Юсупов Султан (1918-2004)

Хормейстер, композитор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1977 ), Султан Юсупов 1918 – жылы Чүй облусунун Сокулук районунун Таш-Булак айылында төрөлгөн.  Орто мектепти бүтүп 1935-1938-жылдары Бишкектеги Курулуш техникумунда окуп жүргөндө, кыргыздын таланттуу  жаштарын  издеген искусство тармагынын  жааматынын  мугалимдеринин көз кырына илинген жаш талант, 1938-жылы 3 – мартында Кыргыз Мамлекеттик Академиялык опера жана балет театрында бийчи катары кабыл алынып, ошол эле жылы июнь айынды театрдын хор жааматына которулуп, 1939-жылы Москвадагы өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүк декадасына катышат.
1940-жылы Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваторияга  өтөт. Бирок тилекке каршы  1941 -жылы  Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Султан  Юсупов туулган жерине кайтып келүүгө мажбур болуп,опера жана балет театрында иштей баштайт. 1942-жылы Фрунзеде, 1944 –жылы Ташкентте өткөн Орто Азия жана Казастандын музыкалык  күндүктөрүнө катыш биринчи сыйлыктын ээси болушат.
1945 –жылы Улуу Ата Мекендик согуш бүтөөрү менен Султан Юсупов билимин  Мосвадан кайра улантат.  Окуусун 1950 –жылы ийгиликтүү бүтүрүп, А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрына башкы хормейстер болууга жолдомо алат. Кыргыздын тунгуч хормейтери  С. Юсупов театрдын хор жааматын жетектөө менен композиторлор А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференин “Айчүрөк”, “Манас”, “Токтогул”,дүйнөлүк  ысымдагы П.Чайковскийдин “Евгений Онегин”, Ж. Вердинин “Аида”, Ж.Пучинин “Чио-Чио-Сан”, М. Мусогроскийдин “Борис Годунов” аттуу ж.б. опера жана хорлорду талыкпай изденип, чыгармачыл эмгектенүүсү менен жаңы форматтагы чыгармаларды  иштеп сахнага алып чыгып теардын репертуарын  байытты.
1958-жылы таланттуу  хормейстер С.Юсупов Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствонун экинчи он күндүгүнө, театрдын хор жааматынын башкы дирижеру, жетекчиси катары катышат. Декаданын салтанаттуу аякташы менен Кыргыз искусствосуна кошкон зор саламы үчүн Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1958) деген ардактуу наамга татыктуу болот.
1970-1975-жылдары опера жана балет театрынын директору болуп эмгектенет. Көп жылдык тажрыйбага өтө бай, С.Юсупов театрдын өздүк репертуарын байытуу  максатында улуттук жаңы опералардын, балеттердин,музыкалык драмалардын, комедиялардын коюлушу менен  гана чектелбестен, артисттердин чеберчилигин көтөрүү, арттыруу үчүн да чоң салымын абдан кошту. Театрда жетекчилик кызматта иштөө менен 1958-1970-жылдары В Маяковский  атындагы кыз-келиндер институтунун (азыркы И.Арабаев) музыкалык факультетинде, 1967-жылдан тартып Кыргыз Мамлекеттик Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда опера жана балет театрынын музыкалык студиясында мугалим болуп иштеп, көптөгөн жаш таланттарды сахнага алып чыкты. Профессор деген ардактуу наамга ээ болот. 1957 – жылы  С. Юсупов уюштурган, жетектеген талантту улан-кыздардын курамынан турган хор жааматы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалында жеңишке ээ болуп, лауреат деген наамга ээ болуп кайтышат.
С.Юсупов орус ж.б. элдердин, композиторлордун хорлорун өзү жетектеген жааматка дирижерлоп ырдатуу, үйрөтүү менен бирге кыргыз угуучуларынын сүймөнчүлүүнө ээ болгон  хорлорду, ырларды жазып, талыкпай ондогон элдик ырларды хор үчүн да атайын иштеп чыккан. Мисалга алсак: “Гулсара”, “Өмүр”, “Кыз бала экен жылкычы”, “Күбөсү болсун сүйүүнүн”  аттуу хорлору,  “Жаштык ыры”, Кел жигиттер иштейли”, “Студенттердин маршы”, “Тумаржан” деген лирикалык  патриоттук ырлары, жаш жеткинчектерге арналган “Күкүк”, “Чыйырчык”, “Коёнум”, “Саратан”, “Көпөлөк” аттуу ырлары, хор үчүн иштеп чыккан “Сагынам”, “Өмүр”, “Кыз бурак”, “Ой, тобо”, “Жайкы түн” аттуу хорлору кыргыздын профессионалдык музыкасын байытууга зор салымын кошуп, кыргыз калкына талантуу композитор катары таанылат.
С.Юсуповдун кыргыздын профессионалдык музыкасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн СССР Жогорку Совети тарабынан жогору бааланып, Эмгек КызылТуу ордени, медалдары Ардак Граматалары менен сыйланат.
2004 жылы Кыргыстан композиторлор Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат.
                                                        Негизги чыгармалары:
Хорлору: “Гулсара”, “Өмүр”, “Кыз бала экен жылкычы”, “Ата –энем өскөн жер ошо”, “Күбөсү болсун сүйүүнүн”, “Күкүк”, “Чыйырчык”, “Коёнум”, “Саратан”, “Көпөлөк”.
                                                 Хор үчүн ишттеп чыккан чыгармалары:
 “Тагылдыр тоо”, “Сагынам”, “Өмүр”, “Кыз бурак”, “Ой тобо”, “Жайкы түн”, “Беш ыргай”, “Паризат”,
                                                            Ырлары:
“Жол ыры”, “Жаштык ыры”, “Кел жигиттер иштейли”, “Менин өлкөм  - Кыргызстаным”, “Студенттер маршы”, “Издеп жүрөм”, “Тумаржан”, “Кыздын ыры”, Мекеним” ж.б.
                                                        Библиография:
Б.Алагушев Б. “Кыргыз Улуттук филармониясы” Б. “Бийиктик”-2006ж., 235-245 бет.
Б.Алагушев Б. “Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы” Б. “Бийиктик”, 2007ж. 524-525 бет. Композиторы Кыргызской Республики”. Справочник.  Бишкек, 2008ж.122 бет.
Б.Алагушев Б. “Таланаттардын тагдырынан” Бишкек, 2011, 87-91 бет.
                                              
                                                                 Түзгөн Б. Алагушев.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019