧЫГАРМАЛАРЫ
 
   Симфониялык чыгармалар: үч поэма “Ала-Тоо” ( 1975), “Алтын Чуй” (1977), “Эмгек майданы” (1981);
  Камералык аспаптык музыка: фортепиано үчүн скерцо (1970), фортепиано үчүн беш прелюдия (1971), фортепиано үчун алты прелюдия( 1972), скрипка, виолончель жана фортепиано үчун трио ( 1973), скрипка жана фортепиано үчүн соната (1974),
  Ырлар, романстар, хорлор: (50гө жакын); “Кайдасың сен” (с. Т. Кожомбердиевдики, 1967), “Бульварым” (с. С. Асанбековдуку, 1985), “Анара” (с. К. Курманбаев, 1985), “Кыргызстан”, “Сагынам” (1963),  (экөө тең сөзү. К. Абдрахманов, 1986), “Жийденин жыты”, “Ыр жана сен”, “Алтын Чынар”(с. С. Жусуевдики). “Тагдырым сага байланган”, “Чанагын ачкан гүлсүңбү”, (с. Э. Ибраевдики).
 Хор “Көзүңөн ий, көзүңөн” (с. Барктабас Абакиров), “Чабан кызга” (с. Т. Тыныбеков, 1964), “Шандуу чыгат кыргыз үну”(с Т. Кожомбердиев),  ж.б.
                         НОТОГРАФИЯ
 “Ырлар”. Жыйнак. Ф.: Кыргызстан, 1985.
                                       
                                             Түзгөн Жыпар Акматова.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019