Касымбеков Жумашбай Орозалиевич . Композитор.
1987-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү.                                                      М. Абдраев атындагы  сыйлыктын лауреаты ( 2017).
1951-жылы 12- апрелде  Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң  айылында туулган. Атасы Орозалы колхоздо эсепчи , апасы Шайырбүбү элдик ырларды, дастандарды мыкты билген, белгилүү кошокчу болгон.  Апасынын таасиринде Ж. Касымбеков  “Болбосо экен”, “Биринчи достук жөнүндө ыр” ырларынын  сөздөрүн өзү жазып, сегизинчи класстан обондорун  чыгарган.  Айылда Дөөлөтбак агайынан комуз черткенди, кыяк тартканды үйрөнөт. Мектепте музыка мугалими  Сапа Абдрахманов болочок композиторду музыка дүйнөсү менен  тааныткан алгачкы устаты.
1968-жылы  Фрунзедеги музыкалык-педагогикалык училищага “Хордун дирижеру” адистиги боюнча тапшырат. Экинчи курста советтик армиянын катарына чакыртылып, Казакстандын Акмоло областында Державинск деген шаарда курулуш батальонуна туш келет. Ушул жерден аскер оркестрин уюштуруп, марштарды ойнотуп, оркестрге чыгармаларды жазганды да үйрөнөт. Эки жылдан кийин кайрадан окуусун улантып, “Студент”, ( Ж. Касымбеков)“ Кыздар, кыздар”( К. Зарлыкова) ,”Кызыл гүлүм”( Т. Элеманов), “Бир көрүнсөң” ( Э. Жаныбеков), “Таңкы жел” ( А. Жакшылыков) ырларын саксофон, бас гитара, труба, аккордеон, комуз, урма аспаптарын кошуп, ырларды коштоонун жаңыча үлгүсүн  жаратат. Алгачкы ырларын А. Ибраев, Ж. Кайыпов, С. Нураков, А. Чикеев, Х. Чотчаев ырдаган.
1975-жылы Ж. Касымбеков Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна композитордук бөлүмүнө тапшырат. Алгач Кыргыз ССРинин эл артисти, профессор Мукаш Абдраевден окуп, Мукаш Абдраевдин көзү өтүп кеткен соң Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Таштан Эрматовдон, 1979-жылдан тарта  СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдон композициядан, инструментовкадан таалим алат. Ж. Касымбеков Экинчи курста Ленинградда  өткөн жаш композиторлордун музыкалык фестивалына катышып,”Күздөгү кат” ( сөзү О. Абдылдаев), “ Комсомол” ( Т. Үмөталиев) ырлары аткарылат. Төртүнчү курста “Труба жана симфониялык оркестр үчүн концертинонун” партитурасын толук жазып, трубада Чоро Шалтакбаев ойноп, Асанкан Жумакматов оркестр менен  Т. Абдымомунов атындагы театрда биринчи жолу  элге тартууланат. ( 80 жылдары концертинону кайрадан иштеп чыгып радиого жаздырат).  Институтта жазган “Кыргыз көлү” акапелласынын тасмасы   Москвада Т. Хренников  жетектеген композиторлорго  угузулуп, гонорары да төлөнүп берилген.
 “Жыл мезгилдери” фортепианолук түрмөк, “Алыкулдун махабаты” аттуу лирикалык бир актылуу, төрт сүрөтүү операсын дипломдук иши катары жазат. Ариялар, ансамблдер, темалардын тандалышы Алыкулдун керемет текстерине байланыштуу иштелген. Ж. Касымбеков театр үчүн жазган чыгармаларынын дагы бири  “Эр Төштүк” балети. Либреттосун композитор өзү жазган.( 1991).
Ж. Касымбековдун симфониялык жанрдагы  “Симфониялык оркестр үчүн Рапсодия - Поэма” эпикалык маанайда, арман, аруулук, лириканы камтыган импровизациялык контрастуу эпизоддордон турган эркин формада (До-Мажор).1986-жылы Кыргыз телерадиосунун  симфониялык оркестри менен жазылып, “Алтын казынага” кабыл алынган.                                                            1987-жылы “Той” аттуу  симфониялык вариациясында байыркы элдин турмушун, көчмөндүк жашоо жолун, урма аспаптарда кагылган добуштар өткөн замандын доор аянын билдирип тургандай.  Элдик салтанат,  ат чабыш, кыз оюндары, кубаныч вариациянын драматургиясында аспаптардын туура колдонулушу, теманын өнүктүрүлүшү менен, фактуралык, гармониялык, ладдык, тоналдык, тембрлик, полифониялык көркөмдүктөр менен өсүп –өнүгөт. 
1991-1996-жылдары Ж. Касымбеков Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасынын орун басары болуп иштейт.  Ошол учурларда Иваново шаарына барып  орус композитору Георгиевдин устаттыгы алдында ( консультант) “Рапсодия”, “Симфониялык оркестр үчүн Вариациясын”кайрадан  жазган.
Ж. Касымбековдун чыгармалары Алма-Ата, Москва, Ленинградда бир нече ирет аткарылган.   “Кларнет жана фортепиано учүн фантазиясын”  Москвалык музыканттар аткарып, А. Шниткенин таасиринде эркин формада, жаңыча музыкалык техника менен жазылганын белгилешкен. Кийин М. Бурштин -фортепианодо, кларнетте - В. Швырков аткарып, радионун “Алтын казынасына” өткөрүшкөн.
Камералык-аспаптык чыгармалардын ичинен “Фортепиано жана урма аспаптары учүн сонатада” ( 1983)  Ж. Касымбеков  кыргыз композиторлорунун ичинен биринчилерден болуп жалаң урма аспаптарын масштабдуу түрдө колдонгон.  Кичи барабан, челеста, тарелка, кытай коробкасы, ж.б. аспаптар. Жаратылыш, Ысык-Көлдүн кооздугу, толкуну, кулпурган берметтери,тоолор, -  лирикалуу тема сүрөткердин өзүнүн ой-толгоосу, көз карашы... Сонаталык формада  эпизоддук  тема катары Асанкалый Керимбаевдин “Сулууга” ырынын кайрыгы, кичи  барабан- жаштык дем, челеста – күндүн чагылышкан нурун , кытай коробкасы- жоргонун басыгын келтирип, тарелка – баарынын көңүлүн өзүнө тартып, фортепиано – баардык көркөм боекторду толуктап тургандай  добуштары менен таасирдүү. Сонатанын  үн тасмасы Алма-Ата, Ташкент, Санкт-Петербург, Ереван, Польшада угузулган.
“Фагот, урма аспаптары жана фортепиано үчүн концерттик күү”( 1983). “Урма аспаптарда ритмикалык табылгалар, фаготтогу гротеск, юмор бул өзүнчө жаңылык” деп баа берген Владимир Власов.
Ж. Касымбеков балдар үчүн  жазган обондуу ырлардын түрмөгү:                   “Кышкы таң”( Эркин Жаныбеков); “ Жакшы окуучу боломун”, “Жаз келгенде”, “Комуз”, “Күз келгенде”, “ Ата-энеме”  сыяктуу алты ырдын сөзү  өмүрлүк жары филология илимдеринин доктору, Манас коомдук академиясынын академиги , манас таануучу Жылдыз Орозобекованыкы.
Ж. Касымбеков чыгармачылык менен  педагогикалык ишти да аткарып келди. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык училищада, Б. Бейшеналиева атындагы  Искусство Институтунда болочок музыканттарга сабак берди.

2021-жылы 18-мартта коронавирус оорусунан көз жумду.
Ж. Касымбековдун чыгармалары:
 “Симфониялык оркестр үчүн вариация”, “Симфониялык оркестр үчүн Рапсодия-поэма”.
“ Фортепиано, фагот жана урма аспаптары үчүн концерттик күү” ,“ Труба жана фортепиано үчүн  Романс”, “ Кларнет жана фортепиано үчүн фантазия”.
Ырлары, хорлору:
 “Болбосо экен” ( Сөзү Ж. Касымбековдуку), “Кыздар кыздар” ( К. Зарлыкова), “Кызыл гүлүм” ( Т. Элеманов), “Студент” ( Ж. Касымбеков), “Бир көрүнсөң” ( Э. Жаныбеков), “Таңкы жел” ( А. Жакшылыков), “Сени  менен бийлегенге чарчабасмын” (К. Абдрахманов), “Кайран эр” (Г. Момунова), “Бара бер ыйык жолдо”, ( Б. Абакиров,  “Биринчи достук жөнүндө ыр” (Ж. Касымбеков), “Жадыра жашты”( Т. Үмөталиев), “Кайра келчи” ( С. Асанбаевдики), “ Кулүңдөп койчу” ( Ж. Абдылдаев, “Сен өмүрдүн сүйүүсү” ( И. Исаков), “ Кыргыз көлү” ( А. Осмонов) хор-а капелла.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019