БЕКБОЛОТ АБДРАИМОВ
                        
                            (1945- 2004)

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмери, композитор.
 СССР композиторлор союзунун мүчөсү ( 1985).
    1945- жылы  10 майда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулган. 1964-жылы Жалал-Абаддагы Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын ырдоо сабагынын мугалими деген адистик боюнча бүтүрөт. Ал эми 1971-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы өнөр институтунда Мукаш Абдраевдин классынан окуйт. 1970-жылдан тартып лирикалык, балдар ырларын, хорлорду жаза баштаган.
 Симфониялык оркестр, хор жана солист үчүн”Уркуя” аттуу кантатаны, симфониялык оркестр үчүн күүлөрдү, фортепиано, флейта, виолончель, скрипка үчүн баллада, рондо, сонаталарды жазат.
  Иштеген мекемелери: 1964-68-жылдары Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында педагог, ал эми 1968-71-жылдары Ноокат районунун пионерлер үйүндө директор, 1978-жылы “Кыргызфильм” киностудиясына музыкалык редактор болуп кирет.
  Бекболот Абдыраимов киностудия тармагында 15 жыл иштеген жана ал жанрга дагы кайрылып музыка жазган: “Карыя Меке  жана Кара баатыр”, “Эки коенек”, “Портрет”, “Он үчүнчү небере”, “Кургакчылык”, “Төкөр” жана башка балдар үчүн даректүү фильмдерге, спектакльдерге музыка жазган.
  Өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргыз телерадиосунун музыкалык редакциясында –көркөм кеңеште иштеп ошону менен катары “Кино музыка”деген уктуруулардын түрмөгүн даярдап, алтын фондуга өткөрдү.
  Бекболот Абдраимовдун жазып калтырган чыгармаларына токтолсок ар кыл жанрда үзүрлүү эмгектенди. Кантатадан тартып, камералык аспаптык музыка, шыгыр чыгармалары, өзгөчө ырлары обондуулугу, улуттук кайрыктарга жакындыгы менен айырмаланат. Аспаптык чыгармалары классикалык салтта, европалык музыканын формалык түзүлүшүндө жазылган.
  Композитор Бекболот Абдыраимов бар болгону 59 жаш өмүр сүрдү. Жүрөгү ооруп күтүүсүздөн өмүрү үзүлдү. Коомчулук  2004-жылы композиторду акыркы сапарга узатты. Өмүрү өткөн менен артында ырлары калды.
Бекболот Абдыраимовдун “Ак кайың”, “Кызыл алма”, “Менин сүйгөнүмдү түшүнгүн”, “Менин Алатоом”, “Томсортпо тоонун кечтерин”, “Тилмечти кайдан издейин” жана башка лирикалык ырлары угуучулар арасында өмүр улап келет.
  Абдраимовдун кеңири белгилүү чыгармасы-“Уркуя” кантатасы. Солист, хор жана симфониялык оркестр үчүн жазылган. Сөзү Насирдин Байтемировдун калемине таандык. Легендарлуу баатыр айым Уркуя Салиеванын отузунчу жылдардыгы эрдиги баяндалат. Чыгарма 5 бөлүмдөн турат.   Биринчи киришүү бөлүмүндө секетпай жанрындагы кварто- квинталык интонанциялык кайрыктар орун алган. Анан тенордун созолоңку ариясы дагы ушул кайрыктар менен уланат. Репризада аялдар аткарган хордо бекбекейдин интонациясы туюлат.
  Экинчи бөлүм Аллегро Модератор бир нече эпизоддон түзүлгөн. Мында отузунчу жылдардагы кайнаган күжүрмөн эмгек өзүнчө музыкалык рит менен , манасчынын интонациясындагы хордун репликасы ошондогу дыйкандардын жаңы жашоосун сүрөттөйт.
  Үчүнчү бөлүк душмандардын Уркуянын жанын кыйганын баяндайт. Синкопалык татаал ритм, ал эми хордун вокализи-элдин ыйы катары туюлат. Андан соң “Эненин ыйы”деген эпизод-чыгарманын кульминациясы катары каралат. Түштүк кыргыздардын ладдык жана тематикалык өзгөчөлүктөрү автор тарабынан кеңир колдонулган. Арфа, колокольчик жана кыл аспаптардын коштоосунда сүйүүнүн, кайгынын образын берилет. Аялдардын хору менен аяккы эпизод улам барып жай жана бейкут аяктайт.
  “Салтанаттуу”деп аталган 5 бөлүмдө хор каарман аялзаты Уркуяны даңктайт. Мында “Эл үчүн жасалган каармандык түбөлүктүу элдин эсинде сакталат”деген ой менен жыйынтыкталды.
  Кантатанын музыкалык тили эң жөнөкөй, элдик салтка негизделген.  Бул чыгарма 1978-жылы жазылып, радионун алтын казынасында орун алды.
              
                     
                         НЕГИЗГИ  ЧЫГАРМАЛАРЫ


 “Уркуя” аттуу солист, хор жана симфониялык оркестр үчүн жазылган кантата (с. Насирдин Байтемировдуку,  1978); симфониялык оркестр үчүн күү (1985) “Тоолор” аттуу симфониялык сүрөттөмө (1990);
Камералык аспаптык чыгармалары: Фортепиано үчүн вариация (1975), виолончель жана фортепиано үчүн баллада (1976), флейта жана фортепиано үчүн рондо (1876), скрипка жана фортепиано үчүн соната (1977); кыл аспаптар үчүн квартет (1984);
  Хорлор: “СССР” (с. А. Өмуркановдуку, 1976), “Өчкүс от” (с. Б. Асаналиева, 1977), “Эстелик алдында” (1980), “Менин комсомолум” (с. А. Өмуркановдуку, 1981);
 Ырлар: 30дан ашык –М. Абылкасымованын сөзунө “Кыял менен” (1968), “Баарынан кымбат ынтымак” (с. Какен Алмазбековдуку, 1974), Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган ырлар- “Ырымды сага арнаймын” ( 1974), “Укта бөбөк” (1978), Сооронбай Жусуевдин сөзүнө-“Менин Алатоом”(1968), “Ак кайың” (1970); Барктабас Абакировдун сөзүнө-“Тилмечти кайдан издейин”, “Биздин милиция” (1980), Надырбек Алымбековдун сөзүнө-“Жубайыма”, Зарлык Бабаевдин сөзүнө”Томсортпо тоонун кечтерин”, Эрнист Турсуновдун сөзүнө”Кызыл алма”, Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө”Кагылайын карыптар”.

 Кинофильмдерге музыка: “Меке чал жана кара баатыр” (1979),“Эки коенек”(1980),“Портрет”(1981), “Он үчүнчү небере”( 1982), “Кургакчылык”(1983), “Төкөр”(1985),”Көпүрө”( 1986);

Спектакльдерге музыка: “Жаңырык” ( 1983), “Тагдырдын өгөй балдары” (1984).


   
   Нотография  “Жаштык ыры”. Ф: Кыргызстан, 1976; “Ыр менен жолугушуу”, 2 чыгарылышы.Ф: Кыргызстан, 1983.
                                         Түзгөн  Жыпар Акматова


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019