ГАЛИНА  ВИНОГРАДОВА

Галина Аркадьевна Виноградова 1964-жылы 31 январьда Жалал-Абад областынын Каракөл шаарында туулган. 1983-жылы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайын “музыканын теориясы” адистиги боюнча бүтүргөн. Окуп жүргөн жылдары композициядан факультатив курсун өтөт. Ушул жылдары камералык чыгармалары жазылып: фортепиано үчүн соната-фантазия, романстар, ырлар, кыл аспаптар жана үйлөмө аспаптар үчүн  ансамбль жаратат.
2004-жылы Кыргыз Улуттук Консерваторияга тапшырып, композиция классын доцент Бакыт Алишеровдон окуп, 2009-жылы жалаң беш менен аяктайт. Ушул эле жылы ал профессионалдык чеберчилигин арттыруу үчүн Кыргыз Улуттук консерваторияда ассистентура-стажировканы академик М. Бегалиевде улантат. Анан аспирантураны 2011-жылы аяктайт.
Өзүнүн чыгармачылык ишмердигинде Г. Виноградова 4 автордук концертин өткөрдү. Угармандар анын ар кыл жанрдагы мыкты жазылган, формасы жана көркөм мазмуну боюнча бышып жетилген чыгармалары менен таанышты. Композитордун айрым чыгармаларын окуу-педагогикалык репертуарда, концерттерде жана конкурстарда мектеп окуучулары жан дили менен аткарып калышат.
Виноградованын калеминен кыргыз улуттук тематикадагы чыгармалар жаралууда. Мисалы “Кубанычтуу ботой” деген фольклор ансамбли аткарган чыгармасы. “Эпостун мотиви боюнча” деген фортепианолук концерти, фортепианодо төрт кол менен аткарыла турган “Эки кыргыз темасына вариациясы”,
 Галина Виноградованын композитордук стилине эмне мүнөздүү? Гармониялык жана полифониялык тилинин кеңдиги, оркестрде ар бир аспаптар тобунун фукциясын билгичтик менен бөлүштүрүүсү. Виноградова толук кандуу сүрөткер катары өзүн көрсөтө алды. Ал өзү новатор жана ойлоп тапкыч. Көп кырдуу чыгармачыл инсан катары, ар кыл жанрда өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп келет. Аваздык, аспаптык миниатюрадан тартып көлөмдүу хордук жана симфониялык чыгармаларды жаратты. “Беглец” аттуу хордук поэмасы, “Аталардын жаркын элесине” аттуу симфониялык поэмасын атайлы. Биздин мамлекеттеги саясий жана тарыхый окуяларга кайдыгер карабайт. 2010-жылы июньдагы өлкөнүн түштүгүндөгү трагедиялуу окуялардын курман болгондордун элесине арнап “Жарыкка карай” (“К свету”) деген эпитафиясын жазды.
Виноградова көп жылдар бою чалыкпастан педагог болуп борбордогу окуу жайларда иштеп келет. Композитордун чыгармаларын ойноп чыккан окуучулар дайыма байгелүу орундарды алышат. Алар үчүн жазылган ырларда жана пьесаларда балдардын психологиясын жакшы билгендиги көрүнөт. Мисалы “Сладкая мама”, Нооруз”, “Апрель”, “Толкундар обону” аттуу ырлары концерттерде аткарылып калат.
Иштеген жерлерин атай өтөлү: 1983-2011-жылдары Каракөл шаарынын балдар музыкалык мектебинде фортепиано боюнча жана теоретикалык сабактардан берди. Анын окуучулары “Жаш таланттар”, “Арсполония” сыяктуу конкурстарда лауреат болушту.
 Галина Виноградова 2005-жылы КРнын маданият министрлигинин грамотасы, 2009жылы-КРнын билим берүүсүнүн отличниги жана Каракөл шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланган.
   
НЕГИЗГИ  ЧЫГАРМАЛАРЫ

   Симфониялык: “Аталардын жаркын элесине” аттуу симфониялык поэма  (2009),  “Эпостун мотиви боюнча” деп аталган төрт кол менен аткарыла турган фортепиано жана оркестр үчүн жазылган концерт (2010), М. Ю. Лермонтовдун поэмасы боюнча “Беглец” деп аталган хордук поэма ( аралашкан хор, 4 солист жана текс окуган алып баруучу үчүн жазылган. Аспаптык ансабльдин коштоосунда, 2007), “ К свету”( “Жарыкка карай” деп аталган эпитафия. аваздык квартет жана аспаптык оркестр үчүн, 2010жылдын июнь айындагы Ош окуяларында курман болгондордун элесине арналат, с. Г. Виноградованыкы. 2010), Ре-бемоль мажордогу чакан увертюра (2012);
 
Хордук:  М. Ломоносовдун сөзүнө жазылган “Утреннее размышление о божием величестве” аттуу капелла (баритон жана аралашма хор үчүн, 2009).
 
Камералык-аспаптык чыгармалар: Труба жана фортепиано үчүн соната (2007), эки кыргыз темасына жазылган вариация (фортепинодо төрт кол менен аткарылат, 2006), “Жазгы оюн” деп аталган скрипка, виолончель, фотепиано үчүн жазылган трио (2011), “Облака над Нарыном” ( Кара Көл шаарына арналат, скрипачтардын ансамбли жана фортепиано үчүн, 2012), “Кубанычтуу ботой” (фольклор ансамбли үчүн, 2011), “Табу-дибу” (эки фортепиано жана сегиз кол менен аткарылат, 2012),  “Попурри-2003” (эки фортепиано үчүн концерттик пьеса, 2003).

Романстар, ырлар:  2011), балдар үчүн ыр - "Сладкая мама" (с. Г. Виноградованыкы, 2012), "Нооруз" (с. Г. Виноградованыкы. 2012), "Мир не погаснет!” (с. Г. Виноградованыкы, 2011).

                       
                                                                 
                                                      Түзгөн Жыпар Акматова


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019