ТӨЛӨН ТҮРКМЕНОВ ТҮРКМЕНОВИЧ
                  (1950)
 
    Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси. (2010).
    Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун мүчөсү (1990) СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1991).
    Композитор Төлөн Түркменов 1950-жылдын 19 августунда Ысык-Ата районуна караштуу (мурдагы Чүй району) Жетиген (Киров) айылында мугалимдердин үй бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келген. Токмоктогу мектеп-интернатта окуган. Мектепте окуп жүргөн мезгилде өздүк көркөм чыгармачылык тобунда ырдап жүрдү. 1966-жылы Токмоктогу Республикалык маданий-агартуу  окуу жайында, хор-дирижерлук бөлүмүндө билим алган. 1969-жылы окуу жайын ийлигиктүү аяктап Токмок шаардык маданият үйүндө музыкалык жетекчи болуп иштеген.
   1971-жылы Кыргыз мамлекетттик  Бүбүсара Бейшеналиева атындагы өнөр институтунда композитордук бөлүмүнүн даярдоо курсуна кирген. Токмокто окуп жүргөн мезгилде композитор өзүнүн алгачкы фортепиано үчүн чыгармаларын жазууга аракет кылып баштаган. Институтта композиция боюнча профессор Таштан Эрматовдо, аспапташтыруу (оркестровка) боюнча профессор Калый Молдобасановдо таалим алган.
  1976-78 жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөйт. Институтту 1980-жылы аяктаган. Дипломдук иши - скрипка жана оркестр үчүн концерт.
  1980-96 жылдары Каракол (Прежевальск) шаарындагы  Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында мугалим, бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1980-жылы эки фортепиано үчүн поэма, 1981-жылы “Ысык-Көл”симфониялык сүрөттөмө жазылган.
   1983-жылдан негизги кызматтан тышкары Караколдогу Кыргыз драма театрында музыкалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. Ошол жылдары композитор Мырзабек Тойбаевдин “Жаңы келин” (“Московская сноха”), Уильям Шекспирдин “Король Лир” пьесаларына музыка жазган. Облустук композиторлор жана обончулардын конкурстарында баш байгеге ээ болот. 1980-90 жылдардын аралыгында “Жайлоодо”-балдар үчүн фортепианолук пьесалардын түрмөгү (1982), романстар жана ырлар, хорлор, №1 квартет (1986), №2 квартет (1988), флейта, гобой, скрипка аспаптары үчүн пьесалар жазылат. Алардын бири- флейта үчүн пьеса республикалык конкурста баш байгеге ээ болгон. Каракол шаарында композитордун эки чыгармачылык концерти болуп өткөн.
   1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине арналган композитор-обончулардын “Ала-Тоо ыры-95” облустук кароо-сынакта 1 орун, ошол эле жылы өткөрүлгөн Республикалык конкурста” Сагынуу”, “Керемет”, ырлары үчүн 3 орунга татыктуу болгон. Жетишкендиктери үчүн Ысык-Көл областык администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн композитор 2009-жылы Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасына татыктуу болгон. Акыркы мезгилде 1996-жылдан тартып Төлөн Түркменов Чүй райондук балдар музыкалык мектебинде  үзүрлүү эмгектенди.
            НЕГИЗГИ  ЧЫГАРМАЛАРЫ
 
Симфониялык чыгармалар: Скрипка жана оркестр үчүн концерт ( 1980), “Ысык-Көл” симфониялык сүрөттөмө  (1981), “Көл көркөмү” симфониялык сюита ( 1983);
  Драмалык пьесаларга музыка: “Жаңы келин” ( М. Тойбаев, 1983), “Король Лир” ( У. Шекспир, 1986);
  Камералык-аспаптык чыгармалар: Эки фортепиано үчүн поэма ( 1980), “Жайлоодо” балдар үчун фортепианолук пьесалардын түрмөгу ( 1982), №1 квартет (1986), №2 квартет ( эки скрипка, альт, виолончель үчүн, 1988), Скрипка жана фортепиано үчүн сонатина (1984), фортепиано үчүн “Сегиз кайрык”түрмөгу (1993), фортепиано, скрипка. Флейта, гобой, фагот аспаптары үчүн бир нече пьесалар.
   Бир топ комуз күүлөрүн фортепианонун коштоосунда иштеп чыккан. Мисалы ”Боз салкын”, “Паровоз”, ( Ы. Тумановдуку), “Сарынжы-Бөкөй” ( элдик күү),  “Салтанат шыңгырама”, “Ибарат”, “Тогуз кайрык”, “Насыйкат” ( К. Орозовдуку), “Бала кербез” (Т. Сатылганов), “Маш ботой” ( А. Огомбаев), “Көйрөң күү”( А. Бейшүкүров), “Кыз кербез” ( Ш. Шеркулов). ж. б.  Чоор, чопо чоор жана фортепиано үчүн пьесалар.
   Аваздык-камералык чыгармалар: “Чынгыз” (баллада-баритон, хор, оркестр үчүн, с. Акбар Рыскуловдуку, 2012), “Кошок”(с. А. Сейтказиевдики. Курманжан даткага арналган 2 үндүү коштооосуз аткарылган чыгарма, 2009);
   Хорлор: “Эне тили” ( с. Ж. Садыковдуку, 2005), “Тартуу” (с. А.Сейтказиевдики, 2003), “Жамгыр” (с. А. Сейтказиевдики, 2004), “Токмок” (с. А. Сейтказиевдики)
 Кыркка жакын романстар, ырлар: Алыкул Осмоновдун сөздөрүнө жазылган аваздык түрмөк (“Ата-журт”, “Музыка”, “Эскерме”, 1991), “Сизге”, “Кечирип кой” (с. А.Токомбаевдики, 1991), “Толкундар вальсы” (с. Ж Садыков, 1991), “Сагынуу”, “Керемет” ( с. Ж. Садыков, 1992), “Ала- Тоолук аталар” (с. Б. Сейдакматова, 1983), “Кумарлануу”, “Коштошоордо”, “Бешик ыры” ( с. Ө. Кулумбаев. 1992), “Көл кызы” (с. Э. Турсунов, 1997), “Дил кайрык” ( с. К. Урманбетов, 1997), “Элим, жерим” (с. С. Абдыкеримова, 1981), “Кайдасыз” (с. Б. Абакиров, 1982), “Ойлойсуңбу?”  (с. Г. Абдылдаева, 1996).
   Нотография . “А. Мурзабаев жана Т. Түркменовдун аваздык чыгармалар жыйнагы”. (2008).
                                         Түзгөн  музыковед Жыпар Акматова.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019