Күрөңкеев Мураталы
                                                            (1860- 02.1949)
           
 Композитор,залкар комузчу, кыл кыякчы, чоорчу, дастанчы, жомокчу, санжырачы, жамакчы ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти (1935), СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1939) Муратаалы Күрөңкеев 1860-жылы Каракол уезиндеги Талды Булак айылында көрүнүктүү комузчу, кыл кыякчы, чоорчу, сурнайчынын үй-бүлөсүндө төрөлөт.  Муратаалы  төрөлгөндөн атасынын күүлөрүн учуп, 6-7 жашында комуз черткенди үйрөнүп, кийин кыл кыяк, чоор тарта баштайт. 15 жашында байдын Чышгышбай аттуу комузчунун комузу менен асыл сабакташып чертишип жеңгенден кийин анын ысымы калк арасына таралат. 1917-жылы жаңы замандын жарына “Жеңиш" деген салтанаттуу күүсүн элге тартуулайт. Муратаалы  1922-жылы  Караколдо (Пржевальск) эл ичинен талантуу жаштарды тандап комузчулар ансамблин түзөт.
1928-жылы Муратаалы Пишпек шаарына чакырылып, Кыргыз музыкалык-драмалык студияда иштей баштайт. Ушул эле жылы  сентябрь айында музыка изилдөөчү-этнограф А.Затаевич Муратаалынын аткаруусунда 51 комуз, кыл кыяк күүлөрүнүн баянын айтып нотага жаздырып келечек муундарга түбөлүктүү чоң байлык калтырат. 1932 –жылы студия  драмалык театрга айланганда Муратааллы жаңы  жааматка комузчу, кыл кыякчы катары которулат. 1936-жылдын 7-октябрында эл аспаптар оркестри, 29-октябрда Кыргыз филармониясы уюшулуп, Муратаалы филармонияга которулат. Кийинчерээк кыл кыяктар тобун уюштурат.
1945-жылы Улуу Жеңишке арнап “Жеңиш Камбаркан” күүсүн чыгарат. 1936-1945 жылга чейин филармонияда үзүрлүү эмгектенип  ардактуу эс алууга чыгып,  өкмөт тарабынан эмгеги жогору бааланып, Ленин ордени менен сыйланып, Муратаалынын ысмы музыкалык-хореографиялык окуу жайына  1945-жылы 26-майда берилет.
Муратаалы Күрөңкеев ар кандай ырлардын автору. “Кыз  дарыйка”, “Алпамыш баатыр”, “Муңдүк Зарлык”, “Зал Зал”, “Заркул”, “Жаңыл Мырза” дастанын элге тартуулайт. Элдик обондор “Бекбекей”, “Жылкычынын шырылдан”, “Күйгөн”, “Алыш сабак”, “Бешик ыры”;  темир ооз, чоордун, комуздун “Бото”, “Керме-Тоо”,”Ак кочкор канкы”, “Калмак күү”, “Бий күү”, “Чоор күү” аттуу  күүлөрдү кыл кыяк үчүн иштеп чыккан. Ошондой эле "Кер-Өзөн", "Байге", “Аткетти”, “Ак токту”ж.б. кыл кыяктын классикалык күүлөрүнүн автору.
Атактуу композиторлор Муратаалы Күрөңкеевдин  кыл кыяк , комуз күүлөрүн  ар кандай жанрдагы чагармаларына  кеңири пайдаланышкан.
1949-жылы 2 –январда  Муратаалы Күрөңкеев дүйнөдөн кайтат. 
                                 Негизги чыгармалары
Кыл кыяк күүлөрү: “Кер-өзөн”, “Ураан”, “Бек арыстан ташы”, “Кайра качпа”, “Бурулча”, “Чоор күү”, “Биздин үндү уккула”, “Коңур- ала”, “Бекбекей”, “Күйгөн күү”, “Тору кашка ат кокуй”, “Муратаалынын ботою”,  “Төрөкелдинин какмасы”, “Жүлүш күү”, “Кошок”, “Арман күү”, “Муратаалынын кыз кербез”, “Шырдакбек”, “Ак кочкор канкы”, “Ак токту”, “Ат кетти”, “Кыз кербез”, “Ташыдан ташы”, “Бекташ”,
Комуз күүлөрү: “Күрөнкөйдүн шыңгырама”, “Муратаалынын көк-сандал”, “Муратаалынын толгоосу”, “Айдайдын ботою”, “Мендирман”, “Сары үңкүр”,  “Күрөң койдун кара өзгөй”,”Муратаалынын чоң шырыгма”, “Эски көкөй кести” “Күрөң терс кагыш”, “Муратаалынын кер толгоо”, “Күрөң койдун Камбаркан”,, “Муратаалынын ойломо”, “Муратаалыны кайрыма”, “Тилендин ботою”, “Моңолбай”, “Күрөн койдун чайкама”, “Шырылдаң”, “Кет Бука”, “Бок көтөндүн ботою”, “Музоокенин муңдүү күү”, “Муратаалынын кербези”, “Күрөңкөйдүн кичи кербези”, “Муратаалынын  кичи ботою”, “Акилжан”, “Жетим бала”, “Күрөңкөйдүн шыңгырама”, “Арстанбекбектин зарзаман”, “Муратаалынын тырыштырма”, “Күйгөн күү”, “Арман күү”,”Калчене”, “Жүлүш күү”, “Чайкама”, “Кайра качпа”, “Бурулча”, “Кийиз”, “Кара- Өзгөй”, “Такмаза”, “Кыз күйөө”,  “Чоң Кербез”, “Серкебайдын арманы”, “Муратаалынын төтөп шынгырма”, “Сур толгоо”, “Селкинчек”, “Жеңиш Камбаркан”, “Шайыр” ж.б.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019