БЕЙШЕНАЛИЕВА Райхан Бекболуевна – 20. 6. 1969-ж., Ош обл., Ош шаарында туулган. Композитор, илимий редактор, окутуучу. 1999-жылдан Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү.
1984–88-ж. Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында (азыр Ныязаалы Борошев атында) теория бөлүмүндө ж-а факультативдүү түрдө композициядан Т. С. Чалапиновдон сабак алып окуган. 1988-ж. Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна композиция кафедрасына тапшырып (М. А. Бегалиев ж-а С. О. Осмоновдон таалим алган), кийин 1993-ж. Кыргыз мамлекеттик консерваторияга которулуп, 1-чи бүтүрүүчүлөрүнөн болуп аяктаган. 1994–97-ж. Кыргыз телерадиокомпаниясынын Биринчи радиосунун музыкалык редактору, “21 кылым” радиосунун түз эфиринин алып баруучусу ж-а корреспонденти болуп эмгектенген. 1996-ж. ЮНЕСКО тарабынан (Бишкектеги офиси) заманбап радио журналистикасынын курсун өтүп чыккан. 1999-ж. Кыргызстандагы ПРООН офиси журналисттер үчүн даярдалган семинарларына катышып, 1999–2000-ж. ТРК “Восст” (“Восточная страна”) радиосунун директору ж-а жаңылыктар кызматынын корреспонденти болуп иштеген. 2002–09-ж. музыкалык продюсер болуп композитор-аранжировщик Э. Кадырбаев м-н биргеликте жаш ырчыларды эл аралык (“Витебсктеги Славян базары – 2002, 2005, 2007”, “Севастополь-Ялта – 2004”, “Алтын Скиф – 2001, 2002”, “Дельфия оюндары – 2006”, “Шабыт – 2004, 2007”, “Астана жулдызы – 2008” ж. б.) конкурстарга даярдаган. 2009–10-ж. Маданият жана маалымат министрлигинде 1-чи категориядагы адис, 2011-жылдан “Кыргыз энциклопедиясы” Башкы редакциясында илимий редактор ж-а Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окутуучу. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнө карата өткөрүлгөн композиторлордун республикалык конкурсунун лауреаты (2001) ж-а Дүйнөлүк “Мастер прайз” конкурсунун катышуучусу (2002, Улуу Британия).
Негизги чыгармалары: Симфониялык поэма “Карыянын баяны” (1993), “Үркүн” (2005, клавир); Ж. Мамытовдун фантастикалык жомогуна карата жазылган “Жанар жана Олокон” симфониеттасы (1994); гобой жана кыл аспаптар үчүн квартети (1993); 1–3, 4–6 класстагы балдар үчүн жазылган 4 цикл: “Чоң энемдеги каникулдар” (1988), “Тентек Нурбек” (1989), “Жамгырдан кийин” (1989), “Ля” (1989); скрипка ж-а фортепиано, флейта ж-а фортепиано, гобой ж-а фортепиано үчүн пьесалар; фортепиано үчүн соната, прелюдиялар, пьесалар, ансамблдер ж. б.  
Кыргыз Республикасынын 20-жылдык Эгемендүүлүк күнүнө карата Р. Бейшеналиеванын “Үмүт-шам” аттуу ырымы м-н (сөзү К. Урманбетовдуку) театралдаштырылган Чоң майрамдык концерти ачылган.  “Асман”, “Асылзат”, “Неберем”, “Гүл сезим” ж. б. (К. Урманбетов); “Келем дедиң”, “Сени эстеп”, “Мен сага жолугушум керек эле”, “Өмүр көчү” (Б. Алыбаев); “Сен дегенде”, “Сагынам”, “Түшүмдө сени көрдүм”, “Кусалык”, “Мезгил закымы”, “Куштун канаты” (А. Өмүрканов); “Сагынганда”, “Түгөйүмө ак тилек”, “Сагыныч” (“Сагынышып”), “Каркыралар” (К. Иманалиев); “Жолукпай калсаң эгер” (З. Мукашев);  “Сенин барың” (Ө. Маматов); “Сени буйруп койбогондо” (“Дебе”), (Н. Алымбеков); “Ырда калган махабат” (К. Тайчабаров), “Сагынган күндөр” (Р. Бейшеналиева); “Сүйүү ушундайбы” (М. Токсобаева), “Кезигем сага” (Ж. Жамангулова), “Күтүү” (Д. Акимжанов) сыяктуу 100гө жакын ырлардын музыкасын жазган. Ырларын – КРдин эл артисттери Г. Сатылганова, А. Темирова; КРдин эмгек сиңирген артисттери – А. Турдалиева, Ж. Бобкова, А. Иманалиева; Г. Тойгонбаева, Г. Калыков, Анжелика (Бекболиева), Б. Бадыева, М. Ибраев, Н. Садыкова, А. Кулуева, Даниэль, А. Жусупова ж. б. жаш ырчылар аткарып келатышат.
Нотография ж-а дискографиялар: “Кыз кербез” (2000), “Тайкүлүк” (2006), “Кыргыз композиторлорунун фортепианолук чыгармалары” (2006), “Кыргыз композиторлорунун аспаптык чыгармалары” (үйлөмө жыгач аспаптар, 2007).
КРдин эл артисти Г. Сатылганованын “Арзуу” (2003) CD альбому жана 2006, 2008, 2010, 2013-жылдары чыккан CD альбомдору; А. Темирова “Аруузат” (2006); Г. Тойгонбаева “Муңайбас” (2007) CD альбому.
Видеоклиптер: КРдин эл артисти Г. Сатылганованын аткаруусундагы “Асман”, “Сени эстеп”, “Келем дедиң”, “Жолукпай калсаң эгер”, “Угуп кой”, “Сени буйруп койбогондо”; КРдин эмгек сиңирген артисттери: А. Турдалиеванын аткаруусунда “Куштун канаты”, Ж. Бобкованын аткаруусунда “Сенин барың”; Г. Тойгонбаеванын аткаруусунда “Асылзат”; Г. Калыковдун аткаруусунда “Сен дегенде”; Анжеликанын (Бекболиева) аткаруусунда “Сагыныч” ж. б. бар.
“Мейкиндикке айланган өмүр” аттуу мемуардын автору.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019