Туманов Ыбырай (1888-1967)                                              
Элдик композитор, күүчү, аткаруучу, комузчу Кыргыз ССРинин эл артисти (1951), КПССтин мүчөсү (1943), Ыбырай Туманов 1888-жылы (жаңы алган паспорту боюнча 1885-ж.) Ысык Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң (азыркы Түргөн) айылында туулган. Ыбырай 7 жашынан баштап комуз черте баштайт. Он бир жашынан баштап элдик ырларды, дастандарды айтып, кыргыз күүлөрүн комузга салып, эл арасында  шайыр катары тааныла баштайт.
Ыбырай Тумановдун боз улан кезиндеги өздүк репертуарынын өзөгүн “Жаш шайыр”, “Сегиз кайрык”, “Бургуй”, “Бекбекей”, “Керме-Тоо”, “Кулпенде”, “Бердикожо жалгызым”, “Күл ойрон”, “Уба-Уба Карагул ботом”, “Керзен”, “Экөөлөсөң экөөлө”, аттуу ж.б. ар түрдүү мазмундагы, түркүн жүрүштөрдү, ар кыл кайрыктарды элдик күүлөр түзгөн. Талант катары калыптанышына Теңизбай, Нурдөөлөт, Кайду, Мамыр, Кудайбек  аттуу Көл өрөөнүнөн чыккан элдик таланттар өбөлгө түзөт.
1916-жылдагы көтөрүлүштө Кытайдан кайткандан кийин 1918-жылы “Ооган Камбаркан” аттуу күүсүн жаратат. 1921-1923-жылдары Совет Өкмөтүнө арналган бай баяндамалуу “Октябрь Өзгөрүш”, 1925-жылы кыргыз жаштарын окууга үндөгөн “Жаш тилек күүсү”,Совет бийлигин жана жаңы жашоону даңктап, граждандык согуштагы коллективдештирүү учурунда, басмачыларга каршы колуна мылтык алып, совет бийлигин орнотууга жан дили менен катышат.
1934-жылы колхоздоштуруу башталганда “Жыргылаң” колхозунда радио түйүнүндө 1936-жылга чейин музыкант болуп иштейт. Ушул эле жылы ордо калаада өткөн Эл чыгармачылыгынын Республикалык биринчи олимпиядасына катышып, аткаруучулук, комузчулук чеберчилигин айкын далилдеп, Москвалык  музыка таануучу А.Затаев жетектеген тобунун жолдомосу менен Кыргыз Мамлекеттик филармониясына жумушка алынат. Көп өтпөй А.Затаев Ыбырай Тумановдун  чыгармаларын “Жаш Тилек”, “Боз Салкын”, “Ооган Камбаркан”, “Бургуй”, “Желдирме”, аттуу  күүлөрүн, “Жөө калды”, “Май жалаган!”, “Боз бала”, элдик обондуу ырларын нотага түшүрүп Кыргыз музыкасынын фондусун байытат.
1936-жылы Кыргызстанга келген биринчи жолу паровозду (Кара пулпарды) көрүп суктанган Ыбырай, толкунданып “Паровоз” аттуу  классикалык күүсүн  жаратат.  Комузга салынган паровоздун жүрүшүн, станциядан станцияга келип токтогонуна чейин, дөнгөлөктөрдүн түкүлдөп жүрүшү  эң бир элестүү, өткөрө таасирдүү сыпаттаганы Ыбырайдын чеберчилигинин  өтө бийиктигин  экенинин далилдеди.  
1936-жылы Ы.Тумановго Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти деген наам берилип, 1939-жылы СССР композиторлор Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. 1939-жылдын май айында Москавада өткөн  искуствосунун он күндүгүнө катышып, күүлөрүн чертип элге тартуулаган Ыбырай “Ардак белгиси” ордени менен сыйланат. Толкунданган талант, жаңы чыгармачылыктын барагын ачып, “Толкун”, “Жүрөгүм Москва”, деген шаңдуу кайрыктардагы  күүлөрүн кыргыз элинин атынан алкыш катары чыгарат.
1941-45-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш темасына Кыргыз комузчуларынын ичинен алгачкылардан Ы.Туманов кайрылып, “Биз баатырлардан күтөбүз” деген чакырык күүсүн чыгарып, фронттук концерттик бригадалар менен Ленинград, Сталинград шаарларында кан майданда согушуп жаткан жоокерлерге жана тылдагы күжүрмөңдөргө күүлөрүн тартуулайт.
1941-жылы Фрунзеде, 1944-жылы Ташкентте өткөн Орто Азия республикаларынын музыкалык он күндүктөрүнө катышат.
1951-жылы Ы.Туманов республикабыздын 25-жылдык салтанатында Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып, ал эми 1955-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наам ыйгарылат.  Ал Кыргыз филармониясында 1953-жылга чейин иштеп, ардактуу эс алууга чыгат. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасынын катышуучусу катары“Ардак белгиси” ордени , “Улуу Ата Мекендик согуш 1941-45-жылдардагы артыкчылык эмгеги үчүн” медалы, 1944, 1965-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак граматалары менен сыйланып эмгеги жогору бааланат.
Ы.Тумановдун Жаңы доордун жарчысы аталган ондогон көрүнүктүү күүлөрү кыргыз орус композиторлору  симфониялык, опералык, балеттик чыгармаларында пайдаланышат. Ал эми классикалык “Жеңиш”, “Кеңеш”, “Боз салкын”, “Жаш Тилек”, “Жыргал күн”, “Жүз жылдык”, .“Жүрөк толкуйт”, ж.б. күүлөрү К. Орозов атындагы эл аспаптар орекстрининин аткаруусунда дүйнө жүзүнүн элдерининин угуучуларынын купулуна толгон.
Ы.Туманов совет доорун активдүү пропагандалап чыгармачылыгын да ушул багытта өркүндөтткөн чыгармалары айкындап турат. Мисалы: “Жыргал күн”, Совет эли менен Кытай           эинин достугуна арналган “Эки дос”, “Тынчтык”, “8- март”, “Жашыл жайлоо мал семиз”, “Ысык- Көл”, “Эмгек баатыры”, “Коммунизм курабыз”, жаш жеткинчектерге арнап “Пионер гүлдөйт” аттуу ж.б. жаңы кайрыктарга бай, шаңдуу кайрыктардагы күүлөрдү чыгарган.
1967-жылы узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтат.
1994-жылы Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайына Ы.Тумановдун ысымы берилген.                      
                                    Негизги чыгармалары
Комузга чыгарган күүлөрү: “Ала-Тоо”, “Ак жыргал”, “Атака”, “Бала сооротчу Камбаркан”, “Беш жылдык”, “Боз салкын”, “Бурулчанын селкинчек” “Достор”, “Жалгыз бала”, “Жаш тилек”, “Жаш шайыр”, “Жаштар”, “Жашыл жайлоо мал семиз”, “Жеңиш”, “Жетим баланын арманы”, “Жүрөгүм Москва”, “Жыргыл күн”, “Карылык”, “Керега таштын  Кербез ботою”, “Кеңеш”, “Кең күнгөй “Күтөбүз”, “Кызарт “, “Кызыл кырман берекке”,  “Кыргыз элиме”,  “Марш күү”,  “Москва”, “Ооган Камбаркан”, “Өзгөрүш”, “Пионер гүлдөйт”, “Парад маршы”, “Паровоз”, “Партсъезд”, “Салтанат”, “*-март”, “Толкун”, “Тынчтык”, “Улуу той”, Үч кайрык”, “Чегиртке”, “Ырчы Коргоолго эстелик”, “Ыссык-Көл”, “Эки дос”, “Эмгек баатыры”, “Эпкиндүү чабан”, “Эпкиндүүлөр”.
                                     Нотнография
Затаевич А. “Кыргыздын аспаптык күүлөрү жана обондору” М; “Сов композитор”, 1971 № 322-329;, Ы.Тумановдун 10 күүсү. Тетрадь № 1, кол жазма укугунда. Фрунзе, 1966; Ы.Тумановдун 10 күүсү. Тетрадь № 2, кол жазма укугунда. Фрунзе, 1969; Туманов Ы. “Күүлөр” (түзгөн нотага түшүргөн Б.В. Феферман), Фрунзе “Адабият”, 1990-143б.
 


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019