СЫРДЫБАЕВА РАЗИЯ МАДЫЛБЕКОВНА

РАЗИЯ СЫРДЫБАЕВА, филология илимдеринин кандидаты, маданияттын мыкты кызматкери, УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас, фольклор жана акындар чыгармачылыгы» бөлүмүнүн ага илимий кызматкери. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасынын, КРнын Улуттук Илимдер академиясынын Ардак грамотасынын ээси. КРнын Композиторлор Союзунун мүчөсү, КТРКнын алдындагы «Алтын казына» борборунун Көркөм кеңешинин мүчөсү

    1971-жылы 24-декабрда Фрунзе шаарында Сырдыбаев Мадылбек жана Сыдыкова Рахима аттуу белгилүү адабият таануучулардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы Кыргыз Улуттук Консерваториясын искусство таануучу катары аяктап, музыка таануучу, редактор, сынчы, лектор жана мугалим деген адистиктерди алган.    
    Эмгек жолун 1991-жылы Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында мугалим катары баштаган. 1995—1998-жылдары Улуттук илимдер академиясынын алдындагы А. Акматалиев жетектеген «Манас таануу жана көркөм өнөр» борборунда, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө билим алган. 1998-2004-жылдары Кыргыз Улуттук консерваториясында ага окутуучу болуп эмгектенген. 1999-2003-жылдары «Кыргызстан обондору» аттуу республикадагы алгачкы кыргыз тилдүү коммерциялык музыкалык-маалымат радиосуна башкы редактор болуп, радионун түптөлүшү жана калыптанышына чоң салым кошкон. Уюштуруучу жана программалык редактор кызматтан тышкары журналист катары «Кыргызстан обондору», «Европа плюс» жана «Русское радио» аттуу маалымат кызматтарында иштеген. Бул багытта бир катар кесиптик ардак грамоталардын ээси. «Электрондук массалык маалымат каражаттарындагы рекламанын ролу, кыргыз тилдүү  рекламанын калыптанышы, көркөм котормо маселелери»  аттуу багыт боюнча республикалык дэңгээлдеги семинарлардын лектору жана тренери катары 2001-2005-жылдары кызмат өтөгөн.     
    2001-2008-жылдары Кыргыз республикасынын Президентинин иш башкармалыгы алдындагы  «Манас» Президенттик камералык оркестринин алгачкы директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул багытта мамлекеттик дэңгээлдеги иш-чаралардын маданий бөлүгүнүн активдүү катышуучусу катары белгилүү.    2005-жылы Сырдыбаева Р.М. белгилүү өнөрпоздор менен бирдикте «Устаташкирт» аттуу коомдук биримдик түзүп, бүгүнкү күндө улуттук жана эл аралык аренада кыргыздын салтуу музыкасын жаштарга пропагандалоо жаатында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жатат. Долбоордун жалпы катышуучуларынын саны 10 000 окуучудан ашкан бул иш-аракеттер жаштардын жалпы маданий жана эститикалык тарбиясын кеңейтүүгө багытталган.  
    2015-жылы Сырдыбаева илимий чөйрөгө кайрадан кайрылып, «Поэтика прозы Чингиза Айтматова в свете мультикультурных взаимосвязей» аттуу кандидаттык диссертациясын академик А. Акматалиевдин жетекчилиги астында жактаган (Шифр 10.01.01 – кыргыз адабияты). Илимий оппоненттери ф.и.д. Үкүбаева Л. жана ф.и.к. Койчуев Б.Т.
2016-жылдан бери Сырдыбаева Р.М. УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас, фольклор жана акындар чыгармачылыгы» бөлүмүнүн ага илимий кызматкери болуп эмгектенет.
    Сырдыбаева Разия Мадылбековна эки монографиянын автору: «Чингиз Айтматов и музыкальное искусство (2013) жана «Поэтика прозы Чингиза Айтматова в свете мультикультурных взаимосвязей» (2017).
Мындан тышкары «Культура, литература, театр, музыка, кинематограф, изобразительное искусство» (2014) аттуу  терминологиялык сөздүктүн соавтору, «Салыштырма адабият таануу илиминин проблемалары» аттуу окуу-методикалык колдонмонун соватору (2019).   
Сырдыбаева ТАИнин «Эл адабияты» сериясында жарык көргөн «Элдик оюндар, күү ырлары жана күү баяндары» (2017) жана «Чет элдик кыргыздардын элдик ооз эки чыгармачылыгы» (2017) аттуу китептердин түзүүчүсү, «Айтматов энциклопедиясы» аттуу 3-томдук басылманын редколлегия мүчөсү жана «Айтматов жана музыка» темасы боюнча бир катар макалалардын автору.  Институт жана бөлүмдүн коомдук иш-чараларынын жигердүү катышуучусу.  
    2020-жылы Ч. Айтматов атындагы ТАИу чыгарган «Манас. Сборник документов» аттуу барандуу жыйнактын редколлегиясы жана түзүүчүлөрүнүн катарында Сырдыбаева китептин жарык көрүшүнө активдүү катышкан. Аты аталган Институт тарабынан даярдалган «Чынгыз Айтматов. Энциклопедия» аттуу 3 томдук басылманын редколлегия мүчөсү жана түзүүчү катары Айтматовдун чыгармачылыгынын музыка менен байланышы тууралуу бир нече көлөмдүү макала жана ондогон терминдер боюнча түшүнүктөрдүн автору.   
Учурда Сырдыбаева фольклористика багытында докторлук диссертациясы үстүндө эмгектенүүдө жана Институт тарабынан даярдалып жаткан «Мифтик сөздүк» аттуу фундаменталдык эмгектин түзүүчү жана авторлорунун бири.  
Сырдыбаеванын 40дан ашуун илимий макалалары Кыргызстанда жана чет өлкөдө жарык көргөн. Ондогон республикалык жана эл аралык илимий, илимий-практикалык конференциялардын активдүү катышуучусу. Ал редактор жана түзүүчү-редактор катары бир нече монография, окуу-методикалык басылмалар аркылуу да белгилүү: Г. Байсабаеванын «Эпос “Манас” в контексте музыкальной культуры кыргызов»(2014), Е. Лузанованын «Киноискусство в Кыргызстане»(2016), «Балдардын УМТУЛ тармактык театры» (2014) ж.б.
Сырдыбаева журналист, искусство таануучу, музыка таануучу, арт-менеджер, продюсер, адабият таануучу, фольклорист катары бир нече эл аралык долбоорлордун катышуучусу жана уюштуруучусу болуп Германия, АКШ, Франция, Улуу Британия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кытай, Түштүк Корея, Финляндия, Португалия, Түркия, Россия өлкөлөрүндөгү иш-чараларга катышкан.
Президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Манас» камералык оркестринин алгачкы директору жана уюштуруучусу(2001-2008), «Кыргызстан обондору» аттуу кыргыз тилдүү музыкалык-маалымат радиостанциясынын биринчи башкы редактору жана программалык директору (1999-2003), жаңы форматтагы радио-диджейлердин жана журналисттердин тунгуч устаты:  Назгүл Жамгырчиева, Арстанбек Абдыманов, Тынчтыкбек Кожобеков, Лилия Абдыбаитова, Медер Осмоналиев жбус.
    М. Абдраев атындагы Атайын музыкалык орто мектеп-интернаттын мугалими (1991-1998)жана К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын ага окутуучусу катары (1998-2007) тарбиялаган, лекция жана семинардык курстарды өткөн айрым шакирттери:
  
    Жамиля Раимбекова, Заира Раимбекова, Марина Шипулина, Азамат Отунчиев, Акыл Касаболотов, Татьяна Лапшина, Виктория Чеботарева, Кенже Кубатова, Асель Бекбаева, Наргиза Курманова, Залина Касымова, Дуйшенбек уулу Закирбек, Аскат Мусабеков, Токтобек Асаналиев, Чырмаш Торобеков, Токтогул Рысалиев, Айбек Асангазиев, Эрлан Барманбаев, Гречко Евгений, Добулбекова Айбарчын, Аскарова Чинара, Бакчиев Элдияр, Садыкова Венера, Алишерова Гулбарчын, Качкынбек кызы Айнура, Добулбекова Баян, Омурбаев Нур, Маматьярова Рахима, Мухамедова Саяра, Лещев Антон, Донис Александр, Токтошева Гулнур, Кулубеков Азамат, Кучкарова Светлана, Батурина Юлия, Абдылдаев Талант, Серкебаев Нурбек, Серкебаев Адилет, Суранчиева Гулзинат, Таштаналиева Кундуз, Атилов Айназар, Бердикулова Айнур, Бутенко Данил, Бутенко Денис, Бутенко Захар, Омуркулов Руслан, Жакыпбеков Нусубалы, Раймалиева Гульнара, Сагыналиев Мурадил, Корпобаева Мунара, Ташибаева Наргиза, Мурзабаев Медер, Токталиева Алия, Изаков Эмиль….  


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019