Кыргыз журтчулугуна таанымал композитор – обончу, комузчу Атайбек Бөдөшов 1951 – жылы 29 мартта Жалал – Абад областынын Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Комузчулук өнөр менен он жашынан баштап айылдык өздүк көркөм ийримине катышуу менен чыгармачылык жолу башталган. Алгачкы обондорун 1963 – жылдардан баштап жазып, чыгармачылыктын түйшүктүү жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери муундан-муунга мурас болуп калуучу оригиналдуу кайрыктарды издеп, бир жактуу чыгармачылыкты туу тутуп, бийик деңгээлдеги өнөрчүлүктүн жолунда 400дөй ыр-романстарды, хорлорду, ар түрлүү аспаптарга музыкаларды, комуз күүлөрүн жаратып келет. Атайбек Бөдөшов алгачкы (1963 ж.) чыккандан баштап эле угармандарга, музыка сүйүүчүлөргө дароо таанылып, искусство дүйнөсүндө өз ордун тапкан, өз чыйырын салган композитор – обончу, комузчу катары белгилүү.
           1965 – жылы жазган “Кыргызстаным” аттуу обону андан бери 50 жыл өтсө дагы өз таанымалдуулугун жоготпой улам жаңы жаштардын аткаруусунда кайрадан жаңырууда. Атайбектин элдик ырга айланып кеткен “Кыргыз Тоосу”,  “Туулган жерди сагынып”, “Арча – Бешик”, “Кайдасыңар карлыгачтар”, “Кызгалдак”, “Эңсөө”, “Таңда”, “Тентек элең”, “ Кудай берсе” жана башка көптөгөн чыгармаларын ырдабаган билбеген адамдар аздыр. Себеби бул композитор жазган обон – күүлөрү ар бир адамга жеткиликтүү, терең философиялуу, көркөм касиеттүү, жан дүйнө көз карашынын кенендиги, кайрыктарынын оригиналдуулугу, түзүлүш формасынын жаңычылдыгы жана өз стили менен өзгөчөлөнүп турат.
          Өткөн кылымдын 1970–80 жылдарын Атайбектин чыгармачылыгынын  гүлдөп турган учуру десек болот. Себеби ошол убактагы концерттик топтордун дээрлик бардыгын репертуарында, Ч. Кожомжаров түзгөн кыргыздын алгачкы эстрада ансамблинин анын белдүү ырчысы А. Сапаралиевдин репертуарында, “Гүлкайыр” эстрадалык ансамблинин репертуарында, “Досум Үсөн” эстрадалык ансамблинин репертуарында, А.Бөдөшовдун обондору дайым аткарылып турган. Ал эми Ош драмтеатрынын кээ бир спектаклдери А. Бөдөшовдун обондору менен шөкөттөлсө, залкар ырчылар Б.Миңжылкыев, Д. Жалгасыновалар чет мамлекеттерге барышкан гастролдорунда Атайбектин “Кыргыз Тоосу”, “Кайдасыңар карлыгачтар”, “Айыл кечи”, “Үмүт чабыттары” аттуу обондорун дайым аткарып жүрүшкөн. Ошондой эле К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин репертуарында А. Бөдөшовдун обон – күүлөрүнөн бир чоң концертке жетерлик программа бар. Ошон үчүн А. Бөдөшов өзүнүн автордук жеке концертин оркестрдин коштоосунда жылына байма-бай өткөрүп жүрөт. Ошол 1970 – жылдары бүткүл союздук грампластинка чыгаруучу, “Мелодия” фирмасынын чыгарылган кыргыз музыкасынын пластинкаларында ошол мезгилдеги таанымал ырчылардын аткаруусунда Атайбектин обондору да чыгып турган, ноталуу ыр жыйнактарда обондору басылып турган. Өмүрлүк жубайы Кыргыз Республикасынын Эл артисти К. Эралиева менен биргеликте “Айыл кечи” аттуу ноталуу ыр жыйнагы 1986 – жылы жарык көргөн. 2001 – жылы  “Өмүрдүн добулбасы” аттуу өзүнүн жеке ноталуу ыр жыйнагы жарык көрдү. Кыргыз  Республикасынын Эл артистери К. Эралиева, Г. Сатылганова жана үлгүлүү “Ак шоола” балдар хору чыгарган компакт дискаларда А.Бөдөшовдун көптөгөн обондору орун алган. Атайбек балдар үчүн чыгармаларды жаратууда да үзүрлүү эмгектенүүдө. Ага күбө жубайы К.Эралиева менен биргеликте чыгарган “Күн балдары” аттуу ноталуу ыр жыйнагы, Кыргыз Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин “музыка” сабагында, бала–бакчаларда жана класстан тышкары ийримдерде кошумча окуу куралы (хрестоматия) катары сунушталып азыркы убакта Республикабыздын бардык мектеп жана бала – бакчаларында окуу куралы катары колдонууда. А. Бөдөшов комуз күүлөрүн жаратууда да үзүрлүү эмгектенип ондон ашык оригиналдуу күүлөрдүн автору. Жогоруда белгилегендей  “Аксы кайрыктары”,  “Бекназар баатырдын арманы”,  “Аккан суу “ аттуу бир нече күүлөрү оркестрге салынып К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин репертуарында аткарылып келет. 50 жылдан ашык убакыттан бери чыгармачылык жолунда А. Бөдөшов Республикабызды түрө кыдырып концерт коюп, жазган чыгармалары ыр-күүлөрү менен элибиздин руханий дараметинин өсүшүнө, улуттун ой жүгүртүү туюмуна, улуттук өзгөчөлүктө таалим – тарбия берип, журтчулугубузду маданият жактан тейлөөдө үзүрлүү эмгектенип, ишкердик кызматы менен бааланып 2006 – жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланса, 2007 – жылы Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин ассамблеясынын “Рыспай Абдыкадыров” сыйлыгынын лауреаты болду. Ал эми 2008– жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, ал эми 2019-жылы "Кыргыз Республикасынын эл артисти" намына  татыктуу болду.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019