МУРАТБЕК КАСЕЙ

Музыка таануучу. Маданият таануу илимдеринин кандидаты (2021). 1959-жылы 8-январда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна  караштуу Боз-Учук айылында туулган. 1976-жылы Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты аяктагандан кийин, Ы. Туманов атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына, эл аспаптар бөлүмүнө окууга кирет.
1977-1979-жылдары Советтик Аскерде кызматын өтөйт. Аскердик кызматынан кийин музыкалык окуу жайда окуусун улантат. Окуу жайдын 4-курсунда окуу менен бирге, мугалимдик ишмердүүлүгү ушул эле окуу жайда башталат (1982-1983). 1983-жылы аталган окуу жайын бүтүрүп, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна кирип, эл аспаптар бөлүмүндө окуйт. Институттун акыркы курсунда, Токтогул атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы уюшулган “Камбаркан” фольклордук ансамблинде эмгек жолу уланат. Кыргыз филармониясында артистик өнөрү менен катар, жалпы билим берүү мектебинде, аны менен бирге, И. Арабаев атындагы КМПУде, Б. Бейшеналиева атындагы КГИИде окутуучу катары эмгектенет.
1998-жылдан баштап Кыргыз .улуттук консерваториясында окутуучулук ишмердүүлүгү уланат. 2004-2007-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясында “Элдик ырдоо” боюнча билим алып, адистикке ээ болот. 2005-жылы ага окутуучу, 2010-жылы эл аспаптар кафедрасынын доценти. 2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын УИАнын маданият таануу бөлүмүндө изденүүчү катары эмгектенип (жетекчиси искусство таануу илимдеринин доктору К. Ш. Дүйшалиев), 2021-жылы “Элдик салттуу музыкалык аткаруучулук өнөрү Кыргызстандын маданият системасында” аттуу темада кандидаттык диссертациясын жактайт. Бүгүнкү күнү Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги Оркестр дирижерлугу кафедрасынын доценти, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын элдик ырдоо классы боюнча окутуучу.
КРнын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин Ардак грамотасына (2018), КРнын маданиятынын мыкты кызматкери төш белгисине ээ (2019). 
Учурда, Муратбек Касей кыргыз элдик салттуу музыкасы изилдөөсүн улантууда. Мезгил-мезгили менен, анын окуу китептери, монографиялары, илимий макалалары басмадан жарык көрүүдө. Балдар үчүн 100дөн ашык обондордун жана комуз үчүн күүлөрүнүн, 100гө жакын илимий эмгектердин автору. Алардын ичинде жалпы билим берүү мектептери үчүн 12 окуу китеби, музыка мугалимдери үчүн 3 усулдук куралы, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн 3 окуу китеби, 3 окуу куралы бар.
2021-жылдан бери КРнын композиторлор Союзунун мүчөсү.
I. ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕРИ
 “Оркестр дирижерлугу”, “Оркестрдин партитурасын окуу”, “Спец. инструмент комуз”, “Ырдоо үнүн коюу”  курстары жекече сабактар, “Элдик аспатарда окутуунун методикасы”, “Оркестрдик адабият” лекциялык сабактар өткөрүлөт. Аталган курстар боюнча консультациялар, практикалык иштер, экзамендер, зачеттор жүргүзүлөт.
Жалпы билим берүү мектептери жана музыкалык орто жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу программалары жана усулдук колдонмолору:
1. Комуз ийрими боюнча окуу программасы (К.Жекшенов менен бирге), Тип. КСХИ, Б.; 1993-ж. 1,5 басма табак.
2. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты. «Музыка». (Н. Ниязова, Ж. Дүйшеналиевдер менен бирге) КББА. Б.; 2006-ж.;
3. Орто мектептеги башталгыч (1-4) класстарынын «Музыка» сабагы боюнча окуу программасы. «Билим» басмасы. Б.; 2013,
4. Орто мектептердеги жогорку (5-7) класстарынын «Музыка» сабагы боюнча окуу программасы. «Билим» басмасы. Б.; 2014.
5. Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнүн тарыхы курсу боюнча программа. «Дастан» басмасы, Б.; 2014.
6. Кыргыз элдик ырчылык аткаруучулук өнөрүнүн тарыхы курсу боюнча программа. «Дастан» басмасы, Б.; 2014. 
7. Кыргыз элдик аспатык аткаруучулук өнөрүнө окутуунун усулу курсу боюнча окуу программа. «Дастан» басмасы, Б.; 2014.
8 Кыргыз элдик ырчылык аткаруучулук өнөрүнө окутуунун усулу курсу боюнча окуу программа. «Дастан» басмасы, Б.; 2014.
9. Аспап таануу (инструментоведение) курсу боюнча окуу программа. «Дастан» басмасы, Б.; 2014.
10. Педагогикалык адисттикке даярдоо (Спец. пед. подготовка) курсу боюнча окуу прграммасы, КР ММ. КУК, 2014.
11. Фольклордук ансамбль. Окуу программасы. КР ММ. КУК, 2014.
12. Вокалдык ансамбль. Окуу программасы. КР ММ. КУК, 2014.
13. Элдик ыр-күүлөрдү ноталаштыруу (Расшифровка народных песен и күү). Окуу программа. КР ММ. КУК, 2014.
14. Элдик жекече ырдоо (эки жылдык даярдоо курсу). Окуу программасы. КР ММ. КУК. Б.: 2014.
15. Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнө окутуунун усулу. Асисстенттик стажерлор үчүн). КР ММ. КУК, 2014.
16. Оркестр адабияты курсу боюнча окуу программасы. КР ММ. Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы.
17. Элдик аспаптарда ойноого окутуунун методикасы курсу боюнча окуу программасы. КР ММ. Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы, 2020.
18. Ырдоо үнүн коюу (Постановка голоса) курсу боюнча окуу программасы. КР ММ. Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы, 2020.
19. Аспап таануу курсу боюнча окуу программасы. КР ММ. Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы, 2020.
20. Музыкалык тарбия берүүнүн методикасы курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
21. Элдик ырларды расшифровкалоо курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
22. Музыкалык психология курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
23. Ырдоо үнүн чыгаруу аппаратынын түзүлүшү курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
25. Вокалдык ансамбль курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
26. Кыргыз фольклордук музыкасы курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
27. Кыргыз элдик ырчылык аткаруучулук өнөрүнүн тарыхы курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
28. Элдик жекече ырдоо курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
29. Элдик ырларды аранжировкалоо курсу боюнча окуу программасы. М.Күрөңкеев атындагы КММОЖ, Элдик ырдоо бөлүмү, 2021.
II. ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕРИ

Окуу китептери,  усулдук окуу куралдары жана хрестоматиялары:

1. Балдар обондору комузда. Комуз үчүн усулдук колдонмолор жана иштелмелер. PRO-ART. Б.;1999.
2. Комуз жана фортепиано үчүн чыгармалар жыйнагы. Комуз жана фортепиано үчүн чыгармалар. PRO-ART. Б.;1999.
3. Мекен таануу мазыкада. «Музыка» предмети боюнча, башталгыч класстар (1-4) кошумча окуу куралы. «Кыргызстан» басмасы, Б.; 2008.
4. Орто мектептин 2-классы үчүн «Музыка» сабагы боюнча окуу китеби (кыргызча, орусча, өзбекче, соавторлор К. Шамбетова, А. Шакирова, Ж. Дүйшөналиев). Тип. КМДСИ, Б.; 2012.
5. Орто мектептин 2-классынын «Музыка» сабагы боюнча мугалимдер үчүн усулдук куралы жана хрестоматиясы (кыргызча, орусча, өзбекче, соавторлор К. Шамбетова, А. Шакирова, Ж. Дүйшөналиев). Тип. КМДСИ, Б.; 2012.
6. Орто мектептин 3-классы үчүн «Музыка» сабагы боюнча окуу китеби (кыргызча, орусча, өзбекче, соавторлор К. Шамбетова, А. Шакирова). Изд. «Билим компьютер» и «Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси. Б.; 2014.
7. Орто мектептин 3-классынын «Музыка» сабагы боюнча мугалимдер үчүн усулдук куралы жана хрестоматиясы (кыргызча, орусча, өзбекче, соавторлор К. Шамбетова, А. Шакирова). Изд. «Билим компьютер» и «Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси. Б.; 2014.
8. Орто мектептин 4-классы үчүн «Музыка» сабагы боюнча окуу китеби (кыргызча, орусча, өзбекче, соавторлор К. Шамбетова, А. Шакирова). «Билим компьютер» жана «St. ART» басмасы. Б.; 2016.
9. Орто мектептин 4-классынын «Музыка» сабагы боюнча мугалимдер үчүн усулдук куралы жана хрестоматиясы (кыргызча, орусча, өзбекче, соавторлор К. Шамбетова, А. Шакирова). «Билим компьютер» жана «St. ART» басмасы. Б.; 2016.
10. «Балдар ыры». Хрестоматия жана усулдук колдонмо. Орто мектептин башталгыч класстары (1-4) класстары жана БММ үчүн. «Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси. Б.; 2014.
11. «Балдар ыры». Хрестоматия жана усулдук колдонмо. Орто мектептин жогорку класстары (5-7) класстары жана БММ үчүн. «Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси. Б.; 2014.
12. Хрестоматия (комуз боюнча усулдук колдонмолор, көнүгүүлөр, обон күүлөр, күүлөр). Орто мектептин жана БММдин окуучулары үчүн. «Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси. Б.; 2014.
13. Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнүн тарыхы. Окуу китеби (музыкалык орто жана жогорку окуу жайлары үчүн). ЖИ «Сарыбаев Т.Т.» басмасы Б.; 2015.
14. Кыргыз элдик ырчылык аткаруучук өнөрүнө окутуунун усулу. Окуу куралы (музыкалык орто жана жогорку окуу жайлары үчүн). ЖИ «Сарыбаев Т.Т.» басмасы. Б.; 2015.
15. Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнө окутуунун усулу. Окуу куралы (музыкалык орто жана жогорку окуу жайлары үчүн). ЖИ «Сарыбаев Т.Т.» басмасы. Б.; 2015.
16. Кыргыз элдик ырчылык аткаруучулук өнөрүнүн тарыхы. Окуу китеби (музыкалык орто жана жогорку окуу жайлары үчүн). ОсОО “Полиграфбумресурсы” басмаканасы. Б.; 2016.
17. Аспап таануу (Инструментоведение). Окуу китеби (музыкалык орто жана жогорку окуу жайлары үчүн). ОсОО “Полиграфбумресурсы” басмаканасы. Б.; 2016.
18. Кыргыз эл ырлары: өздөштүрүү, сактоо жана өнүктүрүү маселелери. Окуу куралы. КР ММ. Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы, 2021 (кол жазма).
19. Кыргыз элдик ырчы-акындык аткаруучулук өнөр: музыка таануучулук аспект (тарыхый-маданият таануучулук изилдөө). КР УИА А.А.Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институту. Маданият жана искусство таануу бөлүмү, 2021 (кол жазма).
20. Кыргыз элдик салттуу музыкалык аткаруучулук өнөрү маданият контекстинде. КР УИА А.А.Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институту. Маданият жана искусство таануу бөлүмү, 2021 (кол жазма).

Илимий макалалары:
1. Жарым кашык музыка («Кут билим» гезити, № 5, 11.02.1998-ж.);
2. Музыка жана ыйман («Эл агартуу»  журналы, № 7-8. Б.; 1999-ж.);
3.  Балдар обондору комузда. Балдар обондору комузда (комуз үчүн усулдук колдонмолор жана иштелмелер) китебинде. PRO-ART басмасы. Б.;1999;
4. Балдардын жашоосунда музыкалык тарбиянын ролу. (И. Арабаев ат. КГПУ. Илимий эмгектер жыйнагы. 4-чыг. Б.; 2000-ж.);
5. Кыргыз элдик музыкалык аспаптарынын жаралыш тарыхынан. (Салттык музыка: тарыхы, сактоо жана өнүктүрүү маселелери. Эл аралык семинардын жыйнагы. КУК., Б.; 2004-ж.)
6. Жаш өспүрүмдөргө музыкалык тарбия берүүнүн маселелери. («КББА (Кыргыз Билим Берүү Академия) кабарлары» журналы № 1. Б.; 2005-ж.).
7. Таланттуу дирижер-педагог. (Т. Томотоевдин «Комузда аккорддук үндөрдүн жайгашуу таблицасы» китебинде. Тип. «Басма тамга» басмаканасы. Б.; 2009-ж.);
8. «Аткаруучулуктун салттуулугу». «Кыргыз тили» гезити № 7-8 (24-25). Б.; 2009.
9. «Гимнди кантип ырдайбыз?» Орто мектепте Кыргыз Республикасынын Гимнин үйрөтүү боюнча усулдук колдонмо. «Кут билим» гезити № 41 (10595) Б.; 2014.;
10. Кенже балдардын ырдоо үнү. «Балдар ыры» башталгыч класстар (1-4) үчүн хрестоматиясында. Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
11. Ырчы-окуучунун гигиенасы жана эреже тартиптери. «Балдар ыры» башталгыч класстар (1-4) үчүн хрестоматиясында. Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
12. Балдардын ырдоо үнү. «Балдар ыры» жогорку класстар (5-7) үчүн хрестоматиясында. Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
13.  Жекече ырдоо боюнча сабак өтүүнүн ыкмалары. «Балдар ыры» жогорку класстар (5-7) үчүн хрестоматиясында. Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
14.  Ырдоо көнүгүүлөрүнүн үстүңдө иштөө. «Балдар ыры» жогорку класстар (5-7) үчүн хрестоматиясында. Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
15.  Ырчы-окуучуну сахналык маданиятка тарбиялоо. «Балдар ыры» жогорку класстар (5-7) үчүн хрестоматиясында. Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
16. Комуз аспабы, баштапкы толгоолору, тоомдору, аппликатуралары жана ойноо ыкмалары. Хрестоматияда (комуз көнүгүүлөрү, обон күүлөр, күүлөр). Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
17.  Аспапта ойноого окутуунун баштапкы сабактары. Хрестоматияда (комуз көнүгүүлөрү, обон күүлөр, күүлөр). Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
18. Аспаптык аткаруучулук чеберчиликти өнүктүрүүдөгү кээ бир маселелер. Хрестоматияда (комуз көнүгүүлөрү, обон күүлөр, күүлөр). Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
19. Аспаптык репертуарды тандоо жана анын үстүндө иштөө. Хрестоматияда (комуз көнүгүүлөрү, обон күүлөр, күүлөр). Принт Экспресс» басма-полиграфкомплекси, Б.; 2014.
20. Дүйшалиев жана фольклордук музыка. «Улуу музыкалык мурас жолун билүү: искусство таануу илимдеринин доктору, профессор К. Дүйшалиев» китебинде. Түзгөн-автор Ж. Маматова. «Принт Экспресс» басмасы. Б.;2014.
21. Саякбайдын айтуучулук касиети. Саякбайдын 150-жылдыгына карата, «XX кылымдын Гомери – улуу манасчы Саякбай Каралаев» Республикалык илимий-практикалык конференциясы жыйнагында. Б.; Б.; 2014.
22. Репертуар – аспаптык аткаруучулукка тарбиялоонун негизиги каражаты катары. «И. Арабаев ат. КМУнун жарчысы» илимий журналы. Б.; 2014.;
23. Жаш муундарды ырдоого окутуунун баштапкы сабактары боюнча кээ бир маселелер. «И. Арабаев ат. КМУнин жарчысы» илимий журналы. Б.; 2014.;
24. Песенное творчество кыргызов: народная бытовая песня.  Материалы Второй международной научно-практической конференции «Традиционная культура и современное образование: проблемы, традиции, инновации (Абакан, 23-24 октября 2014г.). Тип. ФГБОУ ВПО “Хакасский Государственный университет им. Н. Ф. Катанова”. Абакан, 2014.
25. «Залкар обончу-композитор Ж. Шералиевдин чыгармачылыгындагы балдар темасы». Ж. Шералинвдин 100-жылдык мааракесине карата илимий-практикалык конференциясынын материалдары. «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. Б.; 2015.
26. «Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнүн булактарынан». Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. Б.; 2015.
27. «Кыргы элдик ырчы-акындык аткаруучулук өнөрүнүн устат-шакирттик салттуу жолу менен өнүгүшү». Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. Б.; 2015.
28. Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнүн XIX кылымга чейинки мезгилдеги өнүгүү жолу. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
29. Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрү XIX кылымда. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
30. XX кылым ичиндеги кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнө окутуу жолу. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
31. Аспаптык ансамблдик аткаруучулуктагы кээ бир маселелер. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
32. Кыргыз элдик аспаптарында ойноого окутуу билим берүү системасында. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
33. Ырчы-студентти тарбиялоодогу устаттын негизги маселелери. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
34. Кыргыз элдик ырчы-акындык өнөрүнүн үч багытта өсүп-өнүгүшү. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
35. XIX кылымга чейинки мезгилдеги кыргыз элдик ырчы-акындык өнөрүнүн өнүгүү жолунан. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
36. XIX кылымдагы элдик ырчы-акындык өнөрүнүн өнүгүү жолунан. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
37. Элдик ырчы-акындык аткаруучулук өнөрүнүн XX кылымдын биринчи жарымындагы (1917-1960) өнүгүшүнөн. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
 38. Элдик ырчы-акындык аткаруучулук мектебинин салттык жолунда окутуунун усулдук негизи бүгүнкү күндө. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
39. Манас темасы кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгында. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
40. Кыргыз композиторлордун чыгармачылыгында элдик музыканын колдонулушу. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
41. Залкар ырчы-обончу Р. Абдыкадыровдун чыгармачылыгындагы аткаруучулуктун салттуулугу. “Наука, новые технологии и иновации кыргызстана”  Республикалык илимий-теориялык журналы № 9. Б.: “Илимий журналдар жана балдар көркөм адабияты” басмасы. 2014.
42. Башталгыч класстардын окуучуларына музыкалык тарбия берүүнүн негиздери. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
43. Песенное творчество кыргызов:  творчество кыргызских акынов-импровизаторов. В сб. Материалы Медународной научно-практической конференции. Традицирнная культура и современное образование: проблемы, традиции, инновации. Изд. ФГБОУ ВПО “Хакасский Государственный университет им. Н. Ф. Катанова”. Абакан, 2016.
44. Башталгыч класстардын окуучуларына музыкалык тарбия берүүнүн негизги ыкмалары. Муратбек Касей: Изилдөөлөр, макалалар, материалдар. Ред.-түз. Д. Алсаитова. Б., “Maxprint” басмасы, 2015.
45. «Кыргыз элдик ырчы-акындык аткаруучулук өнөрүнүн булактарынан». Б. Бейшеналиеванын 90 жылдык мааракесине арналган Эл аралык илимий-практикалык конференциясы. Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. Б.; 21-23-февраль, 2016.
46. «Бүгүнкү күндө устат-шакирттик салттуу жолу, элдик аспаптарда ойноого окутуунун негизи катары». Б. Бейшеналиеванын 90 жылдык мааракесине арналган Эл аралык илимий-практикалык конференциясы. Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. Б.; 21-23-февраль, 2016.
47. Улуулардын учугун улаган өнөр. В сб. “Кыргызстан аялдары: бүгүнкү күнү жана келечеги”. Тарых жана маданият жылына, Ататүрк-Алатоо университетинин 20 жылдыгына жана КРнын аялдар Конгрессинин 23 жылдыгына карата, II Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясы. Б.: 2016.
48. Элдик ырчы-обончулук өнөрүнүн өнүгүү жолундагы жаңы багыт. Р. Абдыкадыровдун 75 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференциясы. Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. Б.; 18.11.2016.
49. Композитор Акимжан Жээнбай жана фольклордук музыка. Композитор А. Жээнбайдын 70 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференциясы. Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. Б.; 23.11.2016.
50. Кыргыз элдик музыкалык аткаруучулук маданиятынын өнүгүүсүнүн салттуулугу. “Наука, новые технологии и иновации Кыргызстана”  Республикалык илимий-теориялык журналы № 9. Б.: “Илимий журналдар жана балдар көркөм адабияты” басмасы. 2016.
51. Манас дүйнөсү жана “Манас” айтуучулуктун өзүнө гана мүнөздүү касиети. “Наука, новые технологии и иновации Кыргызстана”  Республикалык илимий-теориялык журналы № 10. Б.: “Илимий журналдар жана балдар көркөм адабияты” басмасы. 2016.
52.Музыкалык аткаруучулук өнөр – маданияттын маанилүү тармактарынын бири катары. “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. Научный журнал, № 2, 2017.
53. Кыргыз элдик ырчы-обончулук аткаруучулук маданиятынын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү. Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары. Илимий-теориялык журналы № 2 (42), 2017.
54. Кыргыз салттуу музыкалык аткаруучулук маданиятынын өзүнө мүнөздүү белгилери. Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары. Илимий-теориялык журналы № 2 (42), 2017.
55. Кыргыз элдик музыкалык аткаруучулук маданиятынын тарыхый өнүгүүсүнүн маанилүүлүгү. Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары. Илимий-теориялык журналы № 1 (44), 2018.
56. Кыргыз элдик салттуу музыкалык аткаруучулук өнөрү маданият контекстинде. Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары. Илимий-теориялык журналы № 1 (44), 2018.
57. Кыргыз элдик ырчы-обончулук аткаруучулук өнөрүнүн өнүгүүсүнүн салттуулугу. “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. Научный журнал, № 2, 2018.
58. Төкмө-акындардын чыгармачылыгындагы “айтыш” жанрынын өзгөчөлүктөрү. “Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. Научный журнал, № 2, 2018.
59. Сайра Кийизбаеванын чыгармачыл-аткаруучулук мурасы кыргыз искусствосунун өнүгүүсүнүн булагы катары. Б. Бейшеналиева атн. КММИУнин “Маданият жана искусстов жарчысы”. Илимий-теориялык журнал, № 6, 2018.
60. Акындардын “айтыш” өнорүндөгү төкмөлүктүн салттуулугу. Б. Бейшеналиева атн. КММИУнин “Маданият жана искусстов жарчысы”. Илимий-теориялык журнал, № 6, 2018.
61. Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы музыкалуулук көркөм образдуулуктун негизи катары. Б. Бейшеналиева атн. КММИУнин “Маданият жана искусстов жарчысы”. Илимий-теориялык журнал, № 7, 2018.
62. Фольклордук тематизм композитор Н. Давлесовдун ыр чыгармачылыгынын негизи катары. Б. Бейшеналиева атн. КММИУнин “Маданият жана искусстов жарчысы”. Илимий-теориялык журнал, № 8, 2019.
63. Композитор Н. Давлесовдун чыгармачылыгындагы фольклор менен заманбап музыканын байланыш өзгөчөлүктөрү. КРнын Композиторлор Союзу. Илимий-популярдуу журнал № 2/2019.
64. Композитор К. Молдобасановдун аспаптык чыгармалары жана алардын психологиялык-педагогикалык маанилүүлүгү. Б. Бейшеналиева атн. КММИУнин “Маданият жана искусстов жарчысы”. Илимий-теориялык журнал, № 9, 2019.
65. К. Молдобасановдун “Ирмем” фортепианолук цикнин көркөм баалуулугу жана педагогикалык тажрыйбадагы маанилүүлүгү. Б. Бейшеналиева атн. КММИУнин “Маданият жана искусстов жарчысы”. Илимий-теориялык журнал, № 9, 2019.
66. Комузчулук аткаруучулук маданиятына мүнөздүү өзгөчүлүктөр. Б. Бейшеналиева атн. КММИУнин “Маданият жана искусстов жарчысы”. Илимий-теориялык журнал, № 9, 2019.
67. Кыргызские музыкальные инструменты как носители национальной культуры народа. Россия. Научно-теоретический журнал “Наука, образование и культура” № 9 (53), Москва, 2020.
68. Кыргызские народно-певческое исполнительство и пути его сохранения и развития. Россия. Научно-теоретический журнал “Наука, образование и культура” № 10 (54), Москва, 2020.
69. Профессор Өзбек Абдылдаевдин педагогикалык жана чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү. Б.Бейшеналиева атн. КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы (Кол жазма, бамага даярдалууда).
70. Профессор Тентимиш Мураталиевдин көп кырдуу ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү. Б.Бейшеналиева атн. КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы (Кол жазма, бамага даярдалууда).
71. Кыргыз элдик музыкалык аткаруучулук өнөрү маданияттын очогу катары. Б.Бейшеналиева атн. КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы (Кол жазма, бамага даярдалууда).
72. Элдик ырларды окуп-өздөштүрүү процессинде студенттин чыгармачыл ишмердүүлүгү. Б.Бейшеналиева атн. КММИУ, Оркестр дирижерлугу кафедрасы. (Кол жазма, бамага даярдалууда).
2.2. Чет элдик илимий журналдарда жана жыйнактарда:
73. О характерных чертах комузного исполнительского искусства. Universum: филология и искусствоведение. Россия. Научный журнал № 6 (40), Москва, 2017.
74. Особенность исторического развития Кыргызского народно-певческого исполнительского искусства. Научно-методический журнал “Проблемы науки”, № 8/32, Москва, 2018.
75. О значении исторического развития музыкально-исполнительской культуры кыргызов. Искусство маком и его роль в мировой цивилизации: материалы Международной научно-практической конференции (6-7 сентября 2018 г. Узбекстан). – Ташкент, 2018.
76. Манасчи-сказитель как носитель кыргызской музыкально-поэтической культуры. Традиционная культура и современное образование: проблемы, традиции, инновации: материалы IV Международной научно-практической конференции (Абакан, 18-19 октября 2018 г.). – Абакан: изд. ФГБОУ ВО Хакасский гос. Унив. Им. Н.Ф. Катанова, 2018.
77. Из истории кыргызской народной музыки. В кн.: Турецкий Музыкальный Атлас. Т 2. Музыка в Трецком мире.Составители и редакторы: Ülker Guzel, Фейзан Гехер Вурал, Тимур Вурал. – Анкара, 2019.
Библиография:
1. Алсаитова Д. М. Касейдин чыгармачылыгындагы балдар темасы. Журнал «Известия Вузов». № 5. Б.; 2014.
2. Алсаитова Д. Тажрыйбалуу устат – көп кырдуу талант.  Журнал «Известия Вузов». № 7. Б.; 2014.
3. Айсаев Ж. Муратбек Касей – тажрыйбалуу устат. Б.; Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. 2015.
4. Жумакунов Р. Муратбек Касей жана балдар оркестри. Журнал «Известия Вузов». № 5. Б.; 2014.
5. Курмангалиев Ж. Муратбек Ксейдин музыкалык билим берүүдөгү орду. Б.; Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. 2015.
6. Молдобакиров З. Муратбек Касейдин чыгармаларындагы бий мүнөздүүлүк. Б.; Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. 2015.
7. Тагаева М. К. Детские пьесы для фортепиано на темы Муратбека Касей. Б.; Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы. 2015.
8. Тиленчиев К. Тажрыйбалуу педагог жана музыка таануучу. Журнал «Известия Вузов». № 3. Б.; 2014.
9. Турумбаева Ч. М. М. Касейдин элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы. Журнал «Известия Вузов». № 4. Б.; 2014.
10. Корпобаева М. Чыгармачыл инсандын балдарга арнаган ырларына музыкалык анализ. Б.; Б. Бейшеналиева ат. КММИУнун «Маданият жана искусство жарчысы» илимий журналы, 2015.
Нотография:
 1. Обондуу ырлары («Балдар ыры» Хрестоматиясында, 1-4-класстар үчүн): «Мектебим», «Мен окуучу баламын», «Окуу менин тилегим», «Алиппем», «Алиппенин майрамы», «Апалардын майрамы», «Жаңы жылды тосолу», «Кышкы каникул», «Кыш чилдеси», «Кел, Ноорузум!», «Чоң атанын жомогу», «Ата – Мекен», «Жеңиш күнү» ж. б. 65 обондуу ырлар.
2. Обондуу ырлары («Балдар ыры» Хрестоматиясында (5-7-класстар үчүн):«Улуу – Тоолук балдарбыз», «Ар мектепте жаңы жылдык салтанат», «Биздин айыл балдары», «Ар өнөрлүү балдарбыз», «Ала – Тоом», «Комузум», «Улуу биздин элибиз», «Жергеси кыргыз мурасым» ж. б. 55 обондуу ырлар.
3. Комуз көнүгүүлөрү, обон күүлөрү, күүлөрү (комуз үчүн Хрестоматиясында): «Көпөлөк», «Селкинчек», «Бешикте», «Мен окуучу», «Насыят», «Бийлейли», «Кичинекей комузчу», «Чон атанын жомогу», «Тилегим», «Шайыр комузчу», «Бий күү», «Эски бий», «Кыял күү», «Арман күү», «Кербез», «Шыңгырама», «Үч кайрык» ж. б. 50дөн ашык.

III. ШАКИРТТЕРИ - ЛАУРЕАТТАРЫ

Кыштообаев Максат – Б. Бейшеналиева атындагы КММИ университетинин Фольклордук музыка кафедрасынын окутуучусу.
2013-ж. «Жылдыздар жансын» аттуу Кыргыз обондору радиосунун сынагында 1-орунга ээ болгон.
2013 – ж. Кыргыз коомдук радиосу аркылуу өткөрүлгөн «Таланттар таймашы» сынагынын жеңүүчүсү.
2014-ж. Ж. Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн Республикалык кароо-сынактын лауреаты (1-орун).
Маратов АсылбекЭл аралык жана республикалык кароо-сынактардын бир нече жолку лауреаты, “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы;
2013-ж. жаш акындар арасында «Жаш таңдай» айтышынын Республикалык кароо-сынагынын лауреаты (2-орун).
2014-ж. Ж. Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн Республикалык кароо-сынагынын лауреаты (баш байгеге).
Бейшенов Кадырбек – төкмө-акын.
2011 – жылы «Курманжан Датка элесине» арналган Республикалык айтыш кароо – сынагынын лауреаты (3-орун).
2013 – ж. Жаш акындар арасында «Жаш таңдай» айтышынын Республикалык кароо – сынагынын лауреаты (3-орун). 2014-ж. Ж. Шералиевдин 100 жылдык мааракесине арналган Республикалык кароо – сынакта 3 – орунга татыктуу болду.
Медетканов Бек – Б. Бейшеналиева атындагы КММИ университетинин Оркестр дирижерлугу кафедрасынын окутуучусу.
2015-жылы, Республикалык жогорку окуу жайлар арасындагы жаш таланттардын кароо-сынагынын лауреаты (1-орун).
2016-жылы, Москвада болуп өткөн “Звездная волна” Эл аралык кароо-сынагында элдик ырдоо багыты боюнча “Баш байге” (Гран При).
Матыбаев Темирбек – М. Күрөңкеев атындагы КММОЖнын 4-курсунун студенти.
2021-жылы Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган Эл аралык “Айтыш” кароо-сынагында 1-орун.
Абасбекова Аккыз – М. Күрөңкеев атындагы КММОЖнын 4-курсунун студенти.
2021-жылы Эл аралык “Дельфи оюндары” кароо-сынагында 3-орун.
Кыргыз коомдук радиосу боюнча музыкалык редактор Гүлмира Кулжабаева менен «Адистин пикири» берүүсүндөгү маектер:
- 16.02.10. Орто мектепте «Музыка» предметинин окуу программалары боюнча;
- 19.04.10.  А. В. Затаевичтин «Кыргызские инструментальные пиесы и напевы» китеби боюнча;
- 06.05.10. Б. Бейшенбиевдин «Комузда ойноо» окуу куралы Ф.;1973. боюнча;
- 13.05.10. Т. Медетов жана Б. Алагушевдин «Карамолдонун күүлөрү» китеби.
- 20. 05. 10. Р. Мадварованын «Темир комуз мектеби» китеби, Ф.; 1990.
- 27.05.10. Ч. Исабаева «Комуздун тандалма күүлөрү» китеби. Ф.; 1087.
- 03.06.10. Т. Томотоева «Комузда аккорддук үндөрдун жайгашуу таблицасы» китеби;
- 24. 06 10. В. Виноградовдун «Музыкальное наследие Токтогула» китеби;
- 24.07.10. В. Виноградова «Кыргызская народная музыка» китеби;
- 19.08.10. Кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүнө окутуу  музыкалык педагогикада;
- 26.08.10. Кыргыз элдик ырсчылык өнөрү бүгүнкү күндө.
- 02.09.10. «Муса Баетов» китеби (түз. А.Тыналиев);
- 09.09.10 В.Виноградовдун «Атай Огонбаев» аттуу китеби;
- 16.09.10. В.Виноградовдун «Муратаалы Куренкеев» аттуу китеби;
- 23.09.10. Мамлекеттик тил музыкалык педагогикада.
- 07.10.10. Кыргыз элдик музыкалык аспаптары кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгында;
- 25.11.10. «Нурактын күүлөрү» китеби (түз. М. Бердибекова);
- 02.12.10. Ы.Тумановдун «Күүлөр» китеби (түз. Б.Феферман);
- 23.12. 10. Орто мектепте «Музыка» предмети боюнча окуу куралдары;
- 13.01.11. Кыргыз элдик ырчылык ааткаруучулук өнөрү музыкалык педагогикада ж. б.


Союз Композиторов Кыргызской Республики
© 2019