Сардарбек Жумалиев
Обончу, композитор, дирижер Жумалиев Сардарбек Кант районунан Жар-Башы айылында 1941-жылы 5-февралда туулган.
Теги солтонун бөлөкбай уругунун аксак-бөру тукумунан.
Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959–1962-жж. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин маданиятынын жана адабиятынын күндөрүнүн 2-декадасына катышкан. Эмгек жолун 1959-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964–1967-жж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1968–1972-жж. тунгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген. 1972–1975-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессор М.Абдраевден, профессор К.Молдобасановдон, факультативдик-дирижерлук боюнча профессор И.Давлесовдон окуган. 1975–1977-жж. Республикалык Эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген. 1977-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру болуп эмгектенип келет. 1984-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн. Анын «Таң сыры», «Сары-Челек», «Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Жаңы жылды тосолу», «Ысык-Ата Арашан», «Махабат мекени», «Кетпейм сага жолукмайынча» ж.б. жүздөн ашык обондору бар. Ал тарабынан Чүй облусунун «Сары Өзөн» гимни, «Кыргыз Улуттук университетинин гимни», «Токой чарбасынын гимни», «Манас балдар мектебинин гимни», «Кыргызпатентинин гимни», Бишкек шаарынын «Бишкегим» аттуу гимндери жазылган. Ал 1987-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» наамын, 1990-жылы А.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыгын, 1990-жылы «Эмгектин ардагери» медалын, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалын, 2007-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын сыйлыгын алган.
Аткарылып жүргөн чыгармалары
«Ажайып элес» с. Т.Кожомбердиевдики «Азаттык ыры» с. А.Рыскуловдуку «Ак көгүчкөн» с. Ж.Султаналиевдики «Ак шумкар» с.Ш.Дүйшеевдики «Аларча» с. А.Рыскуловдуку «Ардагым сен» с. И.Исаковдуку «Бегимайдын ыры» с. А.Чойбекованыкы «Бишкегим» с. К.Урманбетовдуку «Бишкекке сулуу таң атат» с. С.Жусуевдики «Болсо экен дейм бактылуу» с. К.Оторбаевдики «Гүлдө Кыргызстан» с. К.Урманбетовдуку «Жайкы кеч» с. К.Курманбаевдики «Жайкы түндө назик үн» с. Т.Кожомбердиевдики «Жан эркем» с. А.Өмүркановдуку «Жаңы жылды тосолу» с. Т.Кожомбердиевдики «Жашоо кумары». с. Ж.Бузурманкуловдуку «Жаштыкта» с. Б.Алыбаевдики «Жигитай» с. Н.Байтемировдуку «Жигиттерге» с. К.Оторбаевдики «Кетпейм сага жолукмайынча» с. А.Өмүркановдуку «Көл боюнда» с. Ш.Куловдуку «Күтүү» с. А.Өмүркановдуку «Кыздын ыры» с. Т.Кожомбердиевдики «Кыргыз жери – кымбатым» с. Т.Кожомбердиевдики «Кыргыз элим» с. Ш.Куловдуку «Майрам шаңы» с. Ш.Дүйшеевдики «Махабат мага кымбатсың» с. Т.Кожомбердиевдики «Махабат мекени» с. А.Рыскуловдуку «Махабат нуру» с. К.Курманбаевдики «Мекеним сенден башталат» с. Ш.Дүйшеевдики «Мектеп вальсы» с. Т.Кожомбердиевдики «Раймалынын ыры» с. Д.Садырбаевдики «Сапардамын» с. Т.Кожомбердиевдики «Сары өзөн» с. А.Рыскуловдуку «Сары-Челек» с. А.Исаевдики «Сен менин жазылбаган ырларымсың» с. Б.Алыбаевдики «Өскөн айлым – Жар-Башым» с. С.Медетбековдуку «Өчпөгөн үмүт» с. К.Курманбаевдики «Сүйүктүү шаарым – Токмогум» с. М.Тойбаевдики «Тагдырым сени мага жолуктурган» с. А.Чойбекованыкы «Таң сыры» с. А.Исаевдики «Толкундар» с. Т.Кожомбердиевдики «Үзүлбөгөн үмүттөр» с. Т.Кожомбердиевдики «Унутпагын өткөндү» с. Т.Кожомбердиевдики «Унутулгус элестер» с. А.Карыбаевдики «Ысык-Ата-Арашан» с. Т.Кожомбердиевдики «Эсиңе ал» с. А.Өмүркановдуку «Эстегенде» с. А.Өмүркановдуку
Дисктери
Толкундар – Г.Мамашева, Дзержинский бульварым (Т.Имашев) – К.Кожомкулов, Таң сыры (А.Исаев) – Д.Жалгасынова. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035861 62 005.
Ноталуу китептери
Арашан. Обондуу ырлар.: Кыргызстан 1980.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019