Кульжабаева Гүлмира Самаковна
(27.11.1961)  
Ысык -Ата  районуна  караштуу   Боз –Бармак  айылында  туулган.
1977-81- ж.  М.Күрөңкеев  атындагы  музыкалык-хореографиялык  окуу  жайынын  хор  дирижердук  бөлүмүндө, 1981- 86- ж. Б.Бейшеналиева  атындагы  Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун вокалдык –оркестр  факультетинин  хордун  дирижеру адистиги боюнча билим алган. 1986-жылы   институттун  жолдомосу  менен  Нарын  областынын Кочкор  районундагы  Молдобасан Мусулманкулов  атындагы  балдардын  музыкалык  мектебинде эмгек жолун  баштайт . Андан кийин А. Осмонов  атындагы  орто мектебинин балдар  хор коллективин  жетектеп  райондук  сынакта  1-орунду, Бишкек шаардык  сынакта  2-орунга  татыктуу  болот .Бул  балдар  хору  менен  Украинага, Киев шаарына жолдомо алат. 2000-жылдан  бери   УТРКда музыкалык редактор катары  эмгектенип келет. Бул жылдардын  аралыгында дүйнөлүк классикалык музыка  багытындагы  “Музыка  дүйнөсүндө “ , “Музыкалык  мозаика “, “Музыкалык  тааным”, “Адистин  пикири”, автордук   “Вива музыка”, “Дүйнө элдеринин музыкасы”, “Театр  жана  музыка” элдик -фольклордук  музыкага  байланыштуу  “Миң кыял “  аттуу уктурууларды , “Алтын  добуш “ концертин   даярдап келди .   Учурда    “Бейне”, “Түз  эфирдеги  жолугушуу” уктурууларын , “Жүрөктө калган  ырлар “ , “Аспаптык музыка”, “Кубулжуйт элдик аспаптар” ж.б. концерттик  программаларды,  
Кыргызстан  композиторлор  уюмунун  түзүлгөндүгүнүн 75-жылдыгына карата    уюмдун  тарыхый  басып  өткөн  жолун , таланттуу  композиторлордун  чыгармачылыгын чагылдырган   “Жаратмандык  улуу  жолдо “ аттуу  уктуруулар  түрмөгүн , кыргыз  көркөм  сүрөт  искусствосу  жана кыргыз  сүрөтчүлөрүнүн   жараткан   эмгектери  боюнча  даярдалган   “Кыл калем” аталган  уктурууларды  алып  барууда . Мындан  тышкары   эл  аралык  конкурс –фестивалдарга  катышып ,  аларды  түз эфирде    чагылдырып  турду .                                                                                                         Комузчулардын  Республикалык  “Тогуз кайрык” телефестивалы, “Мейкин Азия – 2013”,  “Мейкин Азия –2015”  эстрада  ырчыларынын  эл аралык   фестивалы, балдар хорунун Республикалык конкурсу Кыргыз  радиосунун   6 сааттык (учурда 2,5 саат)  түнкү  классикалык  музыкалык  концертине   дүйнөлүк  музыкалык  казынадагы   ар  доордун  композиторлорунун  жана  кыргыз  композиторлорунун түрдүү жанрдагы музыкалык чыгармаларынан  концерттик  программаларды  даярдап  келди.  Кыргыз  радиосунун   алтын  казынадагы залкар комузчулардын күүлөрүнөн куралган компакт –дискти  даярдап чыгарууга (Залкар комузчу Болуш Мадазимовдун чыгармачылыгы) Кыргыз радиосу  өткөргөн  “Салттуу  музыка  күнү”, “Маданият күнү” ж.б. иш чараларга катышты.  Кыргыз радиосунун  “Алтын казынасына”  кыргыз  профессионалдык  музыкасына  арналган   музыкалык уктурууларды  вокалдык-хор, аспаптык музыкаларды жаздырууда салым  кошту. 2015-жылы  Туркиянын Анкара шаарындагы TRT каналында  стажировкада болуп кыргыз  музыкасы боюнча уктрууларды , көрсөтүүлөрдү  даярдады. Хормейстер –композиторлор  А.Тыналиевдин , Б. Мамбеталиевдин  хордук чыгармалар  жыйнактарынын  рецензиясынын автору .  Залкар жазуучу  Ч. Айтматовдун  90 жылдыгына арналган   “Айтматов ааламы “ уктуруулар  түрмөгүн (Ч.Айтматов- музыкада ,көркөм сүрөт  искусстводо) ,К. Молдобасановдун  90 жылдыгына  арналган  ж.б. радиоуктурууларды  даярдап келүүдө.
Сыйлыктары :  
2006  -- КТРК   “Ардак грамота “
 2010 –  КТРК   “Мыкты  редактор  
 2011 –  КР  маданият жана  маалымат   министрлигинин    ардак граматосы .  
 2011  -  КТРКнын   отличниги .                       
 2012--   КТРК   “Ардак  грамота” 
 2013  – КТРКнын   “Мыкты  журналист”
 2015 -   КР маданият , маалымат жана туризм министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси .
2018 –Салттуу  музыка  күнүнө (25-апрель) карата  өткөрүлгөн  оозеки салттагы  профессионалдык музыкалык искусствону сактоого жана жайылтууга арналган салттуу музыка жумалыгына жигердүү катышкандыгы  үчүн КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин   , “Кыргызстан  салттуу  музыкасы “ фондунун   “Ыраазычылык  каты“.
2018 -  КТРК   60 жылдыгына  арналган  төш белгиси . 
2019 -  Кыргызстан композиторлор уюмунун  мүчөсү.
2020 - “Асылзат нуру”  коомдук фондунун төш белгиси . (Декабрь)                                                                                         
2021- Кыргызстаг сүрөтчү  жана  искусство  таануучу  айымдар  ассоциациясынын  мүчөсү.
2022- Г.Айтиев атындагы улуттук  көркөм сүрөт музейинин “Ардак белгиси”.
2022-КР  Президентине караштуу Мамлекеттик  тил  жана  тил саясаты  боюнча улуттук  комиссиянын  “Ардак Грамотасы “.
2022- “Кыргыз радиосунун  90 жылдыгы”  Медалы .  
 
 

                                                                                                                                                                                     
 
 


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019