Ишенбек Муктар
Ишенбек Муктар 1984-жылы 21-декабрда Кытай эл республикасын Цинзян  району КӨк-Терек кыргыз айылында туулган. Башталгыч жана орто мектепти КӨк-Терек айылында окуп бүтүргӨн. Орто мектепти аяктап, 2006-жылы Кыргызстанга келип. Алгач Ысык-КӨл областынын Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык орто окуу жайында окуган. 2009-жылы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык орто окуужайын аяктап. Андан кийин 2010-жылы борбор калаабыз Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын Композиция факультетине тапшырып, 2016-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган.
Чыгармачылык жолу студенттик жылдарында башталган. Алгач «Жүрөк  сыры», «Арзуу ыры», «Апакем», «Өмүргө», «Бишкек кечи» сыяктуу обондорун жазса, аспаптык чыгармалардан «Жайлоо таңы» - флейта жана фортепиано үчүн пьеса, «Жомок» - фортепиано үчүн пьеса, фортепиано үчүн соната, кыл аспаптар үчүн квартет жана симфониялык поэма жазган.
         Ишенбек Муктар окуп, үйрөнүү жылдарында кӨптӨгӨн кароо-сынактарга да катышкан. 2010-жылы УлууЖеңиштин 65 жылдыгына карата, Композиторлор союзу жана Улуттук консерватория тарабынан ӨткӨрүлгӨн кароо-сынакта сыйлыкка ээ болгон. Андан кийин 2016-жылы Үркүндүн 100-жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризим министирлиги, Кыргыз Республикасынын Копозиторлор союзу тарабынан уйуштурулган кароо-сынакта, эң мыкты музыкалык чыгармалардын республикалык сынагынын женичүүсү.
Ошол эле жылы «Санжыра» радиосу уйуштурган «Канаттуукайрык» аттуу номинациясынын жеңүүчүсү болгон.
Учурда келечек жеткинчектерге билим берүү менен алектенет.

ИшенбекМуктардынчыгармаларынын тизмеси
Аваздык чыгармалар:
  • “Жүрөк сыры”- сөзү, музыкасы Ишенбек Муктар
  • “Арзуу ыры”- сөзү, музыкасы Ишенбек Муктар
  • “Апакем”- сөзү, музыкасы Ишенбек Муктар
  • “Өмүргө”-  сөзү А.Осмонов
  • “Бишкек кечи” - сөзү Ө.Долеев
  • “Бир туугандар” - сөзү М.Молдалиева
  • “Ширин сезим” - сөзү Бектур Иляз
  • “Өмүр жөнүндө толгонуу (романс)”- созуЖ. Мамытов
  • “Жоготпо биздин сүйүүнү” - сөзү, музыкасы Ишенбек Муктар
  • “Сүйүүмдү сенден таптымбы?”- сөзү, музыкасы Ишенбек Муктар
Аспаптыкчыгармалар:
  • “Жайлоо таңы”- флейта жана фортепиано үчүн пьеса
  • “Жомок” - фортепиано үчүн пьеса
  • Скрипка жана фортепиано үчүн пьеса
  • Фортепиано үчүн соната
  • Гобой жана фортепиано үчүн соната
  • Кыл аспаптар үчүн квартет
  • Симфониялык оркестр үчүн поэма



Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019