ВЛАДИМИР АЛЕКСАНДРОВИЧ ВЛАСОВ
                                    
                                ( 1902- 1986)
       
  Россия федерациясынын эл артисти, композитор.
  СССР композиторлор союзуна мүчөлүккө 1932-жылы кабыл алынган. “Ардак белгиси”ордени, Эмгек Кызыл туу жана КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Владимир Александрович Власов ак эмгеги менен бир нече наамдын ээси болду. 1939-жылы эле Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек синирген ишмерине татыса, 1946-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми 1973-жылы РСФСРдин эл артист, ошондой эле 1970-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
 
 Владимир Власов 1902-жылдын 25-декабрында Москвада, врачтын үй бүлөөсүндө туулган. Гимназияда окуп, ага удаа музыкалык мектептен билим алат. 1922-жылы Москва консерваториясында скрипка боюнча профессор Ямпольскийден окуп, композиция боюнча Катуардан жана Жиляевден таалим алган. Скрипкада окуганы кийин бул аспап үчүн көптөгөн чыгармаларды жазышына себеп болду.
 1919-жылы революциялык биринчи Мамлекеттик драмалык театрда скрипач болуп иштеп, кийин Мусоргский атындагы музыкалык техникумда мугалим, Танеев атындагы музыкалык мектебинде жана Москва Консерваториясында иштейт. Симфониялык оркестрде дирижер, андан соң МХАТ-2де (Москванын көркөм академиялык театрында)  музыкалык бөлүмдун жетекчисинин орун басары жана дирижер катары иш алып барат. 1932-36-жылдары радиоуктуруулар боюнча Бүткүлсоюздук комитеттин музыкалык редактору жана консультанты катары такшалып, көптөгөн тармак боюнча тажрыйба топтогон соң, Кыргызстанга келген.
  Власов Кыргыз опера жана балет театрынын жетекчиси катары-алты жыл-1936-1942- жылдары иштеген. Мына ушул жылдары кыргыз искусствосун көтөрүүдө зор эмгек сиңирди. Дал ушул убакта 1939-жылы кыргыз искусствосунун биринчи декадасы өтүп, алгачкы музыкалык драмалар жана алгачкы”Айчүрөк” операсы көрсөтүлгөн.
“Айчүрөк” операсы Малдыбаев, Фере жана Власовдун авторлугунда жазылган. Чыгарманын оркестрдик эпизоддорун иштетүүдө Власовдун ролу чоң. Стилдик өзгөчөлүгү-европалык аспаптарда кыргыз обон кайрыктарын угумдуу чагылдыруу увертюрада байкалат.
  Кийин 1943-49-жылдары Москва мамлекеттик филармониясынын директору жана көркөм жетекчиси катары эмгектенген.
  Владимир Власов Кыргызстан менен кыйла өмүрүн байланыштырды. Кырк беш жыл кыргыз музыкасы үчүн кызмат өтөдү. Ошол убакта элдик обондон, залкарлардын күүлөрүнөн тартып, балет жана “Муратаалы Күрөнкеевке арналган симфониялык поэма”, оратория жана камералык аспаптык, камералык вокалдык чыгармалардын мыкты үлгүлөрүн жазып калтырды. Атай кетсек, “Асель” балети бир нече мезгил коюлуп театрдын репертуарынын көркү болуп келет. Бул балет залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде жазылган.
 1940-жылы 7 ноябрьда Власов жана Ференин жазган биринчи балетинин премьерасы болгонун белгилесек. Ал Холфин жана Эшмамбетов сындуу балетмейстерлер тарабынан ишке ашырылган-“Анар” балети эле.
   Ошентип Власовдун калеминен-“Анар”, “Селкинчек”, “Асель”, “Ала Тоо жазы” балеттери, “Алтын кыз”, “Ажал ордуна” музыкалык драмасы, “Айчүрөк”, “Патриоттор”, “Көл жээгинде”, “Манас”, “Токтогул” операларын башка авторлор менен бирдикте жазып, жана симфониялык, аспаптык чыгармаларды жаратты. Бир чети Власов сексенден ашык узун өмүр сүрүшү да көптөгөн чыгармалардын жаралышына себептир. Канткен күндө да, баардык жанрларга кайрылып, улуттук кыргыз искусствосу үчүн аянбай күжүрмөн эмгектениши, кыргыз музыкасы үчүн күйүп-бышкан асыл адам болгондугунун күбөсү.
 2013жылдын 20декабрында Кыргыз композиторлор үйүндө-Владимир Власовдун 110жылдыгына карата эскерүү кечеси болду.
              НЕГИЗГИ  ЧЫГАРМАЛАРЫ

      Музыкалык драмалар: “Ажал ордуна” (1938  А. Малдыбаев жана В. Фере менен биргеликте жазылган), “Алтын кыз”(1937, В. Фере менен бирге), 
  Опералар;  А. Малдыбаев жана В. Фере менен биргеликте жазылган: “Айчүрөк” (1939), “Элдин бактысы  үчүн” (1941, экинчи редакциясы-“Элдин уулу”, 1947, үчүнчү редакциясы-“Таңга чейин 1 саат калганда”. 1969, В. Фере менен биргеликте, төртүнчү редакция- “Михаил Фрунзе”, 1984), “Патриоттор” (1941), “Манас (1946, экинчи редакциясы 1966), “Ысыыккөлдүн жээгинде” (1951), “Токтогул” (1958), “Алтын кыз” (1973), “Ведьма” (В. Фере менен биргеликте, 1961), “Ак канаттар” ( В. Власов.1974),.
 Балеттер: “Анар” (1940) “Селкинчек” (1943, экөө тең В. Фере менен биргеликте), ”Ала-Тооо жазы” (1955), “Асель” (1967), “Еванын жаралышы” (1968), “Принцесса менен өтүкчү” (1970);
  Оперетталар:”Анна Петровна” (1958), “Беш миллион франк” (1965);
  Симфониялык чыгармалар: “Авеню” сюитасы (1943), СССР элдеринин обонун темасына жазылган концерттик сюита (1935, экөө тең В. Фере менен биргеликте), “Токтогул симфониялык поэмасы ( 1952), Славакиялык рапсодия (1956), “Акын ырдайт Ленинди” симфониялык баяндама (1957), Майрамдык увертюра (1957);
  Аваздык –симфониялык чыгармалар: ”Тагорду окуп” аттуу Р. Тагордун обондоруна жана ыр саптарына жазылган симфониялык поэма (1959),;
   Кантаталар: А.  Малдыбаев жана В. Фере менен биргеликте: “Бакыт” (1941), “Мааракелик” (19460, “Колхозумда” (1950), “Интернационал” В. Власов. 1968), “Кайдасыңар үч булбул” (А. Малдыбаев,  1974)    
  Ораториялар: “Бакыт жөнүндө сөз” ( А. Малдыбаев, В. Фере менен биргеликте, 1949), “Кош бол, Гүлсары” ( 1976); Концерттер: виолончель жана оркестр үчүн (1963), виолончель жана оркестр үчүн №2 (1969),
 Камералык аспаптык: №1 квартет (1954), №2 квартет (1855), №3 квартет (1960), №4 (91978).

Иштеп чыккан пьесалары, кыл аспаптар үчүн дуэттер, үйлөмө аспаптарга, фортепиано, балалайка,комуз, кыл кыяк үчүн 100дөн ашык чыгармалар.

   Камералык аваздык : СССР элдеринин обондору, революциялык ырлар, А. Малдыбаевдин ырлары ар кыл коштоо үчүн иштеп чыккан. Романстар, ырлар, хорлор. Радиопостановка жана спектакльдер үчүн музыка жазган.

                                                     НОТОГРАФИЯ
 
   “Анар” Симфониялык оркест үчүн сюита. Партитура. М-Л, Музгиз 1950; “Селкинчек”. Симфониялык оркестр үчүн кыргыз бий сюитасы. Партитура М-Л, Музгиз 1950; “Акын ырдайт Ленинди”. Симфониялык баян, Чоң симфониялык оркестр үчүн. Партитура. М; Сов. Композитор, 1957;  “Айчүрөк”. Опера. Клавир М; Музгиз 1958; Кыргыз пионерлерини маршы. Советтик балдар ыры антологиясы жыйнагынан. 10 чыгарылышы.М; Музгиз, 1962; “Токтогул”опера, Клавир, М; Музыка, 1968; Кыргыз композиторлорунун фортепианолук пьесалырынын альбому.Ф; Мектеп, 1979 ; ”Кош бол, Гүльсары!”, Оратория. Клавир.М; Сов композитор, 1982;  Чынгыз Айтматовдун “Деңиз жээгин бойлогон  ала дөбөт” повестинин негизинде жазылган“Патетикалык симфония”, симфониялык оркестр жана аялдар хору үчүн. Эки фортепиано үчүн салынган. М; Сов композитор. 1985.
 
                      Түзгөн Жыпар Акматова


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019