Музыковед Куйкеева Зинаида Ишенбаевна К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын “Теория жана композиция” кафедрасынын доценти. Маданияттын мыкты кызматкери. 30 га жакын илимий макалалардын, анын ичинде Билим берүү министрлиги тарабынан жарыкка чыккан методикалык колдонмолордун автору.
1974-1979-жылдары М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайда, 1977-81-жылдары Приморск крайындагы Уссурийск шаарында музыкалык мектепте, 1981-1986-жылдары ГДРдин Галле шаарында, 1986-1991-жылдары Казакстандын Сары-Өзөк шаарчасында, 1991-жылдан бери Б.Бейшеналиева тындагы искуство институтунда, андан соң К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда эмгектенип келет.
Композиторлор союзунун мүчөсү.
З.Куйкеева 35 жылдан бери жогорку квалификациялуу адис катары кыргыз композиторлорунун чыгармаларын изилдеп, радио менен тыгыз алакада актуалдуу маселелерди козгоп келет.
Эларалык, республикалык жана жогорку окуу жайында өтүүчү ар кандай илимий-практикалык конференция, симпозиумдарга катышып, кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүү жолуна анализ жүргүзүп актуалдуу маселелерди көтөрүүдө. 2008-жылы Казак Республикасында өткөн Эларалык конференцияга “Кыргыз обондорунун ладдык өзөчөлүктөрү” деген темада доклад жасаган. 2010-жылы “Арген үндүү Асек Жумабаев жана оозеки салттагы ырчылык өнөр” деген тема менен катышкан. Ошол эле жылы “Котормо илими жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияда “Мамлекеттик тил жана котормо боюнча көйгөлүү маселелер” аттуу тема менен катышкан.
Музыка тарыхы боюнча котормочулукта алгылыктуу иштеп жүрөт. Алсак, “Батыш европа музыкасынын тарыхы”, “Орус элдеринин музыкалык тарыхы” аттуу котормолору музыкалык окуу жайларда окуу куралы катары колдонулуп келет.
Жарыкка чыккан илимий эмгектери: “Старинные русские романсы”, “Музыка в наше время”, Москва, 1979 г., “Истоки кыргызских религиозных песен” Бишкек, 1998 г. № 3, “Кошок и его особенности” Б. 2003 г., “Музыка тарыхынын барактары” Б. 2017 ж.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019