Назарматов Даниал Мукашевич (1940-2007)

Кыргыздын тунгуч  профессионал гитаристи, музыка таанучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмери Даниал Назарматов 1940-жылдын 4- февралында Нарын шаарында төрөлгөн. Орто мектепти бүтүрүп, аскердик  милдетин өтөп келгенден кийин1964 -1968-жылдары Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайында А.М. Крамскойдун  гитара классына кабыл алынып ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин, алгычкы эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайынан башталып,  гитара классы боюнча сабак берип, көптөгөн таланттуу жаштарга жол ачып берет.
 1970-71 жылдары  билимин кеңейтүү максатында Кыргыз Мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун музыка таануу бөлүмүнө   тапшырып ийгиликтүү аяктайт.
1969-1971-жылдары П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектепте директордун орун басары, 1976-82 жж. Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда көркөм жетекчи, директор, 1987 –жылдан Бүткүл  союздук музыкалык коомдун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директорунун орун басары, 19--- Кыргыз Мамлекеттик А. Малдыбаев атындагы опера жана балет таетрынын директору, 1991-93-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият Министри болуп иштейт. 1990-95-жылга чейин Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында  депутаттыкка шайланган жана  Кыргыз Улуттук консерваториясында профессор. 1983 –жылы СССР композиторлор союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, кыргыз комузчулардын обондорун, композиторлорунун күүлөрүн жана обондорун гитара үчүн иштеп чыгып  кесиптик музыкалык мектептерге жана жогорку окуу жайларына  окуу куралын даярдайт.
Назарматов Д. М. Карамолдо Орозовдун “Жаш Кербез”, “Көкөй кести”, “Ибарат” Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчү”, Атай Огомбаевдин “Ой Булбул”, “Гүл” аттуу күүлөрүн, обондорун, улуу композитор Вивальдинин №2 концертинин биринчи бөлүмүн, А.Малдыбаевдин, К. Молдобасановдун, С. Медетовдун обондорун, чыгармаларын  гитара  үчүн кайрадан иштеп чыгат.  Назарматовдун өзүнүн   “Араб ыры”, “Кыргыз темаларына фантазия”, “Чыгыш обону” аттуу оригиналдуу күүлөрдү чыгарып элге тартуулайт.
Назарматов Д. М. дүйнөлүк ысымдагы музыканттардын Ф.Сордун, Д.Агуадонун, М.Жульянинин, Ф.Каруллинин, М. Каракасисинин, М.Соколевскийдин Н.Макаровдун ж.б. аткаруусундагы чыгармаларын  музыка күйөрмандарына тартуулап , ал гана эмес өзүнүн өнөрүн Венгрия, Швеция, Швейцарияда, Данияда, Тунисте, Йеменде чет элдик угуучулардын алдында өз өнөрүн көрсөтүп кайткан.
Назарматов Д. М. ондогон макалалардын автору. Анын калеминен жаралган  “К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестри”,  “Кыргыздын бий ансамбли”, “Кыргызстандын театры, музыкасы, цирки”, опера жана балет театрнын тарыхтарына арналган макалалар,  музыка изилдөөчүүлөргө олуттуу  маалыматтарды тартуулайт. 1986 –жылы  “Гитара күүлөрү” аттуу жыйнагы басылып, кесиптик  музыкалык орто жана жогорку окуу жыйларына  окуу  куралы катары  программага  киргизилет. Кыргыз музыкасына салган салымы үчүн 19---жылы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Граматасы менен сыйланат.
Назарматов Д. М. 2007-жылы дүйнөдөн кайткан.
                  Жарыяланган негизги иштери
Брошюралары: “Кыргызстандын театры, музыкасы, цирки.” Ф. “Кыргызстан”, 1982ж; “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген коллективи. К. Орозов атындагы Мамлекеттик оркестр.Ф. Кыргызстан БК Компартиясынын басмаканасы, 1986ж; “Кыргыз Мамлекеттик Т.Сатылганов атындагы филармониясы” Ф. Кыргызстан БК Компартиясынын басмаканасы, 1986ж;
Буклеттер: “К. Орозов атындагы   эл аспаптар оркестри”. Ф.Кыргызстан БК Компартиясынын басмаканасы, 1977;  “Кыргыз ССринин Мамлекеттик бий ансамбли” Ф. Кыргызстан 1980;  
Макалалары: “Дирижер   жана композитор”-“ Комсомолец Киргизии “1979 -ж. 13 – октябрь; “Изденүү жана ачылуу мезгили” – “Комсомолец Киргизии” 1981-ж. 24-сентябрь; “Филармониянын сезону”,- “Советская Киргизия”, 1981-ж.14- ноябрь;”Жетишкендиктин сыры”- “Советская Киргизия, 1982-ж. 23- февраль; “Элдик салттын тилинде” – “Комсомолец Киргизии” 1982-ж. 29 – май; “Айтылуу комузчу жана композитор” – “Вечерний Фрунзе”, 1983-ж, 24-декабрь.
Жыйнактары:  “Гитара күүлөрү”, Ф. “Кыргызстан” 1986-ж; “Ар дайым бүгүнкү комуз” (украин тилинде) – Украина, 1981-ж, №33, август 20-21 бет;  “Гитарада ойноо”- Б, 2002-ж.
Библиография: “Союз Композиторов Киргизской  ССР” Ф. “Адабият” 1989, 149-150 б.
“Кыргыз Республикасынын Композиторлору” Бишкек, 2008, 140 б.
Алагушев Б. “Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы” Б. “Бийиктик” 2007ж. 364 бет.
Алагушев Б. “Таланттардын тагдырынан" Б. 2011ж., 218-221 бет; “Союз Композиторов Киригизской ССР” Ф. “Адабият” 1989ж., 149-150 бет;  “Кыргыз Республикасынын композиторлору” Бишкек, 2008ж., 140 бет.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019