БЕЙШЕЕВ Таалай Сабырович

Бейшеев Таалай Сабырович – 12. 5. 1967-ж., Ысык-Көл обл., Балыкчы шаарында туулган. Композитор, “Аура” джаз тобунун жетекчиси. 2013-жылдан Кыргыз композиторлор союзунун мүчөсү.
1974–85-ж. М. Абдраев атн. Республикалык адистештирилген мектеп-интернатта окуган. 1986-ж. Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. искусство институтуна тапшырып, бирок аскер күчтөрүнө чакырылган (1986–88), 1989-ж. кайра окуусун улантат, 1993-ж. Кыргыз Улуттук консерватория ачылгандан кийин – институттан консерваторияга которулуп, 1996-ж. бүтүрдү. Консерваторияда окуп жүрүп Президенттик стипендиант болгон. 1997-жылдан А. Умуралиев атн. Бишкек шаардык театрында эмгектенип келет ж-а театрдын алдында ачылган “Аура” джаз тобун жетектейт.
Чыгармачылык жолун 1985-ж. камералык оркестр үчүн жазылган “Дивертисменти” м-н башталган. Т. Бейшекеев эл аралык фестивалдар ж-а конкурсга катышып келген: “Азия дауысы-91” (“Элес” тобу м-н); 1996, 1997, 1998-ж. – өткөн джаз музыка фестивалдары (Алматы), “Круг импровизаций” (2002, Одесса), “Джаз жылдыздары” (2003, Астана), “Джаз – жаз – Джаз” (2006, 2007, 2008-ж. Бишкек) ж. б. Бишкек шаардык театрынын (“Король Лир”, 2000; “Мир мгновенье”, 2001; “Я к Вам лечу воспоминаньем...”, 2002 ж. б.), Ч. Айтматов атн. Орус улуттук драма театрынын (“Пианино на траве”, 2005) ж-а Т. Абдумомунов атн. Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын (“Шабдан Баатыр”, 2006; “Өлөрман эне”, 2012) спектаклдерине жазган музыкалары бар.
Негизги чыгармалары: 4 бөлүмдү симфония “Тоодогу таң” (1996), симфониялык поэма (1993), “Ат чабыш” увертюрасы (1997); фортепиано үчүн “Махабат жөнүндө баллада” (2001), фортепиано ж-а флейта үчүн “Экспромт” (1991), эки фортепиано үчүн “Ноктюрн” (1993), Баллада “Арцах” (1998); аспаптык цикл-альбомдору: “Аура” (1998), “Аэро” (2001), “Ми-Ре-Си-Ми” (2002), “Кадамдар” (2003); Т. Сатылгановдун “Кербез” күүсүнө композиция; вокалдык жанрында – “Үч чындык” (сөзү А. Токомбаевдики), “Сто и одна песня” (сөзү Р. Рыскуловдуку), “Күтөм сени” (автордуку) ж. б. бар. Маданият жана маалымат министрлигинин театралдык искусствосуна салым кошкон үчүн Ардак грамотасы м-н сыйланган.  
Р.Бейшеналиева


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019