БОРИС ГРИГОРЬЕВИЧ ГЛУХОВ
( 1941-1991)
СССР композиторлор союзунун мүчөсү ( 1973)
Композитор, педагог, Бүткүлсоюздук конкурстун лауреаты.
Борис Григорьевич Глухов 1941- жылы 2- январьда Иркутск шаарынын туулган. 1948-жылы орто мектепте окуп жүргөндө ийримдерге катышып эл аспаптар оркестринде ойноп калат. 1956-жылы Иркутск музыкалык окуу жайынын хор дирижерлоо бөлүмүндө окуйт. Ушул жылдары алгачкы чыгармалары жаралып, аны 1958-жылы композитордук бөлүмүнө которушат. 1961-жылы окуусун бешке аяктаган соң, Москва консерваториясында профессор, айтылуу Дмитрий Кабалевскийдин классынан окуйт.
Андан соң, Фрунзе атындагы Аскер академиясынын үйлөмө оркестринде, СССРдин коргоо министрлигинин үлгүлүү-көрсөтмөлүү оркестринде иштейт. Армиядан кийин Иркутскиде өнөр окуу жайында мугалим. 1966-жылы кайрадан консерваторияга келип, профессор В. Фереден окуусун улантат. Айтылуу Фереден билим алганы андан Кыргыз жергеси жөнүндө укканы, 1970-жылы жолдомо менен келип Кыргыз Мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун теория жана композиция кафедрасынын мугалими болуп орношконуна себеп болгондур. Ошол эле мезгилде 1972- 76-жылдары Т. Сатылганов атындагы кыргыз филармониясында көркөм жетекчи болуп ишке киришет. Ал жакта Кыргыз музыкалык искусствосун пропагандалоого көп күч жумшайт.
Дагы белгилей кетчү жагдай 1970-жылдары жаш кыргыз композиторлорун даярдоодо жана обончуларга жардам берүүдө билимин аябаган. Анын демилгеси менен Борбордук музыкалык- мектеп интернатында “Жеткинчек композиторлордун” ийрими уюшулган.
Борис Глухов 1976-жылы Кыргыз СССР мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоберүүлөр комитетинин музыкалык редакциясынын башкы редактору болуп иштеп, “Музыка дүйнөсү” жана башка аттагы көрсөтүүлөрдүн автору катары классикалык музыканы пропагандалап келди. Ал эми 1983-жылы Республикалык куурчак театрында музыкалык бөлүм башчы, ал эми 1987-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун башкармасынын орун басарлыгына шайланат.
Борис Глуховдун чыгармачылык стилине эмне мүнөздүү? Орус жана кыргыз фольклоруна таянат. “Түстүү оймо” аттуу чыгармасында улуттук колоритти берүү аракетинде колдонгон кайрыктарда чын эле кыргыз улутунун оймо-чиймесинен болгон таасири баамдалат. Борис Глуховдун “Эсимде” аттуу чыгармасынан кыргыз фолклоруна жакындаштыра кайрыганын байкабыз. Борис Глухов Кыргызстанга келген күндөн тартып- ушул элдин музыкасынын иликтеп, улуттук кайрыктарга жакын музыка жазсам деди.
Глухов орус композиторлору В. Власов, В. Ференин жолун жолдоп, алгач кыргыздын элдик музыкасын терең билүүгө умтулат. Алгач Жумамүдүн Шералиевдин “Сездиң бекен”деген ырын иштеп чыккан. Кийин элдик ырларды иштеп чыгат. Асанкалый Керимбаевдин “Сулууга”деген ырын дагы коштоосун жазып чыккан. Аралаш хор үчүн “Манас жөнүндө баллада” поэмасы, хор жана оркестр үчүн “Эпитафиясы”, кыргыздын үч темасына симфониялык поэмасын жазды. Мында кошок колдонулган. Токтогулдун “Сагын суу”деген ыры чыгармада орчундуу орду бар. Балеттик-симфониялык “Эрдик поэмасы” аттуу сүрөттөмөсү, комузчулар М. Борбиевдин Б. Мадазимовдун күүлөрүнүн темаларына жазылган аспаптык чыгармалары- ырлары, хорлору, романстары, кантаталары менен кыргыз профессионалдык музыка өнөрүнө барандуу салым кошту. Ал турсун Акмат Аманбаевдин “ Беш бойдок” деген музыкалык комедиясынын жаңы редакциясын сунуштаган. 20-дан ашык спектакльдерге музыка жазган. Ардак грамоталар менен сыйланган. Кыскасы, Глуховдун музыкасында орус классикалык салты менен кыргыз мелосунун куюлушу бириккени ырас.
Борис Глухов балдар темасына кайрылып, балдар хору үчүн “Кызыл атчандар”деген балдар дүйнөсүнө жаккан ыры бар. Ыкчам жүрүш темпинде жазган. “Балдар оюнчугу”деген фортепианолук түрмөк, балдар үчүн хорлору дагы балдар репертуарынан түшпөйт.
Борис Глуховду коомчулук 1991-жылы акыркы сапарга узатты. Ал болгону элүү жаш жашады. Айыккыз оорудан жапа чекти.
НЕГИЗГИ ЧЫГАРМАЛАРЫ
Кантаталар: “Үч Сибирдик ырлар” (1967), “Шамал жөнүндө ыр” (1968), “Даңк сага, Партия” (С. Осмонов менен биргелешип жазылган, 1972), “У обелиска” деп аталган эркектердин хору үчүн баллада (1967), “Манас жөнүндө баллада” аралашма хор үчүн (1974), “Эпитафия” хор жана оркестр үчүн (Бүткүлсоюздук конкурста 3 орунга татыган, 1965),
Симфониялык поэмалар: “Фрески”( 1968), үч кыргыз ырынын темасына (1971), “Эрдик поэмасы” балеттик симфониялык сүрөттөмө (1972), фортепиано жана оркестр үчүн концерт (1975), “Иоанн Тихийдин төлгөлүү күндөлүгү ( 1963), элегия (1965), концертино (1967), М. Борбиевдин жана Б.Мадазимовдун обонунун темасына күү” (1971), “Легенда” (1962), концертино (1966), В. Ференин жаркын элесине элегия (1971), “Таң” прелюдиясы, “Чак түш” скерцо (1976), “Дебют” аттуу балеттик сюита (1979);
Камералык-аспаптык: Кыл аспаптар квартети №1 (1967) №2 (1975), фортепиано үчүн сонатина №1 (1966) №2 (1971), скрипка жана альт үчүн алты дуэт (1962), флейта, кларнет жана альт үчун “Арабески”скерцозу (1962). Кыл аспаптар квартети үчүн “Новелетта” (1967), С. Абдыкадырованын сөздөрүнө романстар түрмөгү (1971), Гарсиа Лоркинин ыр саптарына хордук түрмөк (1977);
Редакциялагандары: А. Аманбаевдин “Бойдоктор”аттуу музыкалык комедиясы (1974), А.Тулеевдин скрипка жана оркестр үчүн концерти (1985),
Спектакльдерге музыка: “Ханша менен чочко баккыч” (1981), “Алдар көсө” ( 1981), “Өлүк жандар”(1982), “Кычан жөнүндө баян” (1984), “Толубай сынчы”( 1985), “Кичинекей партизан” (1985), “Эр Төштүк” (1986);
Киного музыка: “Түбөлүктүүлүккө кайтуу” (1984), Чебердин жана топтун портрети” (1985) ж. б.
Түзгөн Жыпар Акматова.