Жумаканов Чанай (1930-1976)
Жумаканов Чанай, хормейстор, композитор 1930 –жылы Ыссык Көл областынын Жети Өгүз районуна караштуу Шевченко атындагы колхоздо төрөлгөн. Ырга ынак, күүгө жандуу жаш талант орто мектепти бүтүп  1948-жылы Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Мурааталы Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хордо (шыгырда) дирижердоо бөлүмүнө өтүп, белгилүү хормейстер, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Т. Троянскийдин классынан билим алып, 1952 жылы ийгиликтүү бүтүрүп, эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Т. Троянский  менен бирге хор жаааматында дирижер болуп иштейт баштайт. Бул иш жааматында хор үчүн кыргыз, орус элдик ырларын  “Волго –“Дон, “Ак Кептер”, “Сага партия”, Бизде бакыт” аттуу чыгармаларды иштеп чыгып хордун аткаруусу менен  угармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болот.
Ч. Жумаканов  филармонянын түбүн  түптөшкөн залкар шайырлар С Каралаев, К Орозов, Ы. Туманов, О. Бөлөбалаев, А. Үсөнбаев, Ч.Иманкулов, Ы. Борончиев, А.Эшманбетов, Т Шабданбаев, Б. Эгинчиев баштаган ж.б. айтылуу шайырлар менен бирге иштешип, алардан  уккан нукура элдик ырлар, дастандар, обондор, күүлөр жаш таланттын шыгына шык кошуп өркүндөтүп, келечектеги жаңы чыгармалардын түбүн түптөйт.
Ч. Жумаканов тынымсыз эмгектенүүсү менен филармониянын мамлекеттик хорунун а-капелла жааматынын көркөм жетекчиси, башкы дирижеру (хормейтери) болуп, 1958 – жылы  Москвада өткөн Кыргыз  адабияты менен  искусствосунун экинчи он күндүгүнө (декадасына) өзү жетектеген  ар түрдүү үндөгү 60 кишиден  куралган  Мамлекеттик а капелла хору менен катышып, концертте композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти М. Раухвергер а капелла хору үчүн иштеп чыкккан эл куудулу, акын, ырчы, обончу Шаршен Термечиковдун “Кантың барбы?”, жана башка композиторлордун партия, эл, жер жөнүндө ж.б. чыгармаларды жогорку деңгээлде элге тартуулашып, музыка изилдөөчүлөрдүн  басма сөз  беттеринен  “Известия” газетасынан жылуу пикирлер айтылып Ч.Жумакановдун чеберчилигине жогорку баа берилет.  Ошол эле жылы СССР Жогорку Советинин чечими менен искусствого чоң салым кошкону үчүн Ч. Жумаканов “Ардак белгиси” ордени менен сыйланат.
            Ч. Жумаканов көптөгөн  хор жана балдар үчүн жазылган чыгармалардын автору. “Эки энем”, “Куурчагым”, “Аяз Ата”, “Ушундай бол”, “Ур барабан, тарт сурнай”, “Жалында костер, жалында”, “Жардам бердик” аттуу ырлары, хорлору обондорунун мукамдуулугу, укулуктуулугу, аваздык ыргактарынын тунуктугу менен жаш жеткинчектердин жүрөктөрүнөн түнөк табат.  1970 –жылы  автордун мектеп окуучулары арналган алгачкы ырлар жыйнагы “Мектеп” басмасынын “Ырдайлы достор ырдайлы!” аттуу китеби жарык көрөт.
Ч. Жумаканов балдар ырларынын, хорлордун, вокалдык, симфониялык поэмалардын, кантаталардын, түрдүү мазмундагы патриоттук, лирикалык ырлардын, романсттардын автору болуп, атактуу ырчылардын репертуарларын байытып  келген. Мисалы: Т.Тыныбековдун “Сагыныч”, Б.Сарногоевдин  “Суусамыр жыттуу жан эркем”атту ырлары угармандардын түнөгүнөн орун тапкан.
Ч. Жумаканов көрүнүктүү композитор А. Малдыбаев менен биргелешип жазган “Лирикалык сюита”,  “Кыргызстан”, “Ленин” жөнүндө ыр”, ”Биз партияны ырдайбыз”,”Ленин”,”Октябрь”, “Түш”, “Эмгек таалайы” ж.б. көптөгөн чыгармалары Кыргыз Мамлекеттик хорунун репертуарын байытып АКШ өлкөлөрүнө да аткарылган.
Ч. Жумаканов ар түрдүү аваздык чыгармаларды гана жазбай драматург Т.Абдумомуновдун “Ашырбай” аттуу пьесасына да музыка жазат.
1962 жылы Чанай Жумаканов СССР композитор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат. 1970-жылы Ч. Жумакановдун чыгармачылык жолу жана чыгармалары өкмөт тарабынын жогору бааланып, Кыргыз ССрин Жогорку Советинин  Ардак Грамотасы менен сыйланат.
1976 –жылы  Каракол шаарында дүйнөдөн кайтат.
                                        Негизги чыгармалары.
Аваздык-сюиталары, кантаталары: Төрт бөлүмдүү “Лирикалык сюита” (Малдыбаев менен биргелешип жазган 1961ж.);  аваздык-симфониялык поэмасы “Достук майрамы” (1963 ж.); төрт бөлүмдүү “Кыргызстан” (сөзү Ж.Садыковдуку 1964 ж.);  беш бөлүмдүү “Ленин” (сөзү акын Э. Турсуновдуку, 1965ж.);  бир бөлүмдүү кантанта “Октябрь”(сөзү Т. Тыныбековдуку, 1966ж.).
Хор үчүн чыгармалары: Баритон жана хор үчүн ”Ата Журтка ант” (1965ж.); “Кыргыз спортчулардын маршы” (сөзү К. Акаевдики 1966ж.); хор жана а капелла “Малчылар” (сөзү А. Белековдуку, 1966ж.);  хор жана солисттер үчүн ыр “Въетнам жеңиши” (сөзү С. Урманбетовдуку, 1966ж.); аялдар хору а капелла “Жыргалаң” (сөзү А. Белековдуку, 1966ж.);  “Коммунизмге жол” (сөзү К. Акаевдики, 1967ж.);  салтанатту ода “Даңк сага Мекеним” (сөзү К. Акаевдики, 1967ж.); балдардын а капелла хору “Бешик” (сөзү Т. Тыныбековдуку, 1968ж.);  эркектердин дуети менен хор үчүн “Жоокер ыры” (сөзү Ж. Сыдыковдуку, 1968ж.);  хор үчүн ыр “Жаша жаштар” (сөзү Э. Турсуновдуку, 1972ж.);
Балдар ырлары : “Эки энем” (сөзү Р.Рыскуловдуку,1960ж.); “Ур барабан , тарт сурна” (сөзү М. Жангазиевдики, 1966ж.); “Жардам бердик” (сөзү М. Жангазиевдики, 1967ж.);  “Көк кайык” (сөзү С. Урманбетовдуку, 1968ж); симфониялык оркестр үчүн “Сагыныч” (сөзү Т. Тыныбековдуку, 1970ж); “Суусамыр жыттуу, жан эркем” (сөзү Б.Сарногоевдики, 1968ж); ж.б.
             Нотография:  
“Ырдайлы , достор ырдайлы!”; ырлар жыйнагы, Фрунзе  “Мектеп”, 1970ж. 1-96 бет.
             Дискография:
“Жеңебай” хор (Кыргыз Мамлекеттик хору, дирижер Ч.Жумаканов),- Ташкент 0036537; “Партияга  даңк” хор үчүн ыр (А.Мырзабаевдики, Кыргыз Мамлекеттик хору жана симфониялык оркестр, дирижеру К. Молдобасанов); “Советтик Армия жөнүндө ыр” (Кыргыз Мамлекеттик хору жана Кыргыз эл аспаптар оркестри, дирижеру Н. Давлесов) – Ташкент, 31270-7); ыр “Сагыныч” (С. Бекмуратованын аткаруусунда) – “Мелодия”, МЗО -35733-34; хор “Ак көгүкөн” (Кыргыз Мамлекеттик зору)- “Мелодия”, МЗО -35735-36.
            Библиография:
Б. Алагушов “Кыргыз композиторлору “ Фрунзе “Мектеп”1964, 171-174 бет;  Б. Алагушов “Кыргыз Улуттук филармониясы”, “Кыргыз Мамлекеттик хору”, Бишкек “Бийиктик” 2006-ж. 235-246 бет; Б. Алагушов “Кыргыз музыкасы энциклопедия” Бишкек “Бийиктик” 2007ж. 253б. Б. Алагешов “Шайырлардын тагдырынан”  Бишкек, 2014ж. 121-130 бет.
                                                                                                                      Түзгөн Б.Алагушев.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019