Зулунбек Нурбаев

З. Нурбаев 1977-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бутуп, Кыргыз телевидениесинин музыкалык редакциясында эмгектенип жатат.
         Ал жөнөкөй редакторлуктан тартып, башкы редакторлук кызматка чейин иштеди. Билим денгээли жогору, кыргыз музыкасын, асыресе профессионал музыканы ырааттуу насыяттоодо, залкарларды мурастарын элге жеткирүүдө зор эмгек кылууда.
         З. Нурбаев иштеген 42 жылдан ашык убакыт ичинде “Мурас”, “Музыкалык жолугушуу”, “Музыка дүйнөсү”,  “Жан дүйнө”,  “Мын кыял”, “Дүйшөмбүдө кечинде”, “Залкарлар” сыяктуу циклдык телекөрсөтүүлөрдү кызыктуу кылып даярдап, көптөгөн телекөрөрмандарын тапкан. Адис катары программаларына анализ жасап, архивдик материалдардан, казынадан пайданалып, изденип иштеп көрүүчүлөрдүн жан дүйнөсүн асылдандырып келет. Түз эфирге да чыгып келүүдө.
         Бир нече жолу Борбордук телевидениеге Кыргыз искусство чеберлеринин концерттик программасын даярдаган.
         “Ырдайлы достор, ырдайлы” музыкалык көрсөтүүсү жыйырма жыл экрандан түшпөй, жалпы телекөрүүчүлөрдүн кызыктуу программасына айланган.
         “Дүйшөмбүдө кечинде” музыкалык-тамаша  көрсөтүүсү элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 1979-жылы Кыргыз телевидениесинин атынан Арменияга чоң көрсөтүү даярдап алып барган.
         З. Нурбаев Ташкенттен, Москвадан квалификациясын жогорулаткан курстардан окуган. Ал Кыргыз Композиторлор союзунун жана Журналисттер союзунун мүчөсү. “КТРдин отличниги”, “Мыкты маданият кызматкери” наамдарына ээ болгон.
         Азыркы мезгилде даярдаган программалары:  “Залкарлар” А.Жумакматов (цикл), К. Молдобасанов. “Тунгуч композитор”. А. Малдыбаев (цикл) “Кыргыз искусство чеберлери”, Д. Жалгасынова “Музыка дуйнөсү”, “Эстутум”, концерттер жана кечелер.
         З.Нурбаев тажрыйбалуу адис, жаштардын насаатчысы, чыгармачылык менен үзүрлүү эмгектенүүдө.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019