Композитор Калдаров Бектурсун Раимжанович
Калдаров Бектурсун Раимжанович 1987-жылы 15-майда Ош шаарында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Жалал-Абад областына караштуу Шамаолы-Сай шаарчасында өткөн. Ошол жерде мектеп босогосун аттаган.
Музыкага болгон шыгы бала кезинен ойгонуп, кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарга жетишет.
1994-жылдан Бишкеке шаарындагы А. Толубаев атындагы № 49-мектептен билим алып, 2002-жылы толук эмес орто билим алган соң  М. Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүнө кирет. Окуу жайды 2006-жылы аяктап, ошол эле жылы К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын композитор адистиги боюнча бөлүмүнө тапшырып, 2011-жылы композитор деген диплом алып чыгат.
Студент кезинде эле белгилүү акындардын ырларына обон жаратып, алгачкы чыгармалары жаралып баштайт.
Ырлар: “Тоолор энем” (сөзү Т. Байзаковдуку), “Ыйык мекеним” (сөзү Г. Шакированыкы), “Балалыкты сагынуу” (сөзү Г. Өмүрбекованыкы), “Жумгалым” (сөзү Ж. Исабаеваныкы), “Адашкан сезим” (сөзү С. Батыркулованыкы) ж.б.
Аспаптык чыгармалары: Фортепиано үчүн прелюдия, Скрипка жана фортепиано үчүн рондо, “Эскерүү” кыл аспаптар үчүн квартет (устаты А. Мурзабаевдин жаркын элесине арналат), согуш темасын чагылдырган симфониялык оркестр, хор жана солисттер үчүн жазылган “Согуш илеби” ораториясы ж.б.
2012-жылдан бери Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын радио бирикмесинде үн режиссер болуп эмгектенет.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019