Тарас Асанакунов
 Тарас Асанакунов 1961-жылы 18-июлда Балыкчы шаарында туулган.                Чоң- Кеминдин Тар-Суу айылындагы мектепте 2- класска чейин окуган.     1969-жылы 3- класстан баштап Фрунзедеги М. Абдраев атындагы Республикалык  адистештирилген балдар музыкалык мектеп-интернатына өтүп, флейта аспабында ойноону үйрөнөт. Мугалими С. Сонунбеков.
 Мектепте окуган учурларында ар кандай оюн –зоокторду ойлоп таап, сценарий жазып, аларды балдарга окуп берип, ага жараша музыкасын коштоп, кээде жаза койгон таланты болгон.  “Мексикалык сценаристердей   жаза” койчу деп эскеришет кесиптештери.  Спорттун баардык түрүнө катышып,  футбол ойноо жагынан шамдагай, таамай тепкен сапаттары болгон.
  1978-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, флейтадан Кыргыз Республикасынын эл артисти Кайыпбек Айтыгуловдон окуган. Вокалдык-оркестр факультетинде окуп, аны менен катар фортепиано-теория факультетинде композитордук бөлүмдө окуйт. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Таштан Эрматовдун классынан  таалим алган.
  1985-жылы Москвада  өткөн Бүткүл союздук жаш композиторлордун арасында  9-майда Улуу жеңиштин 40 жылдыгына карата жабык түрдө өткөрүлгөн кароо – сынакта Тарастын “Өлбөстүк” симфониялык-поэмасы  III-орунга татыктуу болгон. СССР композиторлор союзунун биринчи катчысы, СССРдин эл артисти  Тихон Хренников Лауреаттык наамды тапшырган.
 Тарас Асанакунов 80-жылдардан тарта  эстрада жанрында көбүрөөк эмгектенди. Анын “Роза гүлү”, “Тоо булагым арманым”, “Ак куу белең айперим”, “Бийле, бийле”, “Сүйүү сезими” ж.б. лирикалык ырлары  обондуулугу, эстетикалык таасирдүүлүгү, көркөмдүгү менен элге таанылган.  Эстрада агымында Тарас жаңыча изденип, хит ырларды жаратты.                     Тарас 2013-жылы 24-январда 52 жашында кайтыш болду.
 
Симфониялык: Өлбөстүк” симфониялык-поэмасы (1985-ж.)
Камералык-аспаптык чыгармалары:
Флейта жана фортепиано үчүн 4 пьеса. (1979-ж.),
Тромбон жана фортепиано үчүн пьеса (1979-ж.),
Кыл аспаптар квартети үчүн Вариация (1981-ж.),
Фортепиано үчүн үч бөлүмдүү соната  (1982-ж.),
Ырлары:
Үн жана фортепиано үчүн вокалдык түрмөк (сөзү Асан Жакшылыковдуку).  
“Роза гүлү”. Сөзү А. Жакшылыковдуку.
 “Каркыралар кайтканда”  сөзү  Т. Кожомбердиевдики  1980-ж.
“Ала Тоо” сөзү А. Жакшылыковдуку. 1984-ж.
“Сүйүү сезими” сөзү К. Акаевдики. 1984-ж.
 “Айнагүл” сөзү  А. Жакшылыковдуку 1985-ж.
“Энеге арноо” сөзү Т. Кожомбердиевдики. 1986-ж.
“Ак сүйүүмдү сезбедиң”сөзү А. Жакшылыковдуку. 1987-ж.
“Таң шооласы” Сөзү  Турар Кожомбердиевдики.1987-ж.
“Эл майрамы, ыр майрамы”. Сөзү  К. Акаевдики. 1987-ж. 
“Мен бийге чакырсамбы” сөзү А. Жакшылыковдуку 1988-ж.
  “Жоготкон жаштыгым”. Сөзү  А. Жакшылыковдуку 1988-ж
“Энеге арноо”. Сөзү  Т. Кожомбердиевдики. 1989-ж.
“Эңсейм сени балалык”.Сөзү А. Жакшылыковдуку. 1989-ж.
“Тоо булагым арманым”. Сөзү С. Алтымышевдики. 1991-ж.
”Махабат жылдызы”. Сөзү А. Жакшылыковдуку. 1991-ж.
“Ак куу белең айперим”.Сөзү С. Алтымышевдики.
“Жоготкон жаштыгым”. Сөзү А. Жакшылыковдуку. 1991-ж.
“Мен бийге чакырсамбы?”.Сөзү А. Жакшылыковдуку.
 “Бийле, бийле”. Сөзү А. Жакшылыковдуку.
“Жаштык таңы”.сөзү А. Жакшылыковдуку.”Дождь”. сөзү                                        И. Макробородовдуку.
“Эңсей берем жаным сени”. Сөзү А. Жакшылыковдуку.
“Кыз күйөө жөнүндө баллада”. Сөзү Т. Асанакуновдуку.
Хор: “Кыргызстан”  сөзү А. Жакшылыковдуку.( 1982-ж.).


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019