Атай Огонбаев (1900-1949)
Элдик композитор, залкар обончу, ырчы, комузчу-аткаруучу, күүчү  Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1939), Бүткүл Союздук эл аспаптарда ойноочулардын сынагынын лауреаты (1939) Атай Огонбаев 1900-жылы Талас облусунун Талас районундагы “Көк-Кашат” айылында айтылуу балбандын үй-бүлөсүндө төрөлөт. Атай алты жашынан ата-энесинен эрте ажырап,  атасынын бир тууган агасы Султанаалынын колунда өсөт.  Атайдын ырчылык, обончулук, комузчулук шыгынын тутанышына таятасы Жантакбай, таанымал обончу, ырчы Абдыракман аксакалдар өбөлгө түзгөн. Атай 14-15 жаштын аралыгында айылдаштарына ырчы, комузчу катары таанылат.  Айрыкча, Атайдын комузчулук аткаруучулук чеберчилигине Айдаралы Жөргөлөктүн  кол ойнотуп күүнү сөздөй сүйлөтүп, кубулта ойногону өзгөчө таасир калтырат. Анын “Керме Тоо”, “Шырдакбектин боз жорго” “Сатыбалды жалгызым”, “Терме күү”, аттуу күүлөрүн үйрөнүп  черте баштайт. Атай элдик “Майчач”, “Курултай “ аттуу ж.б ырларды ырдап  1920-жылдан тартып айылдаштарына, Талас аймагына ырчы, обончу, комузчу, акын катары таанылат. 1922-жылы кедейлер болуштугуна шайланып, өз алдынча окуп  сабатсыздыгын жойот. 1926-жылы Кетмен-Төбөгө барып Токтогул Сатылганов менен жолугушуп ырларын ырдап , күүлөрүн чертип сынынан өтүп,  ал турсун  залкар шайыр менен төкмөлөп ырдашып, Токтогулдун күүлөрүн, санат, терме, ж.б. ырларын үйрөнүп, Токтогулду бир жыл ээрчип шакирт болот.
1935-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театрынын көрүнүктүү элдик артисттери эл арасында концерт берип жүрүшүп Атайдын ырдаганын, комуз черткенин жактырышып, борборго алып кетишет. Ошентип, А.Огонбаев  музыкалуу драма театрында ырчы, комузчу, обончу, артист катары иштей баштайт. К. Жантошевдин “Карачач” аттуу музыкалуу драмасында Болуш аттуу ырчы, комузчунун  ролун ойноп,  көрүнүктүү образды жаратып көрүүчүлөргө тартуулайт. 1936-жылдан тартып Кыргыз Мамлекеттик филармониянын артисти.
1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө карата Атай 13-14 жаштагы комузчулар тобун уюштуруп, “Маш ботой” күүсүн шакирттери менен, жана өзүнүн чыгырмаларынан “Ак Тамак”, “Көк Тамак” аттуу күүсүн төрт кылдуу комузда бычак менен чертип  көрүүчүлөргө өнөрүн тартуулайт. Бул өнөрү үчүн Атай, Сталиндин өз колунан баалуу жана акчалай белек , Сталин атындагы стипендия алууга татыктуу болуп, Эмгек Кызыл Туу ордени менен (1939), Кыргыз СССринин Жогорку Советинин Ардак Граматасы  (1939) менен сыйланат.     
А. Огонбаев 1939-жылдын октябрь айында Москвада элдик музыкалык аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук биринчи кароосуна катышып, сынакка союздук республикалардан катышкан аткаруучулардын ичинен биринчи орунду ээлеп лауреат болот.
1940-жылы А.Огонбаев СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле жылы музыкалык сабатын жогорулатуу үчүн СССР композиторлор уюштурган музыкалык курстардан  атактуу орус композиторлору С.С. Прокофьевден, В.М. Глиэрден сабак алат.
1942 –жылы июнь айында Бишкекте өткөн Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын шайырларынын биринчи он күндүгүндө,1944-жылдын февраль-март айларында  Ташкентте өткөн Орто Азия жанан Казакстандын шайырларынын биринчи он күндүгүндө, Атай өзү жетектеген комузчулар тобу менен жана жеке өзүнүн күүлөрүн чертип, ырларын аткарып, комузда кол ойнотуп, түркүн түрлөнтүп аткаруучулук чеберчиликтери менен көрүүчүлөр жана сынчылар тарабынан жакшы пикирге ээ болуп, “Советская Киргизия” газетасына (1942-жыл, 19-июнь) Атай жетектеген комузчулар тобу жөнүндө макала чыгат.
Атай Огонбаев Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында кесиптештери менен калкты, жоокерлерди улуу жеңишке чакырган ырларды ырдап, күүлөрдү чертип, акын Актан Тыныбековдун сөзүнө “Эр Панфилов”дун эрдигин даңктаган марш жүрүшүндөгү  патриоттук арноо ырын чыгарат.
1947 –жылы  оорусуна байланыштуу туулуп өскөн айылына көчүп барып, айылда да комузчулар тобун уюштуруп, жаштарга өзүнүн өнөрү менен  талантуу жаштардын шыктарына шык кошуп таалим тарбия берет.
1949-жылы 20-декабрында Кыргыздын талантуу улуу Атай Огонбаев дүйнөдөн кайтат.
Атайдын ысмын түбөлүк калтырыш үчүн  Кыргыз ССринин Министлер Совети токтом кабыл алып, Таластагы Кырк-Казык орто мектебине, Бишкек, Талас шаарларынын көчөлөрүнө ысымы берилет.
Атайдын акындык, ырчылык, обончулук даңкы, атагы кыргыздын элдик обондорунун үлгүлөрүндө, салттарында чыгарган “Ой булбул”, Күдүм чок”, “Гүл” аттуу ашыктык ырлары кыргыз калкына кеңири тарайт, Бул ырларынын соңунан ал  кыргыздын элдик ырларынын классикасына айланган “Жаштар”, “Эсимде”, “Сагыныч”,  баатыр Панфиловго арналган “Эр, Панфилов”, “Жигиттер”, “Ленин жөнүндө ыр”, аттуу аваздык көркөм боекторго бай ырларын чыгарат. Бул обондорун көрүнүктүү композиторлор В. Власов, В.Фере, М. Раухвергер, А. Тулеев, Ч. Жумаканов, дирижерлор А.Жумахматов, Р. Миронович фортепиано жана үн, хор, эл аспаптары, симфониялык оркестрлер үчүн иштеп чыгышат жана ар түрдүү операларда пайдаланышат.
                                      Негизги чыгармалары:
Комуз күүлөрү: “Ак тамак Көк тамак”, “Марш Камабаркан”, “Маш ботой”, “Саадак какты”, “Кыз Кербез”, “Армандуу чымчык”,“Кара Өзгөй”, “Тоо булбулу”, “Тарт музыка”, “Терме күү”, “Жаштар Маршы”, ”Шекер”, “Талас кайрыгы”, “Кыял күү”, “Кирки Камбаркан”, “Сатыбалды жалгызым” ж.б.
Комуздун коштоосундагы ырлары: сөзү жана обону А. Огонбаевкдики. “Гүл”, “Ой булбул”, “Ленин жөнүндө”, “Кыргызстан”, “Жигиттер”; “Эсимде” (сөзү Ж. Турусбековдуку); “Жаштар” (сөзү Ш. Шеркуловдуку); “Эр Панфилов”(сөзү А. Тыныбековдуку); “Сагыныч” (сөзү А. Тыныбековдуку); “Атай мекнен ейдалынын айтышы” (сөзү  Атай менен Сейдалыныкы);
Макала: А. Огонбаев “Мои песни” –газета “Советская Киргизия” 1939-ж. 24 мая.
                                  Нотнография:
В. Виноградов “Атай Огонбаев”. М.: “Сов. Композитор, 1960, А. Затаевич “Киргизские инструментальные пьесы и напевы” М.: Сов. Композитор. 1971. Б. Алагушов түзуүчү “Атай” ырлар, күүлөр. Б.: 2001-ж.
Дискография (желим табактар)
Ырлар: “Ой булбул”, Күйдүм чок”, “Гүл” (А. Огонбаевдин аткаруусунда), “Жаштарга” (Ш. Шеркуловдун аткаруусунда), “Эсимде” (аткаруучу А. Жумабаев), “”Кыргыз музыкасынын антологиясы”; М. 30-35853, “Атай менен Сейдалынын айтышы” (аткаруучу Э. Бекназаров), М. 30-43491-92;
Комуз күүлөрү: “Маш ботой” (аткаруучулар комузчулар ансамлби), - диско альбом “Ала-Тоо обондору”; №1, М. 90-46-031-005; “Ак тамак”, “Көк тамак”, (ат. Ш. Шеркулов), “Эпкиндүү шыңгарама”, “Кара –Өзгөй” (ат.Т. Карымшаков); “Марш Камабаркан” (ат. Ш.Шеркулов), “Талапс кайрыгы” (ат. К. Иманалиев), “Салтанат”, “Саадат какты” (ат. А. Эшманбетов), “Кыз Кербез” (ат. Б. Кулболдиев), М. 30-43491-92; “Жанибак бий” (ат. А.Огонбаев), “Черт комузду” (ат. Ш. Шеркулов), Комуз күүлөрүнүн антологиясы, 2-бөлүм. М 30-35639-40, “Маш ботой” (ат. Ш. Шеркулов) Д-24876.
Библиография:
Кыргыз тилиндеги макалалар: Б. Алагушев “Эркин элдин уулу” китепте: “Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү”. Кыргызстан мамлектеттик окуу-педагогика басмасы, Ф.-1961, 89-99 беттер; Б.Алагушов “Айтылуу ансамбл” – газ. “Ленинчил жаш” 1975, 3-июнь; А. Токтомушев, “Кремлде чертилген комуз”-газ.”Кыргызстан маданияты”, 1967, 13-октябрь, К. Кайымов; “Атай”. Роман –Ф.: “Кыргызстан” 1969. 568-б.; В. Виноградов. “Атай Огонбаев, китепте “Киргизские народные музыканты и певцы”, - М.: 1972, 8-19-б. Б. Алагушшов. “Атай Огонбаев жөнүнөгү китеп” – газ. “Советтик Кыргызстан”, 1961, 9-апрель;Б. Алагушов. Атай. Китепите “Булбулдар”, Б. “Адабият”, 1991, 95-122-б; Б. Алагушов. Атай китепте “Кылымдардын кылдары” Б. “Шам” басмасы 2005 336-358 –б; Назарматов Д. “Гитара күүлөрү” “Эсимде”, “Ой булбул”, “Гүл”, Ф. “Кыргызстан” 1986; Б. Алагушшов. “Комузчулар”, “Обончулар”, китепте “Кыргыз Улуттук филармониясы”. Б.: “Бийиктик”-2006,96-115, 145-198-б; Б. Алагушов. Атай Огонбаев, китепте “Кыргыз музыкасы энциклопедия”, Б. “Бийиктик” басмасы, 2007, 181-182-б.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019