Орозов (Токтомамбет) Карамолдо (1883-1960)
Элдик композитор Кыргыз  ССРинин Эл артисти, Бүткүл Союздук элдик музыкалык аспаптарда ойноочуларынын сынагынын лауреаты Карамолдо (Токтомамбет) Орозов1883-жылы Ыссык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Корумду айылында төрөлгөн. Беш жашынан айылдык медреседе окуп, кырдач мурун, кара-тору болгондуктан Карамолдо аталып, өзүнүн азан чакырып койгон аты Токтомамбет бара-бара унутулуп кетет. Карамолдонун атасы күүчү, комузчу болгондуктан Карамолдо  айылдаштары акын, комузчулар менен кыз-оюндарда, тойлордо ырдап, колуна комуз кармап кол ойнотуп комуз черте баштайт.  Он беш жашынан баштап комузду мыкты өздөштүрүп, күүнүн маңызын,  терең ойлуу  татаал кайрыктары менен баяндап, сабырдуу чертип,  өзүнүн чеберчилигин өркүндөтүп, залкар (кара) күүлөрдү чертип, эл арасына аты тарап, “Кыз Дарыйка “ аттуу дастан да айта баштайт.
1916-жылкы үркүндөн, 1917-жылы  элине кайтып келгенден кийин,  эркиндикке, теңдикке жеткирген В.И. Ленинге арнап, “Жетекчибиз Ленин”,  колхоздоштурууга арналган “Колхоз Камбарканы”,  элди эмгекке үндөгөн“Эпкиндүү шыңгырама” аттуу ж.б. күүлөрдү чыгарат
1928-жылы сентябрь айында музыка таанучу А. Затаевич Москвадан келгенде, Карамолдо Орозов ордо калаабызга Фрунзеге (Бишкекке) чакырылат. Бул жолугушууда А. Затаевич Карамолдонун 31 күүсүн нотага түшүрүп, өзгөчө “Койчулардын коңур күүсү” деген чыгармасын  талдап келип, кыргыз жеринин кооз табийгатын, элинин таланттуулугун баяндаган мына ушул күүсүнүн үзүндүсү менен К. Орозовдун жөнөкөй ысымы, Советтер Союзунун элдеринин музыкалык летописине киргени менен  сыймактана алмакчы”- деген баасын берген.  Залкар шайыр 1930-жылдын башында  Фрунзеге чакырылып, Кыргыз Мамлекеттик драма театрында артист-комузчу болуп иштейт баштайт.
1935-жылы 22-декабрында Кыргызстан Борбордук Аткаруу комитетинин токтому менен К. Орозовдун калк алдында сиңирген эмгегин эске алып, жогору баалап, кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылат.
1936-жылдын 7-октябрында К.Орозов жаңы ачылган Кыргыз Мамлекеттик филармониясында композитор, дирижер П.Шубин уюштурган эл аспаптар оркестринде музыкант, комузчу болуп иштейт баштайт. 1939-жылы  Карамолдо Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышып, кыргыз  элинин улуттук чыгармачылыгын жогорку деңгээлде көрсөтүп, “Ардак белгиси” ордени менен сыйланып, ушул эле жылы Мосвквада өткөн Бүткүл Союздук элдик музыкалык аспаптарда ойноочулардын сынагына катышып, лауреат болот. 1939-жылы 25- октябрында Композиторлор Союзун уюштуруу боюнча № 15-35 токтому кабыл алынганда К. Орозов биринчилерден болуп СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат.
1940-41-жылдары СССР композиторлор союзу  Москвада уюштурган композиторлордун, обончулардын курсунан, профессор  М. Шухмандан музыкалык сабаттулугун жогорулатат. Улуу Ата Мекендик согушта кесиптештери менен концерттик программалалары менен катышып, К. Орозов “Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы ак эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.
1951-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин депутаты, 1951-жылы экинчи жолу “Ардак белгиси” ордени менен сыйланат. 1954-жылы ардактуу эс алууга чыгат. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искуствосунун экинчи декадасына катышып, Эмгек кызыл Туу ордени менен сыйланат. 1958-жылдан тартып М.Күрөңкеев атындагы музыкалык хореограяфиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүндө  мугалим болуп өз өнөрүн жаш муундарга тартуулап келечектеги таланттуу жаштарды  өстүрөт.
1960-жылы К. Орозов 7-июлунда каза болот.  1961-жылы 25-февралында  Эл аспаптар оркестрине К. Орозовдун ысмы берилди.
К. Орозов  залкар  (кара) күүлөрүнүн баштоочуларынын бири.  Анын чыгармалары татаал кайрыктары менен айрымаланып турган, “Насыйкат”, “Ибарат”, “Дүйүнө”, “Эл тилеги тынчтык” ж.б  күүлөрү айкын. К. Орозов өзүнүн күүлөрүн элдик кайрыктардан алып  кайрадан иштеп, кубулжуган кереметтүү кайрыктары менен кайра угузат.Мисалы: “Көкөй кести”, “Сынган бугу”, “Терме Камбаркан”, “Чоң Кербез”, “Жаш Кербез”, “Жумалак Ботой” “Такмаза”, “Каныкейдин арманы”, “Анжыян калкы”, “Бек арыстан тайчы”, ж.б. күүлөрү айтсак болот.
                                       Негизги чыгармалары
Комуз күүлөрү: “Эл Камбаркан”, “Дуу басар”, “Жумалак ботой”, “Айда ботой”, “Ал сабак”, “Кырыштырма шыңгырама”, “Үч ноо”, “Чоң Кер-Толгоо”, “Келиндердин Кер-Толгоо”, “Сары Барпы”, “Кара өзгөй”,  “Анжыян калкы”, “Бек Арыстан ташы”,“Сынган Бугу”, “Терим күү”, “Бешие күү”, “Чаржайыт ботой”, “Жаа толгоо”, “Такмаза”, “Койчулардын коңур күү”, “Көнүлүм”, “Сыздайт”, “Кайра чап”, “Колхоз Камбаркан”, “Терме Камбаркан”, “Чоң Кербез”, “Жаш Кербез”, “Атчандар шыңгырамасы”, “Каныкейдин арманы”, “Насыйкат”, “Ибарат”, “Өтүү кетти балалык”, “Көкөй кести”,  “Дүйүнө”, “Эл тилеги тынчтык”, “Шайыр Камбаркан”, “Ой селки”, “Сал моюн шыңгырама”,”Мас күйөө”, “Коммунизм таңы”, “Жетекчибиз Ленин”,  “Кызыл чок”, “Жаңы доор”, ж.б.
                                          CD альбомдор:
“Карамолдо Орозовдун күүлөрү”, (түзгөн Б. Алагушов), Бишкек, 2008., “Залкар күүлөрү” антология. “К. Орозов” (түзгөн Ж. Маматова) Б. КТРК, 2013-ж.
                                                                                        


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019